Негизгиге Интервью Балдардын мектепке чейинки билим алуусуна мамлекет кѳмѳктѳшѳт

Балдардын мектепке чейинки билим алуусуна мамлекет кѳмѳктѳшѳт

214

3 жаштан 5 жашка чейинки балдардын мектепке чейинки билим алуусуна жакшы шарт түзүлдү. Тактап айтканда, айрым үй-бүлѳлѳрдүн балдары үчүн мамлекет атайын долбоорду ишке ашырды. Ал социалдык долбоордун алкагында тандалган үй-бүлѳнүн балдарынын бала бакча акысынын жарымын мамлекет төлөйт. Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Касымова Нурзида бул боюнча кенен маалымат берет.

— Нургиза Абабакировна, бул долбоор кандай максатта ишке киргенин түшүндүрүп ѳтсѳңүз?

— Республика боюнча мектепке чейинки курактагы бир миллионго жакын бала болсо, анын 197 миңи эле бала бакчага барат. Тактап айтканда, жүз пайыздын 30 пайызга жетпегени гана мектепке чейинки билимди алып жатышат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 2015-жылдан бери эле күрөшүп келебиз. Үстүбүздөгү жылы балдарды бала бакчага электрондук кезек менен кабыл алуу ишке ашырылып, Бишкек шаарында 24 миң бала кезекке турду. Эми алардын мектепке чейинки билим алуусун жеңилдетүү жана калктын аялуу катмарын аз да болсо колдоо максатында өкмөттүн тапшырмасынын негизинде бул долбоор ишке киргизилип жатат. Долбоордун негизинде айрым үй-бүлөлөрдүн бала бакчага төлөгөн акчасынын элүү пайызын мамлекет төлөп бермекчи. Азырынча пилоттук негизде Бишкек шаарына бир жылга киргизилет. Бул арада долбоордун артыкчылык, кемчиликтерин аныктап, калктын кайсы катмарына же болбосо кайсы өрөөнгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү керектигин биле алабыз. Ошол жыйынтыкка карап кийинки жылы кеңейтилип, региондорго жайылтылат.

— Жакшы жаңылык экен, бул долбоордун жеке менчик бала бакчаларга да тиешеси барбы?

Ооба, каалаган жеке менчик да, мамлекеттик да бала бакчалар долбоорго катыша алышат. Министрлик бала бакча жана балдарды тандоо боюнча эки комиссия түзүп, бала бакчалар тандалган. Анда жеке менчик бала бакчанын лицензиясы болуп, материалдык база менен камсыз болуусу, санитардык талаптарга жооп берүүсү, мектепке чейинки билим берүү кызматкерлери менен 80 пайыз камсыз болуусу, ар түрдүү карызы болбоосу, банктык эсеби болуусу кажет деген талаптар коюлган. Башында 11 бала бакча катышса, алардын үчөөсү санитардык талапка жооп бербегенге байланыштуу комиссиядан өткөн жок. Азыр сегиз бала бакчанын тизмеги сайтыбызга жайгаштырылды. Ал жерден ар ким өз аймагына жакын бала бакчаны тандап алса болот.

— Бир жыл ичинде канча баланы камсыздоону пландап жатасыздар?

— Негизи миң балага ылайыктап жатабыз. Долбоор 15-июнда старт алат. Азыр элге маалыматты кенен жеткирүүгѳ аракет кылып жатабыз. Биринчилерден болуп бизге кайрылган жаран документтерди эки саатта эле топтоп келди. Документтер так болсо кыйынчылык жаралбасын баса белгилейбиз.

— Социалдык кызматтан кимдер пайдалана алышат?

☑️Көп балалуу үй-бүлөлөр;
☑️Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр,
☑️Атасы же энеси I, II топтогу майып болгон балдар,
☑️Үй-бүлөнү баккан кишисинен ажыраган үй-бүлөлѳр,
☑️Мамлекеттик же муниципиалдык кызматта эмгектенип, эмгек акысы 12 миң сомдон ашпаган жарандардын балдары

— Кандай документтер керектелет?

☑️Арыз;
☑️Баланын күбөлүгүнүн түп нускасы жана көчүрмөсү;
☑️Ата-эненин паспортунун түп нускасы жана көчүрмөсү;
☑️Баланын бала бакчага барууга болот деген медициналык маалым каты.
☑️Эгерде аз камсыз болгон үй-бүлө болсо:
өз аймагындагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан аз камсыз болгон үй-бүлө деген маалым каты же үй-бүлөнүн кирешеси
☑️Эгерде көп балалуу үй-бүлө болсо:
Жергиликтүү органдардан үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалым кат
☑️Эгерде мүмкүнчүлүгү чектелген болсо:
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу,
☑️Эмгек акысы 12 миң сомдон аз же багарынан ажыраган болсо:
Алты айлык кирешеси же болбосо алты айлык эмгек акысынын маалым каты

— Кантип ишке ашат?

☑️Тандаган бала бакчаңызга керектүү документтерди тапшырасыз.
☑️Документтердин негизинде кабыл алынган балдар комиссиядан өткѳрүлүп, социалдык талон алып, тапшырык буйруктун негизинде сайтка жарыяланат.
Эми мамлекеттик тапшырыкчы, социалдык кызмат көрсөтүүчү (бала бакча) жана социалдык талон алуучунун (бала) ортосунда үч жактуу бир жылдык келишим түзүлөт. Келишимдин негизинде мамлекет бала бакчага кеткен сумманын жарым баасын төлөп турат.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуЖай мезгилинде кайсы оорулар күч алат?
КийинкиКаныкей: Кол өнөрчүлүктөн тапкан акчама дары-дармек алам