Гив – интернетте айланган акча
Гивди интернеттеги лотерея деп койсок болот. “Анын максаты кандай, ага катышууда ким кандай пайда көрөт?” деген суроолорго жооп издедик.
Гив деген эмне?
Бүгүнкү күндөгү популярдуу болуп жаткан Гив деген сөз англис тилинин “Give away” деген сөзүнөн келип чыккан. Бул сөз “тартуулоо”, “таратуу”, “берүү” дегенди билдирет. Ал эми “Инстаграмм” баракчада бул сөздү түздөн-түз маанисинде колдонуп белектерди таратып келишет. Гивдин кызыкчылыгын үч адам көздөйт. Демөөрчүгө катталуучу жана жарнама керек. Уюштуруучу гивди ишке ашырганы үчүн акча алат. Ал эми блоггерге жарнама кылганы үчүн акы төлөнөт.
Гив үч түргө бөлүнөт
Жөнөкөй Гив
Катталуучулардын арасында гив ойнотуу үчүн өзүңдүн 10 миңден кем эмес жандуу катталуучуң болушу шарт. Жандуу катталуучу деген – сенин ар бир басылмаңды окуп, сын-пикирин калтырып турган адам. Ушундай сандагы катталуучулары бар активдүү блоггерлерден турган 10-30 адам биригет дагы, ортодо ойнотула турган белектерди алууга тең акча чыгарышат. Андан кийин “Гивге катышкың келсе буга каттал” деп бири-биринин аккаунттарына шилтеме жөнөтүшөт. Мындай гивдин негизги максаты – аккаунттагы катталуучунун санын көбөйтүп, мурдагыдан да активдүү болуу.
Жылдыздуу гив
Мындай гивдин башкы каарманы – белгилүү актёр, ырчы же алып баруучу. Өзүнүн товарын жарнама кылгысы келген фирманын жетекчилери “менден ойнотконго белек, жарнамаң үчүн акы, сенден мага каталуучу” деген келишим менен иштешет. Жыйынтыгында, белгилүү адам “гивге катышкың келсе төмөнкү аккаунттарга каттал жана үч же андан көп досуңду белгиле” деген шартты коёт. Ал адамдын катталуучулары белектерге кызыгып оюндун шартын аткарышат. Мындан улам демөөрчүлөр белгилүү адамдын аркасы менен 100 миңге чейин катталуучу чогулта алган учурлар бар. Мындай гив демөөрчү үчүн жарнамага накталай акча короткондон көрө кыйла пайдалуу жана натыйжалуу болуп саналат.
Тематикалык гив
Активдүү блоггерлер тематикалык гивдерди өткөрүшөт. Мисалы, бир жолкусунда энелерге арналат. Атайын наристелерге керектүү жабдыктар, буюмдар, кийим сатылган бир же эки дүкөн менен сүйлөшөт. Алардын аккаунтун белгилеп ойнотот. Кийинкисинде эркектерге арналган гив болсо унаа тетиктерин, тиричиликке керектүү шаймандарды саткан дүкөндөр менен келишим түзөт. Студенттерге арналган гив болсо гаджеттер ойнотулушу мүмкүн. Тематикалык гивден 100 миңге жакын катталуучу топтой албайсың, ошентсе да дүкөндү жарнама кылып берип, туруктуу катталуучуларга ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар.
Жеңүүчүнү кантип тандашат?
10-12 күн аралыгында гив жарнамаланат. Шарты уюштуруучунун ой-чабытына жараша ар кандай болуусу мүмкүн. “Сын-пикир жаз, эки же андан көп досуңду белгиле, демөөрчүлөрдүн баракчасына каттал” ж.б. Катталуучулар оюндун шартын аткарып, ойнотула турган күнү түз эфирде анын жүрүшүнө назар сала алат. Гив ойнотуп жаткан адам жеңүүчүнү атайын сервистик программанын жардамы менен аныктайт. Мисалы, 120 адам гивдин шарттарын аткарып тизмеге киргизилди. Компьютердеги программага 1ден 120га чейинки санды жазат да, компьютер өзү 12 деген санды көрсөттү дейли. Бул номерде жазылып турган фамилия жеңүүчү деп табылат. Дагы кошумча белектерди ойнотсо ушундай эле ыкманы колдонот. Кийинкилеринде 16, 89 деген сандар чыкса, ошол тизмеде турган фамилия белекке ээ болот.
Гивдин артыкчылыктары жана кемчиликтери
Артыкчылыктары
1. Эгер катталуучуларыңыздын саны миллионго жетсе же ошого жакын болсо жакшы киреше тапса болот. Демөөрчүлөр гив ойнотуп берүүңүздү, кызматташууну сунуштайт. Ага катталуучу канчалык көп чогултуп берсеңиз, ойнотула турган белектерден сырткары сүйлөшүлгөн пайыздагы акчаны төлөп берет.
2. Демөөрчүлөр жарнамага ашыкча акча коротпойт. Гивдин уюштуруучусуна төлөнгөн каражат менен компанияга жакшы жарнама жасап, кардар тапса болот.
3. Туруктуу катталуучуларды чогултуп, аларды кармап калса болот. Ал үчүн бат-баттан ар кандай видео, сүрөт жүктөп, белектерди ойнотуп туруу керек.
4. Катталуучуңуз канчалык көп болсо, ар кандай товарды жарнамалап берүү кызматы менен эле кошумча акча тапса болот. Ал үчүн сиздин баракча дайыма кызыктуу болушу зарыл.
Кемчиликтери
1. Гив учурунда катталгандарга сиздин баракчаңыз эмес, ойнотулган белектер кызык. Андыктан оюн бүткөндөн кийин дароо сиздин баракчадан чыгып кетиши толук мүмкүн. Кээде оюн учурунда 70 000 миңге чейин катталуучу чогултсаңыз, оюндан кийин 50 000 адам баракчадан чыгып кеткен фактылар көп.
2. Ар кандай деңгээлдеги катталуучу бар. Белек албай калгандар ар кандай нааразычылыктарын айтып атыңызга доо кетирүүсү мүмкүн. Андыктан көбү гивди өзүнүн буга чейинки негизги баракчасына эмес, башка аккаунтка каттап алып ошол жерден ойнотушат.
3. Бир гив ойноткондон кийин дароо токтоп калбастан улантып кетүү керек. Болбосо буга чейинки чогулткан катталуучулардан куру калышыңыз мүмкүн. Себеби көбү башка гив ойноткон баракчаларды акмалап турушат.
4. Гив ойноткондор — “Инстаграммдын” атаандаштары. Эгер гив болбогондо компаниянын өкүлдөрү Инстаграммдын өзүнө акы төлөп товарды жарнамаламак. Андыктан “Инстаграммдын” жетекчилиги активдүү гив ойноткон баракчаларды улам блоктоп турат.
Бир собол
Учурда шоу-бизнестин өкүлдөрү биринин артынан бири гив ойнотуп жаткан кези. Алардын айрымдарына суроо салдык.
Катталуучулардын нааразычылыгын кантип алдын аласыз?
Нурзат Токтосунова, алып баруучу: “2 мүнөт убакыт бөлгөнү үчүн жагымсыз сөз жазбай эле коюшса”
— Мага уюштуруучулар гив ойнотолу деп сунуш кылышканда элден калбай макул болдум. Максатым – катталуучуларыма белек тартуулоо, өзүмдүн “Инстаграмм” баракчамды өстүрүү. Учурда демөөрчүлөрдү кызматташууга чакырып жатам. Аларга деле катталуучу чогулса жакшы эмеспи. Негизи, гивден жеңүүчүнү компьютердик программа аныктайт. 1000 адамдан 1 адам утушу мүмкүн. Эң ыңгайлуу жагдай, катталуучулар үчүн болуп жатпайбы. Эки мүнөт убактысын бөлүп оюнга катышып коёт, багына жазылса белекке ээ болот. Баарына бирдей жагуу кыйын экен. Жеке мен 2 мүнөт убактымды кетирип утпай калсам толтура жагымсыз сөз жазбайт элем.
Жеке сиз үчүн гивдин пайдасы?
Сайкал Садыбакасова, ырчы: “Демөөрчүлөргө жарнама,менин күйөрмандарыма белек”
— Буюрса, учурда экинчи гивимди өткөрүү алдында турам. Демөөрчүлөрдү кызматташууга чакырдым. Ишкерлерге жакшы жарнама болот, өзүнө керектүү аудитория топтоп, катталуучулардын санын көбөйтөт. Азыр “Инстаграмм” кеңири жайылып, жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Гивдин аркасы менен эл жакшы белекке ээ болот. Менин гивимди 14 күн ойнотом. Унаа жана баалуу белектер ойнотулат. Акчалай жакшы сыйлыктарды койдук, жалпысынан 10 000 долларлык байгелер коюлду. Жеке мен үчүн пайдасы – катталуучуларымды, күйөрмандарымды кубандыра алам.
Жакында өткөн гивден кандай пайда таптыңыз?
Айзада Жамгырчиева, алып баруучу: “Сооп иш кылдык”
— Гүлнур Сатылганова сап башында турган беш айым “Жылдыздуу гив” оюнун өткөрдүк. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен баш байгеге “БМВ” автоунаасы ойнотулду. Менин милдетим биздин гивди социалдык тармактарда жайылтып жарнамалоо болду. Унааны Баткендин алыскы айылдарынан келген айым утуп алды. Күйөөсү Москвада иштейт экен. Унаа алганга деле шартыбыз жок болчу дейт. Муну менен биз аны кубандырып, сооп иш кылдык десем болот. Жеке мен Гивден канча пайда тапканымды айта албайм. Бирок эмкиде өткөрсөк, тапкан акчамдын 10-20 пайызын кайрымдуулукка жумшайын деп ойлоп жатам.
Анара Дүйшөналиева