Жумуш жоктур аял колу тийбеген,
Көтөрүмүң, чыдамың тең жер менен!
Айтилла: «Өзүңө жаккан иш менен алектенүү абдан жагымдуу экен»
Айтилла үч баланын энеси. Ал учурда Орусияда жашап, бизнес жүргүзгөн айымдардын бири. Үй тиричилиги, үй-бүлөсү менен катар торт жасоо менен алектенген айымдын эмгектерин баалагандар арбын.
— Айтилла, Орусияда жүрүп торт жасайт экенсиз. Мындай бизнеске кантип киришип калдыңыз эле?
— Менин апам тамактын түрүн абдан даамдуу кылып жасаган айым. Мен да апамды тартып кичинекей кезимден эле ашканага жакын болуп чоңойдум. 2-класста окуп жүргөндө куруучуларга тамак жасап берчүмүн. Турмушка чыгып, экинчи кызымды төрөгөндөн кийин балдарымды карашканга сиңдим келип калып, өзүмдү өнүктүргөнгө шарт түзүлдү. Ошондо кондитердик мастер-класска барып, бир күндө төрт түрдүү торт жасоону үйрөнүп келгем. Торт жасай аларымды билген тааныштарым буйрутма берип жүрүп, бул өнөрүм өзүнчө эле бизнеске айланып кетти.
— Азыр дүкөндөрдөн даяр торттордун жүздөгөн түрүн тапса болот эмеспи, сиздин торт эмнеси менен өзгөчө?
— Мен жасаган торттор жалаң табигый азыктардан жасалат жана адал. Негизи, тортторго кошулчу желатиндин да түрлөрү, анын ичинде адалы да болот. Шоколаддар дагы эки түргө бөлүнүп, сырткы көрүнүшү окшош болгону менен ден соолукка эки башка таасир берет экен. Менин тортторумдун мындай өзгөчөлүгүн кардарларым жакшы билишет.
— Кардарларыңыз кимдер?
— Орусиянын мен жашаган шаарындагы кыргыз айымдарынан түзүлгөн тайпа бар. Менин биринчи кардарларым ошол тайпадагы айымдар болушту. Андан алар да тааныштарына айтып отуруп билинбей кардарларым көбөйдү. Азыр бир гана кыргыздар эмес, орус улутундагылар да буйрутма беришет.
— Өзүңүздүн бул жаатта билимиңиз болбосо, иштин көзүн табууда кандай кыйынчылыктар болду?
— Өзүмдүн кызыгуум болгон үчүн интернет булактарынан карап, “Ютюбдан” видеолорду көрүп, онлайн-сабактарды көрүп жатып көп нерсени үйрөнгөм. Торт жасоодо кыйынчылык болгон жок, кандай торт жасабайын жакшы чыгат. Бири экинчисине такыр окшошпойт. Бир да жолу кардарларымдан терс пикир уккан эмесмин. Торт жасоо чыгармачылыкты талап кылат экен. Себеби кардардын каалоосуна карап изденем. Мисалы, баласынын туулган күнүнө карата буйрутма берсе, “балаңыз кандай мультфильмдерди көрөт, эмнеге кызыгат?” деп сурайм. Анан ошого жараша маалымат, сүрөттөрдү издейм. Башында кардарым бир эле килограмм торт буйрутма берсе, ага эки килограмм жасап коюп салмагынан ашырып жиберген кездер көп болгон. Ошентсе да айтылган суммага берип, тортумдун окшошконуна сүйүнчүмүн. Ушул күнгө дейре кардарларым “Айтилланын торттору аябай берекелүү болот” деп айтышат.
— Бир тортту канча убакытта жасайсыз?
— Азыр бисквит жасоо мага картошка аарчыгандай эле болуп калды. Балдарым ойноп жаткан учурда эле ары-бери жасай салам. Ал бир күн муздаткычта тургандан кийин эки саатта эле жасалгалап коём. Ал эми башында бисквит кылуу үчүн өзүнчө убакыт бөлүп, алдын ала даярданып алчумун.
— Азыр күнүнө канча буйрутма аласыз?
— Балдарым болгону үчүн күнүнө 3-4 эле буйрутма алам. Эки килограммдан ашык торт жасабайм. Өзгөчө майрам учурларында көп буйрутмалар болуп, таң атканча жасап чыгам. Албетте, буйрутма болбой калган деле күндөр болот. “Бир жолу алган эмес, кайра кайтып келген кардар” дегендей, азыр дайымкы кардарларым көп.
— Үч бала менен кантип жетишесиз?
— Негизи, мен Орусияга 5-классымда келгем. Екатеринбург шаарында мектеп, колледжди аяктагам. Кесибим боюнча экономист-эсепчимин. Жолдошум экөөбүз 6, 4 жана 1,5 жаштагы үч баланын ата-энесибиз. Биз Кыргызстандын жараны болгондуктан, балдарыбызды бала бакчага берүүдө кыйынчылык болуп жатат. Анын үстүнө тамактары да адал эмес экен. Ошол себептен азыр алар үйдө эле. Иштегенден бери мен убакытты туура пайдаланууну өздөштүрдүм. Күнүгө план түзүп алам. Мисалы, эртең мененки тамагын берген соң сөзсүз сейилдөөгө алып чыгам. Улуу кызымдын окуй турган убактысы келип калгандыктан, окуп, жазууга да убакыт бөлөбүз. Түштө балдарым уктаганда бисквит бышырып алам. Ошентип кечке дейре үй жумуштары, балдарым менен алек болуп, кечинде алар уктаганда тортторумду кооздойм.
— Түнгө дейре калып иштеп жатсаңыз, жолдошуңуз бул ишиңизге кандай көз карашта?
— Жолдошум таң атканча жасаганымды көрсө “өзүңдү кыйнап эмне кыласың, болбогон акча үчүн ушунча кыйналасың” дей берет. Ырахат тартуулаарын айтсам унчукпай калат. Бирок “кылба” деп айткан эмес, менин жумушумду колдойт.
— Балдарыңыздын таттуудан көңүлү кала элекпи?
— Балдарым эртең мененки, түшкү, кечки тамакка деле торт жей берүүлөрү ыктымал, такыр көңүлдөрү калбайт. Ошондуктан таттууну чектеп койгом. Азыр атайын бөлүнгөн убакытта гана таттуу жешет. Жолдошум болсо: “Муздаткычта толтура торт, бирок бизге жегенге болбойт. Буйрутма берип алат окшойбуз” деп күлүп калат.
— Торт жасап материалдык байлык топтосо болобу?
— Мен торт жасоодон ырахат алам. Акча табууну максат кылган эмесмин. Тортумду сапаттуу кылып жеткиликтүү баада жасасам, акча өзү эле келет. Мен торт жасап өзүмө унаа сатып алгам. Эң чоң буюмум ошол болду. Мындан тышкары торт жасоого керектүү идиш-аяк, буюмдарды алгам. Күнүмдүк керектөөлөрүмө кенен жумшайм.
— Өзүңүз чарчабайсызбы?
— Торт менен алек болгондон бери эл менен аралашып, жаңы адамдар менен таанышып, чөйрөм кеңейди. Кардарларымдын “тортуң жакты, дагы буйрутма беребиз” деген жылуу сөздөрүн укканда кадимкидей шык пайда болуп сүйүнөм. Өзүңө жаккан иш менен алектенген абдан жагымдуу экен. Жөн эле телефон чукулап жаткандан көрө үзгүлтүксүз бир нерсе менен алек болуп калдым. Айтор, азыркы жумушум өзүмө аябай жагып жатат. Эң башкысы, балдарым жанымда, өзүмө өзүм кожойкемин. Азыр бир жыл бою жөн эле видео көрүп отурган күндөрүмдү эстеп аябай өкүнөм. Көрүп жүргөндө эле инструменттерди алып жасай баштаганга эрким жетпептир.
— Эми келечекке кандай пландарды койдуңуз?
— Мен алгач кондитердик билим алып, бул жаатта бренд жасагым келет. Анан менден көп кыз-келиндер үйрөтүүнү суранышат. Тилекке каршы, азыр балдарым кичинекей. Кичүү уулумду үч жашка чыгарып алып анан кондитердик курс ачууну пландап жатам. Негизи, Орусияда деле мындай курстар бар, бирок баалары абдан кымбат. Ошондуктан биздин мекендештерибизге арзан баада үйрөтүүнү каалайм. Торт бизнеси үйдө отуруп акча табуунун бир жолу. Көп каражат салууну да талап кылбайт. Анан да көпчүлүк айымдардын жолдоштору аялынын жумушка чыгуусун каалашпайт же балдары жаш болуп иштей алышпайт эмеспи, мына ушундай айымдарга бул эң ыңгайлуу жумуш.
Айгерим Токтобай кызы