Негизгиге Кош келипсиз! Эрлан Андашев: Көөдөндөн чыккан обондор Америкада да тынчтык бербей койду

Эрлан Андашев: Көөдөндөн чыккан обондор Америкада да тынчтык бербей койду

649

Эрлан Андашев: “Көөдөндөн чыккан обондор Америкада да тынчтык бербей койду”

Ырчы Эрлан Андашев Американын Огайо штатында үй-бүлөсү менен жашап жатканына алты жыл болду. Өзү алыста болсо да чыгармачылыгын, сахнада түптөгөн ордун унуткарбай иштеп жаткан кези. Эрлан менен байланышып, океандын ары жагындагы жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маектештик.

Эрлан, саламатсызбы? Бөтөн мамлекеттин жашоо-шартына, эрежесине алты жылдан бери көнүп деле калгандырсыз?

— Сиздер аркылуу жалпы кыргыз элиме салам айтам. Бул жакка жубайым менен 2013-жылдын жаз айында келгенбиз. Негизи, гастролдоп келип анан калып калганбыз. Башында жакшы эле кыйналдык. Жумуштан жумуш алмаштырдым, мейманканада, заводдо иштеген учурларым болду. Бул жакка келгендердин көпчүлүгү 1-2 жылдан кийин эле чыдабай кетип калышат экен. Бирок сабырдуулук менен кыйынчылыкты жеңсең болот экен. Биз үчүн өзгөчө тил жагынан кыйын болду. Балким, бул өлкөгө келем деп алдын ала даярдансам тил курстарына барып жазылып, окуп даярдык көрмөкмүн. Кокусунан келгендиктен, башында сүйлөм түзө албай, оюмду түшүндүрө албай колум менен жаңсап түшүндүрчүмүн. Бара-бара элге аралашып, көнүп кеттим. Азыр англис тилинде суудай сүйлөйм деп айта албайм, бирок оюмду эркин түшүндүрө алам. Күнүмдүк тиричилигиме керектүү сөздөрдү жакшы билем.

Учурда эмне иш кыласыз?

— Чоң унаа, трак дешет, ошону айдайм. Ал унаага буйрутмага жараша ар кандай жүк жүктөлөт. Канча аралыкка айдаарың да буйрутмадан көз каранды. Көбү айлыгың канча деп сурашат. Баары иштегенге жараша чечилет. Бирөөлөр бир-эки күн иштеп, ошол акча жетет деши мүмкүн. Айрымдар 4-5 күн иштеп топук кылып отура беришет. Бирок мекенден алыстап иштейм деп келгенден кийин болгон аракетти жумшап иштөө керек деп эсептейм.

Америкалыктардын кандай сапаттары жүрөгүңүздү жылытты?

— Эгер көчөдөн көрүшкөндө карап калсаң жылмайып коюшат. “Иштериң кандай? Жакшысыңбы?” деп сүйлөшө кетишет. Каада-салт деген жок. Баарына бирдей меймандос келишет. Башка улуттун өкүлүсүң деп жерибейт, жылуу мамиле жасашат. Бир нерсени сурасаң эринбей убактысын бөлүп айтып беришет. Эгер маанайы жок болуп турса башка адамга ал терс маанайын жуктурбайт. Кыскасы, бул калктын жакшы жактары көп эле экен. Жубайым экөөбүз көнүп кетүүгө, тил үйрөнүүгө да ушул артыкчылыктар себеп болду окшойт. Ошого жараша тартип катуу, мыйзам баарына бирдей иштейт. Жумушка орношууда таанышым, тууганым деген түшүнүк жок. Өз ишиңди мыкты билген адис болсоң гана иштей аласың.

Кызыңызды да ошол жактан мектепке бериптирсиз…

— Кызым мектепке барганга чейин шаарда ата-энемдин колунда болду. Биз бул жактан жумуш, батир таап отурукташып алганда гана колубузга алдык. Бул жактан 1-класска барды. Бала чоң кишиге караганда бир нерсени бат илип алып, өздөштүрүп кетет экен. Англис тилин жакшы үйрөнүп кетти. Үйдөн болсо дайыма кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Жубайым учурда кызымдын билими, үй тиричилиги менен алектенип үйдө.

Ал жакта мекендештер менен жолугуп турасызбы?

— Биз жашаган штатта кыргыздар ынтымактуубуз. Жаңы келген мекендештерди колдоп үй, жумуш таап берип жардамдашып турабыз. Кадимкидей эле жакшылыктарда той-топур уюштурабыз. Бул жактан үйлөнгөндөр бар, балалуу болгондор той өткөрөт. Андайда жолугуп чер жазабыз. Бирок биз жактагыдай күндө майрам, күндө той эмес. Баары эле жан үрөп иштеп, бутубузга туралы деп жүрүшөт да. Алты жылдан бери бул жактагы мекендештерим менен ага-инидей мамиледе болуп калдым.

Америкага жаңы кеткениңизде чыгармачылыгыңыз тыныга түштү окшойт. Бул эмнеден улам болду?

— Ооба, ошол жылдары ырчылыкты биротоло эле жыйыштырып койсомбу деп ойлогом. Ошол ой менен бир топ убакыт ыр жаздырып чыккан жокмун. Андан кийин трак айдап узак жолго чыкканда кыңылдап ырдап обондор жарала берди. Баары бир чыгармачылыктан алыстап кете албасымды билдим дагы, кайрадан экинчи дем менен ырларды жаздыра баштадым. Алардын бири Ирина Шот экөөбүздүн “Жаным” деген дуэтибиз болду.

Баса, Ирина Шот менен кандайча иштешип калдыңыз?

— Менин Сабыр деген досум бар. Ал Ирина менен тааныш экен. Досума “Жаным” деген ырды ким менен дуэт кылып аткарсам деп кеңешсем, Иринаны сунуш кылды. Негизи, ал кыз оюма келген эмес. Кыргыз ырчы кыздардын бири менен аткарам деп ойлогом. Ирина тогуз жылдан бери Испанияда жашайт, экөөбүз алгач скайп аркылуу сүйлөшүп, ырды жаздырдык. Клип тарттырганда Москвадан жолуктук. Ыр элге алынып хит болуп кеткени бизди кубандырды.

Өзүңүз чет жакта жүрсөңүз, чыгармачылыкты алып кетүүнү кантип эптедиңиз?

— Кыргызстанда аранжировкачы досторум бар да. Алар менен азыр да тыгыз кызматташам. Ырды скайп аркылуу байланышып кадимкидей эле жаздырабыз. Клип тартууда болсо мен АКШдан керектүү кадрларды тартып жөнөтөм. Келинчегимде режиссёрлук жөндөм бар. Кыргызстандан тартыла турган кадрларды ал жактагы досторум жасайт. Мисалы, “Сүйбөс болдум” деген ырдын клибинин көп эле жери Кыргызстандан тартылды. Сценарий режиссёр балдарга таандык. Менин отургучта отуруп ырдаган жеримди үйдүн артындагы короодон тартканбыз. Атайын дрон алып койгом, тартууга келинчегим жардам берди. Ушинтип эле иштеп келе жатабыз.

Ата-энеңизге канча убакытта бир келип турасыз?

— Үйдө төрт бир туугандын улуусумун. Менден кичүү эки иним үйлөнүп-жайланган. Эң кичүүбүз 8-класста окуйт. Биз келгенден бери Кыргызстанга бара элекпиз. Ата-энеме виза ачып бергенбиз, сагынганда өздөрү келип турушат. Калган учурларда скайп менен сүйлөшөбүз.

Мекениңизге биротоло качан кайтасыз?

— Көбү чыгармачылыгыңды таштаба деп жатышат. Бул мага ого бетер шык-дем берүүдө. Чыгармачылык мен үчүн каражат табуучу булак эмес. Биринчи кезекте жан дүйнөмдөн чыккан нерсени күйөрмандарым менен бөлүшүү. “Туулган жердин топурагы алтын” дешет го. Канчалык жакшы шарттар, мүмкүнчүлүктөр болбосун  өз жериңди сагынганың сагынган. Бирок бир жерге көнүп, отурукташып калгандан кийин таштоо да кыйын экен. Ошого карабай баары бир мекениме кайтам деген тилек менен гана жашап жатам. Анын качан экенин так айта албайм, Кудайым буюрган күнү барам.

Анара Дүйшөналиева

 

 

 

СоӊкуЭлнура: Эки кызымды таштап өлүмгө моюн сунгум келбейт
КийинкиУшул айда тойлорго канча каражат жумшадыңыз?