Негизгиге Менин наристем Баланы тез өрчүшүнө таасир берген оюндар

Баланы тез өрчүшүнө таасир берген оюндар

1403

Баланын акыл-эсинин өрчүшү үчүн сөзсүз акча коротуп ийримдерге берип же кандайдыр бир каражаттарды сатып алуу зарыл эмес. Болгону балаңызга бир аз убакыт бөлүп, кол жана манжа оюндарын ойноо алда канча пайда алып келет. “Кантип?” деп жатсаңыз, төмөнкү макала сиз үчүн.

 

Майда моторика деген эмне?

Баланын акыл-эсинин өрчүшүндө кол жана манжалардын таасири чоң. Анткени мээдеги көрүү, угуу, сүйлөө, кабыл алуу жана эс тутум үчүн жооп берген нерв системалары алакан менен түздөн-түз байланышкан. Ушундан улам манжа көнүгүүлөрүн жасоо майда моториканын өнүгүшүнө түрткү болот.

Майда моторика – кол жана буттардын манжаларынын так кыймылдарды аткаруусундагы нерв, булчуң жана сөөк системаларынын координацияланган кыймылы болуп саналат. Майда моторика ымыркай кезден баштап табигый түрдө өнүгөт. Алсак, алгач буюмдарды кармаганды, бир колдон экинчи колго алганды, кийин кашык кармаганды, калемди кармап сүрөт тартуу сыяктуу кол жана манжа кыймылдары өнүгө берет. Баланын колу, манжалары канчалык кыймылсыз болсо, анын логикалык ой жүгүртүүсү, сүйлөөсү дагы ошончолук жай өрчүйт. Андыктан ар бир ата-эне наристесинин майда моторикасынын өрчүшүнө жардам берүүсү керек. Ал үчүн эки жашка чейинки наристелердин колуна массаж жасап, ал эми эки жаштан жогорку балдар менен манжа жана колду активдүү кыймылга келтирген оюндарды ойноо жетиштүү.

 

МАЙДА МОТОРИКАНЫ ӨРЧҮТҮҮЧҮ ОЮНДАР

  1. ЖОЛДОН ЧЫКПА

Керектүү буюмдар: Кагаз, калем, шуру.

Оюндун шарты: Кагаздын бетине ичке жана ийри кылып жол сызып алыңыз. Манжалардын жардамы менен шуруну тегеретип, сызыктын бир башынан экинчи башына жеткирүүсү керек. Шуру сызылган жолдон чыгып кеткен учурда оюнчу алмашып, башынан баштайт. Балаңыз шуруну жолдун аягына чейин ийгиликтүү тегеретип барса, оюндун кызыктуу кылуу үчүн атайын белек даярдап койсоңуз болот.

 

  1. СҮРӨТ ТАРТУУ

Керектүү буюмдар: жалпак табак, түстүү кагаз, буудай акшагы (ун, майда туз, кум колдонсо болот)

Оюндун шарты: Жалпак табакка түстүү баракты салып, үстүнө буудай акшагын төгүп алыңыз. Буудай акшагы жок болсо ун же майда туз колдонсонуз болот. Алаканыңыз менен буудай акшагын түздөп, сөөмөй менен сүрөт тартканды балага үйрөтүңүз. Калем колдонгонду үйрөнө элек бала үчүн бул оюн алда канча кызыктуу келет жана мунун жардамы менен баланын көрүп кайталоо, ой жүгүртүү, эс тутумун жакшырта аласыз.

 

  1. ОЮНЧУК ТАБУУ

Керектүү буюмдар: Баштык, майда оюнчуктар.

Оюндун шарты: Балаңыздын майда оюнчуктарын баштыкка салыңыз. Оюнчуктарды карабай туруп кармалап табуусун талап кылыңыз. Мисалы, “машинаны тап, коёнду тап, динозаврды тап” ж.б. Бала колун баштыкка салып, карабастан айтылган оюнчукту таап чыккан учурда алакан чаап, аны оюнга шыктандырып туруңуз. Бул оюндун жардамы менен баланын бардык манжалары кыймылда болуп, сезүүсүн, угуусун, ой жүгүртүүсүнүн өнүгүшүнө шарт түзөсүз.

 

  1. БАРАК КЕСҮҮ

Керектүү буюмдар: Түстүү кагаз, калем, кайчы.

Оюндун шарты: Майда моториканы өнүктүрүү менен бирге кайчыны туура колдонууга үйрөтүүчү оюн болуп саналат. Бул үчүн баланын колуна ыңгайлуу кичинекей кагаз кесүүчү кайчыны колдонуу керек. Түстүү барактарга калемдин жардамы менен ар кандай формаларды сызыңыз. Сызыктар аркылуу формаларды кесүүгө үйрөтүңүз.

 

  1. БӨЛҮШТҮРҮҮ

Керектүү буюмдар: 5-6 чуңкур идиш, таш, буурчак, жаңгак, топчу, шуру.

Оюндун шарты: Таш, буурчак, жаңгак, топчу, шуру сыяктуу майда нерселерди аралаштырып, ар бирин өз-өзүнчө идишке бөлүштүрүү керек. Бөлүштүрүүдө бармак, сөөмөй жана ортонун иштетип жатканына маани бериңиз. Балаңыз бул тапшырманы оңой аткарып жатса, көзүн таңып бөлүштүрүшүн өтүнүңүз. Муну менен баланын ойлонуу, чечим чыгаруу, дыкат болуу, көңүл буруусун өрчүтөсүз.

 

  1. ТУУРА КАПКАК

Керектүү буюмдар: Ар түрдүү куту жана идиштер капкактары менен

Оюндун шарты: Ичи бош ар түрдүү косметикалык каражаттар, кутулар же идиштерди бир жерге топтоп, капкактарын ачып коюңуз. Андан соң капкактарды аралаштырыңыз. Баладан ар бир кутунун өз капкагын таап, оозун бекитүүсүн талап кылыңыз. Бул оюндун жардамы менен баланын логикалык ой жүгүртүүсүн өрчүтө аласыз.

 

  1. КИЧИНЕКЕЙ ЖАРДАМЧЫ

 Керектүү буюмдар: Камыр, мейиз, чагылган семичке.

 Оюндун шарты:Пирог жасап жаткан учурда, балаңыздын сизге жардам берүүсүн өтүнүңүз. Даяр камырды мейиз жана чагылган семичкенин жардамы менен кооздоп тиздириңиз. Пирог кооз болушу үчүн иреттүү тизишин талап кылыңыз. Даяр болгон учурда баланы мактап, таттууну бирге жеңиздер.

 

  1. КОЛ ЧАБУУ

Керектүү буюмдар: эч нерсе керектелбейт.

Оюндун шарты:Үч жаштан тартып балдар ыр жаттаганды үйрөнө башташат. Бул мезгилде шаңдуу балдар ырларын үйрөтүп, ырдап жатканда кол чабууга үйрөтүңүз. Бала кичинекей кезинен көп кол чапса, алакандагы жана манжаларындагы нерв системалары активдүү иштеп, мээнин иштешин дагы жакшыртат. Андыктан бир күндө бир канча ирет алакандарын чаптырып, баланын шаңдуу болушу менен тез өрчүшүнө дагы салым кошосуз.

 

Жаңыл ИСАЕВА

КийинкиЖалкоолуктан кантип арылса болот?