Балаңыздын тишине түйүлдүк кезинен баштап кам көрүңүз
Тишке туура кам көрүү ден соолуктун гана негизин түзбөстөн, жагымдуу
жылмаюуну дагы камсыз кылат. Андыктан тишке кылдат мамиле кылууну
канчалык эрте баштасак, кийин туруктуу тиштер чыккан маалда эч кандай
олуттуу маселе жаралбайт.
Кош бойлуу энеге кальций керек
Көпчүлүк ата-энелер баланын сүт тиши чыгып жатканда маани беришпей, ал
тургай тиш жууганды дагы үйрөтүшпөйт. Себеби сүт тиш баары бир түшүп, ордуна
туруктуу тиш чыгат деп түшүнүшөт. Бирок баланын келечектеги ден соолугу, жаңы
чыга турган тиштер дал ушул сүт тиштин сапатынан көз каранды экенин
аңдашпайт. Баланын тишине кам көрүүнү ал түйүлдүк кезинен эле баштоо туура.
Башкача айтканда, кош бойлуулуктун 6-7-жумаларынан баштап түйүлдүктө сүт
тиштердин, ал эми 20 жумалык болгондон тартып туруктуу тиштердин өзөгү пайда
болот. Алар сүт тиштерден тереңирээк жайгашат. Андыктан эне баласынын
тишине кам көрүүнү мына ушул маалдан тарта эле баштаганы дурус. А баланын
тиши үчүн эң зарыл нерсе, албетте, кальций. Кальцийдин булактары болуп
быштак, сүт жана башка сүт азыктары, жашылча-жемиштер, балык, деңиз
жандыктары эсептелинет. Келечекте баланын тиштеринин сапаты жакшы болуш
үчүн энеге күнүнө 1,5 граммдай кальций керектелет.
Жаңыдан чыгып келаткан тишке ромашка суусу жакшы
Бала төрөлгөн соң кээ бирлердики 3-4 айынан тарта, кээ бирлердики 7-8 айынан
баштап сүт тиштери чыга баштайт. Баласынын сүт тиштери чыга баштаганын
аңдаган эне ага кам көрүүгө аракет кылып баштоосу керек. Колун таза жууп,
стерилденген бинтти сөөмөйүнө ороп, алдын ала демделген ромашка суусуна же
жөнөкөй эле кайнатылган жылуу сууга малып алып балаңыздын бүйлөлөрүн, анан
жаңы чыккан сүт тиштерин акырындан сүртүү керек. Муну күнүнө эки жолудан, сүт
тиштери толук чыккычакты жасай берсе жакшы натыйжасын берет.
Тиш жууну оюнга айландырыңыз
Ал эми сүт тиштери толук чыккан 1,5, 2 жаш кезинен тартып атайын балдарга
арналган тиш щётка жана паста менен тиш жууганды үйрөтүңүз. Айрым ата-
энелер баланы күчкө салып кармап алып өздөрү жууп берип жалкытып алышат.
Бул туура эмес. Мындан улам бала акылы киргичекти такыр тишин жуубай коюшу
мүмкүн. Мунун ордуна колуна тиш щётканы карматып, бул ишти оюнга
айландырыңыз:
— Өзүңүз тиш жууган убакта балаңызды жаныңызга алып алыңыз. Сизди көрүп
тиш жууга болгон кызыгуусу артат.
— Тиш жуу процессине келгенде балаңыздын сүйүктүү оюнчугун дагы алып
алыңыз. «Карачы, куурчагың же мамалагың тиш жууганды билбейт экен,
кана, экөөбүз үйрөтөлү» деген сөздөрдү айтуу менен тиш жууга көндүрө
аласыз.
— Балаңыз күнү кечке жеген тамактарды санап, «иий, бул тишиңе шоколад
жашынып алыптыр, тээтиги тиште мармелад отурат, а бул жакта алма туруп
алыптыр…» деп ойноо менен дагы балаңызды тишине кам көрүүгө үйрөтө
аласыз.
— Тиш жуу дайыма жуунуучу бөлмөдө ишке ашыш керек деген ой туура. Бирок
балаңызга эмес. Мүмкүн, ал телевизордон мультфильм көрүп жатып
жуугусу келип жаткандыр, балким, үйдүн ичинде басып жүрүп же
оюнчуктарын ойноп жатып жуугусу келет? Албетте, анткени ал бала. Кайсы
жерден жууса дагы, тишине кам көрүп жатат да. «Үйдүн баарын булгайт,
артынан жыйнамак белем?» десеңиз, жаңылышасыз.
— Ооз көңдөйүндө ар кандай микробдор, бактериялар орун аларын эскертип,
«жуубасаң микробдор тиштериңди уурдап кетет, анан тиши жок каласың»
деп түшүндүрүңүз. Мындай аракет дагы жыйынтыгын бербей койбойт.
— Сиздин сөзүңүздү угуп, тишин кылдаттык менен жууган баланы дайыма
кичинекей белек берип сүйүнтүп туруңуз. Бул ар кандай оюнчуктар болушу
мүмкүн. Таттуулар менен дайыма кубанта берсеңиз, тиш жуудурган
аракетиңиз текке кеткен болот.
Жаш балдардын тишин дарылоо жана аларга кам көрүү боюнча
суроолорубузга Бишкек шаарындагы «Da Vinchi» стоматологиялык
клиникасынын врач-стоматологу Элнура Доктурбекова жооп берди.
“Бала эки жаштан тартып стоматологдун көзөмөлүндө болууга тийиш”
Саламатсызбы? Баланы канча жашынан баштап тиш доктурдун кароосунан
өткөрүп туруш керек?
— Эки жаштан тартып 3 айда бир ата-эне сөзсүз түрдө баласын тиш доктурга алып
келип көрсөтүп туруусу керек. Буга чейин тиши оорубаган күндө дагы врачтын
көзөмөлүндө болуп турса, кийин тиштеринин абалы жакшы болуп, көйгөйлөр
жаралбайт.
Учурда сиздерге кичинекей балдар кандай тиш көйгөйлөрү менен көп
кайрылышат?
— Албетте, тиши ооруганынан улам баланын тамакка болгон табити дагы жоголот.
Көбүнчө «тиши ооруп балам тамак жебей калды» деп кайрылышат. Анан ооз
көңдөйүнө чыкчу стоматиттен, тиштин түптөрүнө чогулуп калган таштардан,
тиштин аябай саргайып кеткенинен жабыркагандар дагы көп.
А баланын тишин кариестерден коргоонун кандай жолдору бар?
— Биринчиден, албетте, ооз көңдөйүнүн гигиенесын туура сактоо. Эртең менен,
кечинде тишти жуу, туура тамактануу. Таттууларды аз өлчөмдө берип, газдалган
суусундуктарды, курамында углевод көп азыктарды баланын рационунан таптакыр
эле алып салуу туура. Мунун ордуна сүт азыктарын, жер-жемиш, жашылчаларды көбүрөөк колдонуу керек. Дагы бир нерсени белгилеп кетким келет, алманы көп
жеген адамдын тиштери кальцийге каныгып, кариес көп түшпөйт.
Ал эми тиш жуучу пастаны, щётканы кантип туура тандоо керек?
— Учурда балдарга арналган пасталар кеңири. Паста, щётканы тандоодо сөзсүз
балаңызды жаныңызга алып алыңыз. Анткени өзү тандаган тиш шаймандары
балаңызды тиш жууга шыктандырат. Анан, албетте, курамында фтору жок
пастаны тандоо керек. Анткени фтор уулуу зат болгондуктан, организмге терс
таасирин тийгизет. Кичинекей балдар чоңдордой болуп оозун толук чайкай албай
жутуп алышы толук мүмкүн. Ал эми щётканы болсо балынын бүйлөсүн
жабыркатпагандай жумшагын тандаган оң.
Эгерде баланын тиштери кыйшык өсүп баштаган болсо, канча жаштан тартып түздөйсүздөр, канча жашта кеч болуп калат түздөөгө?
— 12 жашка чейинки балдардын кыйшык тиштери байкалса, алар көпчүлүк учурда
жулунуп салынат. Анткени ал сүт тиштердин ордуна туруктуу тиштер чыгат. Ал
эми туруктуу тиштер чыккандай кийин дагы бул нерсе байкалса, анда брекет-
системасы коюлат. Брекет бул — кыйшык тиштерди калыбына келтирчү астыңкы
жана үстүңкү тиштерге карматылуучу алтындан, күмүштөн же жезден жасалган
калып.
А ушул брекет-системасын кийгенден кийин тиштер канча убакытта түздөлөт.
— 3 айдан 6 айга чейинки убакытта өз калыбына келет.
Жаш балдардын тиштери «курттай» баштаганда кандай ыкма менен
токтотосуздар?
— Күмүш аралашмасы аркылуу жабыркаган тиштерди дарылайбыз. Бул ыкма
кариестин андан ары өнүгүп кетпешинин алдын алат. Аталган процедураны эки-үч
айда бир кайталап жасатып туруу керек. Анан дагы бул кариес жаңы башталып
келатканда гана жасалуучу процедура. Эгер аябай өтүшүп кеткен болсо, пломба
коюуга аргасыз болобуз.
Кээ бир ата-энелер «балам күндө тишин эки маал жууса дагы «курттап» кетти дегендерин угуп калабыз. Бул эмнеден улам болушу мүмкүн?
— Анда тишин туура эмес жууп жатат. 2 мүнөттөн 5 мүнөткө чейинки убакытта жууш
керек тишти. Эгерде тиш жууну аталган убакыттан эрте токтотуп койсо же 5
мүнөттөн көп жууса дагы тиштер жабыркайт. Эртең менен кечинде тишин жууп,
бирок туура эмес тамактанса да, антип эреже сактаганы текке кеткен болот.
Кичинекей балдардын баары тиш доктурунан коркушат эмеспи, сиз кичинекей кардарларыңызды дарылоого кантип макул кыласыз?
— Ар бир балага мүнөзүнө жараша мамиле кылууга аракет жасайм. Күндө ар
кандай кызыктуу учурларга кабылам. Бирөө ыйлайт, бирөө качканга аракет кылат
дегендей. Бирок азыр оорутпай дарылоочу ыкмалар көп. Ата-энелер балдарын көндүрүп алып келишсе эле, калганы биздин колубузда. Бир байкаганым, ата-
энелерде мурункуга караганда бир аз жоопкерчилик жогорулады. Азыр
балдарынын тишинин саламаттыгын ойлогон ата-энелер көбөйдү. Бул үчүн
дарыгер катары аларга ыраазычылык билдирем.
Маегиңизге рахмат.
Асел Эсенбек кызы