Негизгиге Бизнесмен Ник Вуйчичтен ийгиликтүү жашоонун 8 сыры

Ник Вуйчичтен ийгиликтүү жашоонун 8 сыры

939

Ник Вуйчичтен ийгиликтүү жашоонун 8 сыры

Колу-буту жок мунжу болгону менен дүйнө жүзүн кыдырган  белгилүү оратор, шыктандыргыч Ник Вуйчичтин кеңештери алтынга тете. Себеби анын эрки алты саны аман адамдыкынан да күчтүү. Андыктан анын жашоо-турмушунан алынган, тастыкталган  төмөндөгү кеңештер ар бирибизге пайдасын тийгизбей койбойт.

«Менин шыктандыруучум – апам»

– Тубаса колу-бутум жок, мунжу болуп төрөлгөм. Мени доктурлар апама көрсөтө албай, мунжу экенимди угуза албай кыйналышыптыр. Ал эми апам биринчи жолу көргөндө мен тарапты кайра карагандан баш тартыптыр. Качан гана атам мени колуна алып: «Карачы, балабыздын көзү кандай сулуу. Бул Кудайдын белеги»,-  дегенде апам мени ошол бойдон кабыл алыптыр. Башында жеригени менен менин адам катары калыптанышыма апамдын салымы зор. Мени мунжу деп аябайт эле.
«Апа, суу ичем, жатам, тамак ичем» деген өтүнүчтөрүмө кулак түрчү эмес. “Өзүң ич, аракет кыл” деген сөздөрүнө атам, чоң атамдар абдан таң калышчу. Анткен менен “бизден эмнеси кем, өзү жасасын” деген оюна эч кимиси каршы тура алышкан жок. Башында апамдын мындай мамилесине ыза болуп ыйлап жүрдүм. Кийин мени бала кезимден өз алдынча болууга үйрөткөн аракети экенин түшүндүм.

«Акчаны башкалардан кем эмес таптым»

– Жумасына эки ирет үйдөгү чаңды сордуруу, жаткан төшөгүмдү жыйноо – менин моюнума коюлган милдет эле. Карындашым менен иниме салыштырмалуу бул ишти жасоо мага канчалык оор болсо да, мага карата аөо сезими жок болчу.  Кылган кызматым үчүн оюнчукка, майда керектөөлөрүмө жеткидей акча алчумун. Бирок ал акчаны ошол күнү коротомбу же чогултамбы, ага ата-энем кийлигишчү эмес. Бар акчаны сарамжалдуу пайдаланууну, чогултууну жана максаттуу коротууну мен алты жашымдан баштап үйрөндүм. Мындан улам «маңдай териңер менен тапкан акчаны акыл менен корото билгиле» деген жыйынтыкка келдим.

«Эркектин эң чоң таянычы – атасы»

– «Мейли, сенин колу-бутуң жок болсун, бирок сен каалаганыңды кыла аласың» деген түшүнүктү мага атам берди. Андыктан классташ балдарымдын шылдыңы, келеке сөздөрү мага катуу деле тийчү эмес. Бир жолу классташ балам менен катуу урушуп кеттим. Ал мени мунжу деди. Бул сөздү буга чейин миллион жолу уксам да ушул жолкусу жаныма батты. Үйгө келгенде иниме «ваннага суу толтуруп чөгүп өлгүм келет» дедим. Ал сөз ишке аша электе эле атама желдей жетти. Ал менин бөлмөмө кирип, апам, атам, бир туугандарым жана Кудай мени кандай жакшы көрөрүн түшүндүрүп, мен уктап калгыча башымдан сылап отурду. Бул керемет сезимди мен өмүрүмдө унутпайм.

«Биринчи кайрымдуулукту 19 жашымда кылдым»

– 19 жашымда дүйнөнү кыдырып өзүмө окшогон адамдарга шык берүүнү чечтим.  Муну уккан ата-энем: «Өзүң майып болсоң, дүйнө жүзүн кантип кыдырасың, бала кезиңден бери чогулткан 20 миң долларыңды чачып саласыңбы?»- деп тынчсызданып жатышты. Ошондо мен: «Ата, менин амандыгымды гана тилегиле. Боорукерликтин бул үрөнүн мага силер септиңер. Силердин аркаңар менен мен өзүмдү толук кандуу адам сездим. Мага окшогон мунжуларга да өзүн толук кандуу адам сезүүгө жардам бергим келет»,- дедим. Ошентип, бала кезимден оюнчук албай чогулткан акчамды алып Түштүк Африкага сапар тарттым. Адамга жакшылык кылгандан качпагыла. Дүйнөнүн бир бурчунда же жаныңызда сиздин жылуу сөзүңүзгө муктаж болгон адам бар экенин унутпаңыз.

«Максатыңды эрте аныкта»

– Элдин алдына чыгууга мага эки адам шык берди. Бири – мага окшогон буту жок Филипп аттуу жигит. Ал 25 жашында вебсайт иштетип майыптардын фондун түзүптүр. Ал «сенин жашооң көп кишини таасирлентет» деген болчу. Экинчи адам – мектептеги кароолчу. Ал мага күндө «сен элдин алдына чыгып тагдырыңды айтып бер, көп кишиге шык бересиң» дечү. Анын улуу экенин сыйлап унчукпай тим болчумун. Үч ай бою мага тынымсыз ошентип айта берип мээмде оратор болушум керек деген программа жазылып калгансыды. Болбосо мен эсепчи болгум келчү. Жашоодогу максатыңды аныктаганга жаныңда жүргөн адамдардын салымы болот.  Андыктан айланадагы адамдардын айтканына кулак сала жүрүңүз.

«Топ сени тепкенче, сен аны теп»

– Бир ирет досум менен футбол ойноп калдым. Топ мага учуп келатат, мен ошол саналуу секунддарда аны кантип тосом деп ойлондум. Башым менен тосоюн десем бийик учуп баратат, тебейин десем бутум жок. Эмнеси болсо да көрөйүн деп секирип башым менен топту сүздүм дагы, жерге катуу түштүм. Үч жума денем ооруп төшөктөн тура албай жаттым. Ошондо «майыпмын деп бекер арман кылчу экенмин, көрсө, төшөктөн турбай жаткан жашоодон оор нерсе жок экен» деген  жыйынтыкка келгем. Андыктан өзүңөрдү кандай болсоңор ошол бойдон сүйгүлө.

«Кыялдангандан коркпо»

– Бойдок кезимде «колум жок болсо мен кийин аялымды, баламды кантип кучактайм?» деп ойлочу элем. Үй-бүлөлүү болгонумду элестетип алып ал кыялымдан кайра коркуп кетчүмүн. Мени аянычтуу абалым менен ата-энемден башка ким сүймөк эле дегем. Бирок жашоомдо керемет нерсе болду. Мени аялым сүйдү, удаа уулдуу, андан кийин эки кыздуу кылды. Азыр балдарымдын бетине ээгимди тийгизип, чачынан жыттап эркелеткенди жакшы көрөм. Колум менен аларды кучактай албайм, бирок алар мени кучактайт. Ушундан улам  «кыялдангандан коркпогула» деген жыйынтыкка келдим.

«Колуңдан келбей жатабы, анда кайра жаса»

– Бир жолу Гавайиге барып сёрфинг үйрөнмөй болдум. Досканын бетине жаттым, жанымдагылар мени сууга түртүштү. Тегеректе эл толтура. Жарымы «бул мунжу кантип сёрфингди үйрөнгөн жатат?» деп сынаса, жарымынан азыраагы «сууга чөкпөй үйрөнүп кетсе экен» деп жан тарткандар эле. Жаңылышпасам 15 жолу жыгылып-турдум окшойт.  Бирок мага ата-энем бир жолу «колуңдан келбей жатса кайра жаса, жыгылсаң кайра тур» деп үйрөткөн. Бул жолу да алардын берген кеңеши жардам берди. Сёрфингди үйрөнгөндөн кийин мен «Сенин ийгиликсиз кадамыңды айланадагы адамдар көрсө, басынба. Кыла албай калгандан коркпо. Эң негизгиси, сенде кылгың келе турган ниет бар экени маанилүү» деп кеңеш берип келем.

Аймээрим Курбаналиева

1 КОММЕНТАРИЙ

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here