Пранк – чеги жок тамаша
Бизде өзгөчө образдарды алып жүргөн пранкерлер саналуу гана, алардын ичинен эл ичинде көп таанылганы Азирет Осмонов. Пранкерликти бир жылдан бери аркалаган алып баруучуну сөзгө тарттык.
Азирет Осмонов: “Тамашаларга биздин эл агрессивдүү көз карашта”
Азирет, алып баруучулукту аркалап жүрүп, эмне болуп пранкер болуп кеттиң?
— Ооба, менин кесибим журналист. Учурда Нью ТВ каналындагы бир долбоордо алып баруучу болуп эмгектенем. Негизи, менден мурда эле пранктар чыгып жүргөн, бирок менин юморлорум интернетке бат тарап, элге көбүрөөк таанылып кетти. Ошогобу, мени “пранктын баштоочусусуң” деп көп айтышат. Негизи, пранк тартып жатканыма бир жылдын жүзү болду. Андан мурда өзүм иштеген телеканалдагы таңкы бир рубрикага беш, үч мүнөттүк пранктарды тартып жүрчүмүн. Бул элдин көңүлүн ачуу максатында эле болчу. Тартылган программаны Ютубдагы баракчабызга жайгаштырганда көп көрүү топточу. Башка социалдык тармактар аркылуу да бат эле элге жайылып кетиптир. Коомдук унаага түшсөм, көчөдө жүрсөм мени карап алып “Азирет Осмонов” деп күлүп калышчу. “Булар мени кайдан таанышат?” деп өзүм таң калчумун. Көрсө, менин пранктарымды көргөндөр көп экен. Ошондон кийин бул жаатка да көңүл буруум керек экендигин түшүнүп, байма-бай пранктарды тарта баштадым.
Элди тамашага салардан мурда атайын сценарий жазылабы?
— Мен азыр атайын отуруп алып сценарий жазбайм. Башында ошондой болчу. Бирок түзгөн сценарийим менен тамашалап көрсөм жасалмадай болуп эле такыр окшошпой койгон. Азыр көчөгө чыкканда ошол жердеги кырдаалга жараша өзүмдүн импровизациямды кошуп эле тарта беребиз.
Анан көбүнчө бир аз жетишпеген баланын образын алып чыгасың. Элдер мындай тамашага кандай реакция кылышат?
— Пранктын башкы максаты, элди таң калтыруу болуп саналат. Ошондуктан көп учурда бир аз жетишпеген баланын ролун ойноп, күнүмдүк турмушта колдонулган суроолорду эмес, башкача суроолорду берем. Биздин эл тамашага агрессивдүүрөөк. Бирок кайсы учурда кырдаалдан кантип чыгууну билип, психолог дагы болуп калдым.
Бир пранк тартуу үчүн канча убакыт көчөдө жүрөсүңөр?
— Ар кандай болуп калат. Мисалы, бир эле чыгарылышта он кишини тамашага сала турган болсом, андан сырткары кадрга кирбеген отуз кишини тамашага салып чыгам. Кээ бир пранктар абдан ийгиликтүү болот. Чыгып эки сааттын ичинде эле бүтүрүп кетесиң. Айрым учурда идея келбей же импровизация иштебей бир күн кечке тартууга туура келет. Ал күнү кадимкидей чарчап калабыз.
Пранктар профессионалдуу камераларга тартылабы?
— Ооба. Командада эки оператор жана мен иштейбиз. Анткени ар кандай ракурста тартуу үчүн жашынып туруулары керек. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө кичинекей камераларды ар кайсы жерлерге орнотуп коюп тарта беришет.
Сени таанып калгандар болобу?
— Азыр мени бүткүл Кыргызстан тааныйт десем болбойт. Бизди көбүнчө кыргыз тилдүүлөр жана жаштар көрүшөт. Ошондуктан “киргиздерди” тамашалайбыз. Мени улуу муундагы ага-эжелер таанышпайт, ошого акыркы кездерде аларды тамашага сала баштадым. Эми алар дагы таанып калышса башка нерсе ойлоп табууга туура келет.
Тамаша максатына жетпей калган учур болду беле?
— Мен бирөө уят болгон, жаман абалда калган, дегеле негативдүү пранктарды чыгарбайм. Анткени пранкка түшкөн адамдын ордуна алгач өзүмдү коюп көрөм. Ушул сыяктуу жагдайлардан улам чыкпай калган бир-эки учур болгон. Бирок тамашабыз өтпөй калган учур боло элек. Бизге күйөрмандарыбыз өздөрү чалып региондорго барып тартууну сунушташат. Кээде жумуштарыбыз менен облустарга барганда “бир ок менен эки коён атып” пранк тарта келебиз. Айрымдары өз сценарийин, кимди тамашага салуу керек экендигине дейре айтып чалышат.
Пранк деген эмне?
Пранк бул – жөнөкөйлөштүрүп айтканда, тамаша тор. Бул кызматты аткарган киши “пранкер” деп аталат. Пранкерлерге телефон аркылуу тамашага салган ыңгайлуу. Ошондуктан пранктын көп түрдүүлүгүнө карабай, телефон чалуу аркылуу аткарылган пранк эң популярдуусу. Бирок айрым тамашасы үчүн пранкерлер темир тор артына отурган фактылар да катталган.
Пранк бир нече түргө бөлүнөт.
- “Хард” – тагыраагы, эң оор пранк. Пранктын мындай түрүндө пранкер тамашага салган адамдын ачуусуна тийип, ачуусунан улам өзүн өзү башкара албай калган абалга жеткирүүгө чейин барат. Менталитетке туура келбеген, оозго алгыс сөздөр да колдонулат.
- “Лайт” бул – пранктын жеңил формасы. Максаты: пранкер менен курмандыктын биргеликте тамашалашып, сүйлөшүүсүнө шарт түзүү. Жыйынтыгында эки тарап тең ыраазы болуусу абзел.
- Радиодогу пранк бул – “хард” пранктын эле бир түрү. Радио алып баруучу түз эфирден бирөөнү тамашага салат. Капканга түшчү адамда күмөн болбоосу үчүн маданиятсыз сөздөрдү да сүйлөөсү ыктымал.
- “Технопранк”. Бул жанрда пранкер мурда тузагына илген адамдар менен болгон сүйлөшүүсүндөгү айрым фразаларды кесип алып, тамашага салууда ошол сөздөрдү колдонот.
- “Пранк-журналистика”. Пранктын бул түрү, тамашага салып элдин көңүлүн ачуу болуп эсептелбейт. Тескерисинче, мурда ала албай жаткан маалыматты пранк аркылуу алуу болуп саналат. Мындай пранктын жыйынтыгын ММКда, социалдык тармактар аркылуу да таратууга болот.
Популярдуу пранкерлер
Виталий Здоровецский
Америкалык пранкер Виталий Здоровецскийдин 2011-жылы ачылган Ютуб каналына тогуз миллион катталуучу катталган. Себеби Виталий эл кирүүгө уруксат берилбеген объектилерге кирип пранк жаратат. Бул кылыгы үчүн ал бир нече ирет соттолгон.
Роман Атвуд
Бул мырзанын тузагына көпчүлүк учурда үй-бүлөсү түшөт. Өз уулун кокустан “өлтүрүп” алган видеосу – каналындагы эң популярдуу тамашасы. Видеодо Супермэндин костюмун кийип алып ойноп жаткан уулун Роман буту менен көтөрүп баратып экинчи кабаттан ыргытып жиберет. Муну көргөн жубайы биринчи кабатка чуркап барса, ал жөн гана дал ошондой формачан куурчак болот. Үй-бүлөдөгү көрүнүштөрдү чагылдырып турган бул каналга 8.5 миллион адам катталган.
Cihan Kosif TV
Пранкерликти жаңы баштаса да, бул кытайлык пранкер эң оор пранктарды аткарат. Бир видеосунда ал эл көп агылган жерге барып баштыгында жардыруучу зат бар экендигин билдирген белги берип, баштыгын ыргытып туруп качып кетет. Аны көргөн элдин баары дүрбөлөңгө түшүшкөн. Жаңы пранкерге 56 миң гана адам катталган болсо да, анын ролигиндеги көрүүнүн саны миллиондоп саналат.
Вольнов
Вольнов – азыркы тапта изделүүдө жүргөн украиналык пранкер. Вольнов өз тамашаларында шоу-бизнестин өкүлдөрүнө эле эмес, белгилүү эл өкүлдөрүнө чейин чалып пранкка илген. Мындан улам анын миллион катталуучусу бар каналын жаап салышкан. Бирок аз убакыттын ичинде кайра 200 миң катталуучу чогултууга үлгүргөн.
Айгерим Токтобай кызы