Негизгиге Ден соолук Жай мезгилинде кайсы оорулар күч алат?

Жай мезгилинде кайсы оорулар күч алат?

344

Жай мезгили эс алуу үчүн идеалдуу болуп саналганы менен адамдын организми бул убакта эки эсе күч менен иштейт. Ошондон улам дал ушул сезондо бир топ оорулар күч аларын дарыгерлер айтып келишет. Алар кайсы оорулар жана кандай сактануу керек?

ЖҮРӨК ООРУЛАРЫ

Күндүн ысышы кандын тез айлануусуна алып келет. Бул өз кезегинде жүрөктүн согушун тездетип, ага күч келтирет. Организмдеги суюктуктун азайышы канды коюулаштырып, анын курамындагы кычкылтектин азайышын шарттайт. Мында адамдын башы ооруп, дем алуусу начарлап, кан басымы көтөрүлүп кетет. Ошондон улам гипертония, инфаркт жана инсульт болуу коркунучу жогорулайт.
▶️Эмне кылуу керек? Жай мезгилинде газдалган суу ичүү сунушталбайт. Канды керектүү микроэлементтер менен толуктап туруу үчүн кызылча, сабиз, алма, өрүк жана карагат ширелерин ичип туруу керек. Ашкабак, капуста, баклажан өсүмдүктөрүн тамакка кошуу менен жүрөктүн иштешин нормалдаштырууга болот.

БӨЙРӨК ООРУСУ

Жайкысын бөйрөк эки эсе күч менен иштейт. Буга адамдардын тынымсыз суюктук ичүүсү себеп болот. Нормадан ашык суюктук ичкен учурда бөйрөк адаттагыдай иштей албай, организмде суюктуктун калып калышына алып келет. Ошондон улам адамдын буту-колу шишийт.
▶️Эмне кылуу керек? Бөйрөгү ооругандарга диетологдор адамдын салмагына жараша ар бир килограммына 30-60 мл суюктук ичүүнү сунушташат. Ошондо сиз 50 кг болсоңуз – күнүнө 1,5 литр, 80 кг болсоңуз — 2,5 литр суюктук ичүү керектелет. Мындан тышкары майлуу тамак-аш жана туздуу суюктуктардан баш тартуу зарыл.

НЕРВ СИСТЕМАСЫ

Жайкысын кыжырданган жана иштегиси келбеген адамдарды көп кездештирүүгө болот. Анткени температура жогорулаган учурда нерв системасынын функциясы үчүн жооп берген магнийдин жетишсиздиги келип чыгат. Ошондон улам адамдын ой жүгүртүүсү, эс тутуму начарлап, тез чарчап, уйкуга зар болуп калат.
▶️Эмне кылуу керек? Сөзсүз түрдө курамында магнийди камтыган азыктарды колдонуу керек. Аларга: кара нан, гречка, шпинат, грек жаңгагы, төө буурчак, күн карама жана башкалар кирет.

СТРЕСС

Адам тердеген учурда организмдеги керектүү заттар дагы чыгып кетет. Биринчи кезекте калий менен натрий тер менен кошо жоголот. Мындай көрүнүш организмге терс таасирин тийгизүү менен стресс гормонун бөлүп чыгарат. Организмдеги пайдалуу заттардын тер менен чыгып кетиши булчуңдарды дагы жумшартып, алсыз кылат. Ошондон улам жайкы эс алууда жүрсө дагы өзүн чарчагандай сезип, маанайсыз жүргөн адамдарды көргөн чыгарсыз.
▶️Эмне кылуу керек? Күндүн ысыгында ысык тамак жана ысык чай ичүүдөн алыс болуңуз. Муну менен ансыз да тердеп жаткан денеге дагы маселе жаратасыз. Кандай гана тамак жебеңиз, жылымык болушуна маани бериңиз. Организмге суюктукту кайтаруу үчүн суу иче бербестен, ага бир чай кашык бал аралаштырып койсоңуз алда канча пайдалуу болот. Мындан тышкары кургатылган жемиштерден шире жасап ичкениңиз туура.

ТЕРИ ООРУЛАРЫ

Күнгө күйүп калган учурда нурдун таасиринен улам тери алдындагы липид майларынын кычкылдануусу жүрүп, Е витамининин азайышына жеткирет. Мындан улам клеткалар жабыркап, тери бузулат. Териде тактар, чакалай, сепкил же жаранын пайда болушу байкалат. Тери бошоп жана жукарып, бырыштар түшүп, картаюу процесси тездейт. Мындан тышкары ашыкча күнгө күйүү иммундук системаны алсыз кылат. Коркунучтуусу — Кыргызстанда оорулар боюнча 7-орунда турган тери рагына жеткириши ыктымал.
▶️Эмне кылуу керек? Жайкысын жеңил жана кол-бутту жаап турган узун кийим кийүү керек. Эшикке чыкканда колдонуу мөөнөтү өтүп кетпеген күн нуруна каршы крем сүйкөнүп жүрүү зарыл.

АНГИНА

Ангина оорусу күз жана кыш мезгилинде пайда болот деп айтылганы менен практика жүзүндө жайкы мезгилде көп кездешкен оору болуп саналат. Жайкысын бул оорунун пайда болушуна муздак суусундук ичип, балмуздак жеп, кондиционердин жанында туруу же муздак сууга түшүү себеп болот. Оору капысынан башталып, тамак кычышып эч нерсе жуткузбай ооруйт. Мындан тышкары муздак нерселерди ичип-жеш тамактагы кулкундун былжыр кабыкчасынын сезгенишине алып келип фарингит оорусун пайда кылат.
▶️Эмне кылуу керек? Албетте, суусап турсаңыз да муздак нерсе ичип жегенден алыс болуңуз. Өзгөчө муздак бал муздак жегенден кийин ысык тамак жеп же тескерисинче ысык нерседен кийин муздак жебегенге аракет кылыңыз. Ангина жана фарингит жугуштуу болгондуктан ооруп калган адамдын идиштерин жана буюмдарын колдонбоңуз.

КУЛАК ООРУСУ

Сууга түшпөстөн жайкы эс алууну элестетүү мүмкүн эмес. Сууда ар кандай жандыктар, чөп-чарлар, таштандылар болгондуктан таза көрүнүп турса дагы, көзгө көрүнбөгөн миллиондогон микробдор жана вирустар жайгашат. Ошондон улам көлгө, суу сактагыч жана бассейнге түшкөндөн кийин инфекциялык ооруларга кирген отит кулак оорусуна кабылгандар көп кездешет.
▶️Эмне кылуу керек? Сууга түшөөрдө атайын кулактын тешигин жаап туруучу каражаттарды колдонуу керек. Кулагыңыздын ичине суу кирбеген учурда дагы, сөзсүз сууга түшүп чыккандан кийин спиртке малынган кебез менен кулактын ичин жана тегерегин тазалап туруу зарыл.

Жаңыл Исаева

СоӊкуМаркум Айнуранын эжеси Зарина: Сиңдимди ичиндеги баласы менен кошо жерге бердик
КийинкиБалдардын мектепке чейинки билим алуусуна мамлекет кѳмѳктѳшѳт