Негизгиге Адамга адам тирек Айкерим Жайырбекова: Автордук күндөлүгүмдү сатып уулумдун операциясына акча чогултуп жатабыз

Айкерим Жайырбекова: Автордук күндөлүгүмдү сатып уулумдун операциясына акча чогултуп жатабыз

520

Айкерим Жайырбекова: «Автордук күндөлүгүмдү сатып уулумдун операциясына акча чогултуп жатабыз»

Бүгүнкү каарман мени өзүнүн эрктүүлүгү менен таң калтырды. Маңдайына жазылган тагдырга баш ийип, моюн сунуп отуруп калбай, тескерисинче аларга каршы чыгып, жыйынтыгында өзү ойлогондон дагы чоң жеңиштерге жетишип келатканын айтат. Өзүнүн автордук күндөлүгүн чыгарып сатып, бир чети адамдарга пайда келтирип жатса, экинчиден, сатыктан түшкөн каражатты уулунун жаз айларында жасалчу операциясына чогултуп жаткан учуру…

«Кызым да, уулум да жүрөк кемтиги менен төрөлүштү»

Жолдошум экөөбүз 2015-жылы баш кошконбуз. Бул аралыкта биз бир кыз, бир уулдуу болдук. Бирок жашоодо жакшы күндөр менен бирге бир катар сыноолор дагы берилет экен. Балдарымдын улуусу Мариямга азыр 3 жаш 8 ай болду. Ал эми уулум Амирхан 1,5 жашка толду. Экөө тең тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлүштү. Биздин кардиохирургдарга кайрылганыбызда «колубуздан келбейт» деп кызыма операция жасоодон баш тартышкан. Анан украиналык кардиохирургдар менен сүйлөшүп, операция жасалчу убакытты айтканда биз каражатыбызды дайындап алып дароо учуп кеткен элек. Кызым эки жолу операция болуп, болжол менен 25 миң доллардай акча каражаты сарпталган. Кайрымдуулук фонддорго кайрылып, кайрымдуулук концерттерин уюштуруп жатып жыйынтыгында Кудай буюруп, тиешелүү сумманы чогулта алганбыз. Бирок ал акча абдан кыйынчылыктар менен чогулду. Ошол учурларда жолдошум дагы сокур ичеги болуп жумушунан чыгууга аргасыз болгон. Каражаттын жетишпестигинен мечиттердин астында кайыр сураган дагы күндөр болду. Ошентип жүрүп акыры эки жолку оор операциянын чыгымын жаап, кызымды айыктырып алганыбызга абдан сүйүнөм…

«Максатка карай бир кадам…»

Дал ушул окуядан соң менде жашоого болгон сүйүү, ишеним пайда болду. «Демек, адам аракет кылса, сөзсүз берекесин берет экен» деген ой менин демиме дем, шыгыма шык берип, дагы да алдыга сүрөп турду. Ушундан соң адамга мотивация берүүчү, өстүрчү тренингдерге катышып сабак ала баштадым. Ушул аралыкта уулум төрөлдү. Эмнегедир ал дагы жүрөгүндө кемтиги менен жарыкка келди. Башында абдан жаман абалда болуп жүрдүм. «Эмне себептен мен? Эмне себептен менин балдарым, менин үй-бүлөм ушундай күнгө туш келди?» деп. Бирок мындай оор учурда дагы өзүмдү таштап сала алган жокмун. Таштап салууга акым жок эле. Анткени балдарымды жарыкка алып келдимби, демек, алардын жаркын келечегин түзүп берип, ден соолугу үчүн кам көрүү менин милдетим экени ачык-айкын эмеспи. Баламдын операциясы дагы украиналык хирургдардын жардамы менен ишке ашып, он миң доллардай каражат сарпталды. Эми экинчи операциясына даярданып жаткан чагыбыз. Бирок дагы да элден жардам сурап, «бизге жардам берип койгулачы» деп жүгүмдү арта бергим келген жок. Мындан улам менде «кантип акча топтосом болот?» деген суроо жаралды. Тренингдерге катышып сабак алып жүргөн учурларда менин колума бир күндөлүк китепчеси тийип калды. Барактасам ичинде «эртең менен тургандан тартып кечке чейин кандай иштерди жасоо керек? Адам өзүнө кандай жакшы сапаттарды, адаттарды арттыра билиши керек? Ден соолугуна кантип кам көрүш керек?» жана башка толгон токой сонун маалыматтар камтылган экен. Мага абдан жагып калып сатып алдым. Учурда жолдошум экөөбүз тең кайсы бир тармактык маркетингде иштейбиз. Ал жактагы негизги милдетибиз алып-сатуу болуп эсептелет. Кесиптештерибиздин бардыгы жеке өзүн өстүрөм, жашоодо чоң ийгиликтерге жетишем деген адамдар болгондуктан, биз алып жүргөн күндөлүктөрдү көрүп алардын дагы ага кызыгуусу артып сурай башташты. Башында бир-экиден сатып жүрсөк, кийин дүңүнөн сатып алабыз дегендер пайда болду. Бара-бара ал күндөлүккө болгон суроо-талап өсө баштады. Ошондон улам менде бир ой пайда болду. Ал оюм бышып-жетилип, акыры өзүмдүн автордук дал ушундай күндөлүгүмдү кыргыз тилинде чыгарууну туура көрдүм да, 10 күн ичинде даяр кылдым. Жолдошума көрсөтсөм идеямды жактырып, мени колдоорун айтып, андан бетер шыктандырып койду. Кийинки этап күндөлүктү басып чыгаруу болгондуктан, ага каражатты кайдан табуунун жолун издей баштадык. Акыры карызга акча алып чыгарууну туура көрдүк. Күндөлүктүн жаралышынын негизги себеби, негизги максаты, уулумдун операциясына каражат топтоо болгондуктан, жолдошум экөөбүз кеңешип «Максатка карай бир кадам” аталышында чыгармай болдук.

«Он миң даана күндөлүк сатышыбыз керек»

Ошентип, баштапкы 500 нускасын карыздап алган акчага болсо дагы чыгарып алдык. Күндөлүктүн жарыкка чыгышы биз үчүн абдан сүйүнүчтүү күндөрдүн бири болду. Күндөлүк тууралуу өзүм иштеген тармактык маркетинг кызматкерлерине, алар өздөрүнүн тааныштарына айтып жатып акыры кардарлардын саны өсүп, эмгегибиздин үзүрүн көрө баштадык. Кийинчерээк борборубуздагы китеп дүкөндөрүнөн дагы дүңүнөн буйрутмалар түшүп жатты. Ошентип, уулубуздун ден соолугу үчүн болгон аракетибиздин акыбети кайтып, акырындан операциянын акчасы чогула баштады. Негизи, операцияга өткөн жылдын ноябрь айында барышыбыз керек болчу, врачтар дагы жазгыга калбагыла деп талап коюшкан эле. Бирок толук каражатты чогултууга жетишпей, жазга калганга аргасыз болдук. Күндөлүктүн баасы 300 сом. Учурда, Кудайга шүгүр, сатыктан түшкөн акча топтолуп жатат. Бирок толук сумманы чыгара албай жаткан чагыбыз. Биздин максат – он миң даана күндөлүк сатышыбыз керек. Ошондо операцияга керектелүүчү акча чыгат экен. Буюрса, максатыбыз ишке ашса, март айында уулубуздун операциясын жасатуу үчүн Украинага учуп кетебиз.

Айкеримдин уулунун сакайып кетишине салым кошом дегендер жана күндөлүктү сатып алууну каалагандар төмөнкү номерге чалып байланыша аласыздар.
Элсом: 0559 200 910

Асел Эсенбек кызы

Соӊку50 чыгып 20 жаштагыдай көрүнгөн Дженнифер Лопестин сулуулук сыры эмнеде?
КийинкиРавшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаева: Атабыз чыкса, биринчи кезекте үй-бүлөлүк эс алуу уюштурабыз