Айнура Турганбаева: «Үйдөн маанайсыз чыксаң, театрга барганда сөзсүз көтөрүлөт»
Сакиш деген каймана ат менен белгилүү актриса Айнура Турганбаевага жакында эле «Эмгек сиңирген артист»наамы ыйгарылды. Атактуу актрисанын кубанычына ортоктош болуу менен бирге чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу сүйлөштүк.
Айнура эже, Эмгек сиңирген артист намыңыз кут болсун!
— Рахмат. Негизи, мен көп жылдан бери эле документтеримди тапшырчумун. Бирок өтпөй калчумун. Эки ай мурун эмгек өргүүсүнө чыгар алдында дагы ай-күнүн оңдоп кайра жиберип жатып мында деле бербейт болушу керек деп ойлоп койгом. Ошондуктан анчейин деле күткөн эмес элем. Таласта гастролдо жүрсөм чалып айтса ишенбей «ай, ойнобогулачы!» дей бериптирмин. Качан гана интернеттеги жаңылыктардан окуганда ишендим. Картая элегимде бергендерине рахмат. Буюрса, эки айдан кийин расмий түрдө тапшырышат.
Бул наамга татыктуу болуу үчүн көп кыйынчылыктарды башыңыздан өткөрсөңүз керек? Мындай учурда актёрлук кесипти тандаганыңызга өкүнгөн кез болду беле?
— Менин чыгармачылык жолума 31 жыл болду. Бул жылдар аралыгында кыйынчылыгы, кубанычы да баштан өттү. Өнөр адамдарынын биринчи көйгөйү — акча каражаты. Бизди аябай эле жарды десе болот. Мисалы, менин айлыгым азыр 5500 сом, арабызда 2500 сом алып иштегендер да бар. Бир нерсе алгым келсе, карызга акча сурайм. Ал карызды бергичекти дагы бушайман болом. Бир жакка барганга акча таппай калганда «ушундан көрө башка кесипти аркаласам эмне?» деп өкүнгөн күндөрүм болгон. Бирок анын баарын кайра эле элдин кол чабуусу жууп кетет.
Андай финансылык жетишпестикти кантип толтурасыз?
— Тасма, жарнама, клиптерге тартылгандан сырткары Марат экөөбүз он беш жылдан бери биргеликте тамадалык кылабыз. Кудай да булар өлбөсүн деп тойлорду көп берип коюптур бизге. Бирок тамадалык ишибизди жарнама кылбайбыз. Бирөөлөр аркылуу билип, өздөрү суранып чакырган жерлерге эле барабыз.
Тасмаларга да тартылып жатасызбы?
— Тасмага актёрлор жалаң өз кийимдерибиз менен тартылабыз да. Роль сунуштагандарга киного тартылганда кие турган кийимимдин жок экенин айтып, ставкамды айтсам эле качышат. Ошондуктан бир жылдан бери тасмага тартыла элекмин.
Роль тандайсызбы? Өзүңүзгө жакпаган роль сунушташса эмне кыласыз?
— Мен роль тандабайм. Себеби режиссёр кимдин кандай роль ойной аларын билип туруп дараметиңе, келбет, жаш курагыңа карата ылайыктап берет да. Ошондуктан жакпаса дагы ойнойм. Көптөн бери «Көчкү» спектаклинде төрөт кабыл алган аялды ойноп келатам. Ошол образга эмнегедир сүңгүп кире албай жатам. Кесиптештерим сонун эле дешет, а бирок өзүмдүн жүрөгүм тойбой жатат. Ушул сыяктуу ролдор болуп турат.
Кемпирдин ролун көп ойнойсуз го. Бул образ сизге жагабы?
— Окууну бүткөндөн кийин Караколдогу театрда иштеп калдым. Ошондо эң алгачкы алган ролум кемпирдин ролу болгон. Биринчи кандай ролдо көрсө, ошондой кабыл алып алат окшойт да, ошондон бери эле кемпирдин ролун бере беришет. Спектакль же тасмада эле эмес, клип, жарнамалык роликтерде да кемпирдин ролун көп беришет.
Эстин кеткис ролуңуз кайсы болду эле?
— Марат экөөбүз бир интермедия ойногонбуз. Анда Марат менин жолдошум болот. Мен күйөөмдөн акчамды көрсөтпөй барып мешке салып койсом, жолдошум келип мешке от жагып салат. Ошону Спорт ордосундагы бир концертте ойносок, эл күлбөйт. Же биз бүтпөйбүз. Эптеп кыскартып бүтүрсөк, дегеле кол чабайын дешпейт. Жүгүнгөндө гана кол чаап жатышпайбы. Чыгып кеткичекти бетим кызарып сахнанын артына араң дегенде жеткем. Ошентип, «товарыбыз өтпөй» калган. Болбосо даярдануу учурунда боорубуз эзилип жаткан. Ошол окуядан кийин ал интермедияны такыр ойнобой калганбыз.
Ийгиликтүү адамга бут тосуулар болуп турат эмеспи. Сизге да кесиптештериңиз тарабынан ушундай мамиле болобу?
— Бул бардык эле чөйрөдөгү адамдарда кездешчү нормалдуу көрүнүш. Мен деле өзүм тууралуу кептерди бирөөлөрдөн угуп калам. Бирок аларды териштирип барып чачташып, урушпайм. Андай адамдарды сезем, туям, аларга бакыт тилеп гана тим болом. Ал да өзүнчө кесип, аларсыз жашоом кызыксыз болуп калбайбы. Бирок андан чоң бут тосууга учурай элекмин.
Сизди эмне өкүндүрөт?
— Мен чыгармачылыкка жан дүйнөм менен берилип, жеке жашоомду экинчи планга коюп койдум. Иштешим керек деп жүрүп жаш өтүп кеткенин билбей калат экенсиң. 40 жашка чейин «ушундан көрө башка кесип тандасам, азыр очор-бачар болуп калмакмын» деп өкүнчүмүн. «Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап» дейт го, азыр өкүнгөндө эмне? Кудай ден соолук берип, театрыбызды чоңойтуп, айлыгыбызды көбөйтүп берип койсо болду. Бул кесипке берилдиңби, күйөөң, балаң да театр болуп калат. Үйдөн маанайсыз чыксаң дагы театрга келгенде сөзсүз көтөрүлөт.
Театрда өзүңүз түзүп алган “үй-бүлөңүз” бар экен, ал эми жумуштан кийин үйгө барганда жашооңуз кандай уланат?
— Мен азыр Көк-Жардагы эжемдин үйүндө анын балдары, неберелери менен чогуу жашайм. Бир туугандарымдын баары эле шаарда болгонго алардын үйүндө жашап батирлеген жокмун. Үйгө барганда туугандарымдын курчоосунда жашоом уланат.
Жашоодогу кыйынчылыктарды кантип жеңесиз? Баарынан чарчаганда кантип эс аласыз?
— Азыр кайда барбайлы, негитив, өкүнгөн же кабагы бүркөлгөн адамдар. Чечилбеген көйгөй, кыйынчылык баарынын башында бар. Эгерде баарын ойлой берсе, жашоодон кечип кеткиң келет. Мен үмүт менен жашаган адаммын. Өзүмө дайыма «баары жакшы болот» деп айтып турам. Жаш өткөн сайын ызы-чууну жактырбай калат экенсиң. Мен көп учурда айылга кетип калып же тоого чыгып кетип жалгыз эс алганды жактырам. Үйдө болсом сыналгы көрөм же уктайм. Азыр интернеттин заманы болуп калбадыбы, интернет да карап отуруп эс алам.
🖊️ — Айгерим Токтобай кызы