Негизгиге Аңгеме Аргасыздын амалы

Аргасыздын амалы

1354

Аргасыздын амалы

Ырыскул башын жерге салаңдатып, бир чекитти тиктеп отурганына эки сааттай болду. Ѳмүрүндѳгү эң оор үшкүрүктү бүгүн үйлѳп, эң коркунучтуу ойлорду бүгүн ойлоп отурганы ырас. Болбосо жашоосу жалаң май кѳл, сүт кѳл болуп эле келе жаткан. Жалгыз уул деп ата-энеси азыр да эркелетип турушат. Атасы экѳѳ кѳп жерде бир кепке келе албай кер-мур айтышып кетишет. Анын ант-минт деген кептери Ырыскулдун кыжырын гана келтирет. Ичинен ызырынып «мени жаш бала кѳргѳнүн койбой койду» дейт. Апасы болсо баласы эки небересин тыңдап бага албай калбасын деп ысык-суукка карабай базарга айран-сүт сатып жанын үрѳп жүрѳт. Муну ал бааламак турсун капарга алып баамдап да койбойт. Апасынын бул аракети аны багып жатканын билмек кайда. Болгону ѳмүр бою кылып кѳнгѳн ишин таштай албай жүрѳт деп ойлойт. Аялы болсо үйдүн бүтпѳс тиричилиги менен убара. Ѳзү уйкусу канганда туруп шаар ичинде такси кызматын кылымыш болот. Анан жан адамга билдирбеген бир балээге кабылды, акыркы жарым жылдан бери. Жок, жан адамга десе жалганчы болот, досторун эске албаганда бул сырын аялы билет. Аял деген шүмшүктѳн эч нерсени жашырып болбойт эмеспи.

***

Башында кумар ойноп жүргѳнүн чындап эле эч кимге шек алдырган эмес. Бул оюндар убактысын алып, чѳнтѳгүн жукартып жатканын билсе да таштап кете албай жатты. Кумар дегениң чындап эле чырмооктой чырмап алчу азгырык болот тура. Күнүгѳ чѳнтѳгү какшып үйгѳ баратканда экинчи бул жерге басып келбейм деп ойлойт. Эртеси баягы достордун коңгуроосун албай бир топ кыйылат. Анан алды дегенче болбой кайра баягы жерде пайда болот да турат. Акчалай уттуруп жүргѳн кезде анча тогото бербеди эле, бир күнү телефонун алдырды. Кумарчылар тобу анын «жок дегенде балдарымдын сүрѳттѳрүн кѳчүрүп алып берейин. Зарыл телефон номурлар да бар эле» дегенине карабай алып коюшту. Кымбат баалуу телефонго ичи бир ачышса, балдарынын кызыктуу видеолору, сүрѳттѳрү калып кеткенине ичи андан бетер ачышты. Минтип сурануудан майнап чыкпасын билгенде, аргасы түгѳнүп үйгѳ бет алды. Телефонду болсо уурдатып жибердим деп жанын жеп калп айтты. Эртеси таанышынан карызга акча алып жаңы телефон сатып алды да, балдарынын сүрѳттѳрүн кѳчүрүп алмакка баягы сырдуу орунга жетип барды. Телефондон баарын ѳчүрүп салышкан экен. Ѳңү бузулуп, чындап ачуусу келди. Сѳгүнүп да алды.

— Эй, оозуңду басканың ѳзүңѳ жакшы. Абайласаңчы!

Чоң кумарчылардын жанында желдеттей жеңил кыймылдап жагалданып жүрүүчү арык бала кыйынсынды.

— Барчы, сен. Балдарымдын сүрѳттѳрү мен үчүн маанилүү болчу.

— Балдарыңдын сүрѳттѳрү эч нерсе эмес. Бул жерде жүрѳ берсең балдарыңдын ѳзүн да жоготуп алышың мүмкүн.

— Эмне? — Татынакай бармен кызга ызырынып унчукту. Бул орундан жылбай кардарларды шамдагай тейлеген кыздын балдары тууралуу жагымсыз кеп айтканына араң турган жаны чыдабай кетти.

— Чын айтам. Жакшынакай эле адамсыз. Деги бала-чакаңыз бар экен. Мында такыр эле келбей койсоңуз да сонун болмок. – Тыкылдаган кыздын айтканын куру намыска каршы алгысы келгени менен акылы туура деп таап, унчукпады. Шалдырай чыгып кетти.

***

Сыртынан эч ким кумар жайы деп ойлобогон сырдуу жерге экинчи басып келбеске ѳзүнѳ ант берген Ырыскул бул жерде эки сутка отурганын байкабады. Оюн кызуу жүрдү. Уйку кѳрбѳгѳн кѳздѳрү чычаладай кызарып, чачтары уйпаланып, нымшыган денесинин ачуу тери ѳзүнѳ жыттанып кебетеден кетти. Улам утам деген азгырык жетелеп отуруп мынча убакыт ѳтүп кеткенин карачы. Сырттан шоола киргидей бир жылчыгы жок бѳлмѳдѳгүлѳр не таң атып жатканын, не күн  батып жатканын да сезишпейт.

Ырыскул сѳгүнүп, айкырып башын мыкчып калды. Каршысындагы адам кытмыр күлүп чалкалайт. Баягы желпилдек жигит колун сунуп туруп калды. Ырыскул шымынын чѳнтѳгүн сыйпалап жатты. Машинанын ачкычы колтоюп колуна урунуп эле жатат, бирок аны сууруп чыгып кармата салганга кыйбай алаканын ары-бери сүрткүлѳй берди. Бирок бул амалды узакка колдонуп тура албайт эле, башка да амал жол. Акыры унаанын ачкычын сунулган алаканды карабай туруп карматты да, тура жѳнѳдү.

Эки сутка жоголгон немени издеп үй-бүлѳсү ызы-чуу түшүп калышыптыр. Ансыз да буга ачуусу эле келип турган атасы заарын чачып болбой калыптыр. Апасы ыйлап алган. Аялы гана суз жүзүн ѳзгѳртпѳй мелтейет. Арты-артынан түркүн калптарды айтып, башын кашып, кѳзүн ала качып отуруп ата-энесинин жанынан эптеп алыстады. Аялынын жанагындай кѳз карашы тынчын алып жиберген эле. “Мунун карашында бир сыр бар” деген ичинен. Туура эле болжоптур, мындай бѳлүнѳ берери менен үнүн пас чыгарып, бирок заардуу унчукту:

— Баарын кыйратып койгонсуп жүрѳсүң кумар ойноп?

— Эй, кайдагы кумар?!

— Жаныңды жебе! Досторуң айтышты. Машинаны алдырып ийгениңди алар айтпаса деле билдим. Кантип жанагындай калптарды айттың, ыя?! Кырсыктап деп. Кырсыкты Кудай башка салбасын дебейсиңби?

Аялы сѳз сүйлѳтѳр түрү жок. Унчукпай ары карап жатып кутулду. Бирок ѳзүнѳн, мээсин жеген санаадан, унаасы үчүн ичи ачышып, демин кыстыктырган жаман сезимден кутула алган жок.

***

Ушул окуядан кийин аялы аны үйдѳн чыгарбай баскан-турганын, телефонуна чейин кайтарып, карап туруп алды. Ата-энеси болсо “унаа жерге кирсин, балабыздын башы аманына шүгүр” деп жүрүшѳт. Аялын кагып салып басып кеткенге деле болот эле. Бирок ал “болгон сырыңды ата-энеңе ачып, эки баланы таштап туруп баса берем” деп айласын түгѳттү.

***

Үйдѳн чыкпай жатканына бат эле бир ай болуп кетти. Ырас, балдары менен ойноп, канчадан бери колу тийбей чогулуп кеткен тиричилик иштерин кылып жүрүп ичин уйгу-туйгу кылган сезимдерден алыстады. Эми чын эле баягы жакка баспай турган болдум деген ишеним да пайда болду ѳзүндѳ. Мындан ары карыздаса да жаңы унаа алып, жакшылап иштѳѳнү максат кыла баштады. Бирок бул оюна аялы макул болбой жүрѳт. Сыягы, ишенбей жатса керек. Ырыскул болсо эбин таап машина алып, такси кызматын улантууну ойлогону ойлогон. Ошондой күндѳрдүн биринде ооруканага кеткен келинчеги муңайым келип калды. Доктурдун талтаңдай жазылган түшүнүксүз кол жазмасын алдына таштап, “менде жаман дарт бар экен” деди акырын. Бул суук кабарга каршы эмне дешти билбей тилин жутту. Аялы деле андан ары кеп улабай күндѳ кылып кѳнгѳн иштерин кыбыратып жүрѳ берди. Ырыскул түнү менен ошого түйшѳлүп чыккан. Ѳткѳн эле жылы таежесине жаман дарт жабышканы аныкталып, балдары ары-бери чуу түшүп чуркап калышкан. Анан жарым жылга жетпей эле жаны учуп кетпеди беле жарыктык кишинин. Ошол окуя эсин эңгиретип, аялынан жарым жыл эмес, жарым сааттан кийин ажырап калчудай болуп башын мыкчып отурганы ошондон. Андан калса так ушул маалда алдында унаасы жок калганын карачы. Ал жагын ойлогондо ѳзүн-ѳзү жемелеп жатып калат.

***

Ырыскул ата-эне, дос-тууганга ачык айтып, керек болсо чет жерге барып текшерилип кѳрүүнү сунуштады эле, аялы кѳгѳрүп макул болбой койду. Бир колу менен ѳзүнүн, бир колу менен күйѳѳсүнүн оозун жаап, “эч кимге айтпа” деп караманча кашайды. Ал минткен сайын Ырыскул “аа, жетер чегине жетип калса керек. Байкушум бизди убара болбосун деп жатат го” деп андан бетер ичтен эзилет. Аялы баягысындай эле күйѳѳсүн кайтарып, жанынан алыс чыгаргысы жок. Башта анын минтип кайтарганына кыжырданса, эми аны аяп ѳзү эле жанынан чыкпай калды. Ата-энесине байкатпай жеңилин жерден, оорун колдон алат, ар бир кадамын кылдат карап, ага болгон сезимин салмактайт. Күн ѳткѳн сайын аялынын жүзү кѳзүнѳ сүйкүм кѳрүнүп баратат. Мурда минтип карачу да эмес эле. Себеби ал эчак эле “ортодогу сүйүү бүттү, биз да балдарыбыз үчүн гана чогуу жашап калдык” деген жыйынтык чыгарып койгон. Жок, балдары жок деле аялын баягысындай эле сүйѳт экен, сагынат экен. Аялы деле ѳзүнѳ кайдыгер эмес окшойт. Эркелетсе наздана калат. Андайда кабагы жаркып, жүрѳгү жылып, ѳзүнѳн тѳгүлүп чыгып жаткан мээрим менен сүйүүгѳ ѳзү таң калып кетет. Бирок эркек катары анысын билдирбей корсоёт. Бир гана ушундай сонун сезимдер турса, аялынын ооруп калганы жанын кейитет.

***

— Жаңы жылың менен, жаным!

— Рахмат. Сени да куттуктайм!

— Жетелешип узак ѳмүр сүрѳлү. — Аялы Ырыскулдун алаканына алаканын бириктирди. “Узак болсо гана” деп ойлоп жиберди күйѳѳсү.

— Сага бир нерсени ачык айтышым керек болуп жатат. Бирок сен капа болуп каласыңбы деп чочулап жатам.

— Айт!

— Жаңы жылды жаңы барактан ачалы. Жаңы дем менен жашап баштайлы. Бири-бирибизди туура түшүнүшѳлү, ээ? Урушуп кетмей жок. Күйѳѳсүнүн заматта ызырынып чыга калмайын алдын алганга аракет кылды аял.

— Айт эми!

— Менде баары жакшы. Ден соолугум сонун. Менде эч бир дарт жок.

— Уф!..

— Мен кош бойлуумун.

— Койчу!

— Чын. Баягыда мен ушуну билип келген элем. Бирок ал кезде кыйналып турганга сени кандай кабыл алат деп ачык айткан эмесмин. Анын үстүнѳ ал кезде сенин тиги оюнду ташташыңа ишенбей…

— Болду, болду! Түшүндүм.

Ырыскул аялын бул үчүн урушмак турсун, аны ушундай амалга аргасыз кылганы үчүн уялып турду. Бир чети ушинтип болсо да аны ѳзүнѳ кайтарып алган аялына ыраазы болду. Ортодо таптакыр жоготуп алган, тээ жаңы үйлѳнгѳн кездеринде гана болчу сѳз менен, айта алгыс сезим менен аялына кучак жайды.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуКышкы эс алуу күндөрүңүз кандай өтүп жатат?
КийинкиАзирет Осмонов: Тамашаларга биздин эл агрессивдүү көз карашта