Каныкей ден соолугу чың адамдай жагымдуу таасир калтырган, алтын колдуу кыз. Ал майыптыгын эле эмес, аянычтуу тагдырын жылмаюусуна катып келет. Анын максаттуу жашоосуна тилектештердин кѳп болушу зарыл болуп турган чак.
“Чоң энем бизди ынтымактуу кылып тарбиялады”
▶️Мен Ысык-Көл районунда төрөлгөм. Жашым 24тѳ. Эки байкем, эки эжем бар. Ата-энем мен эки айлык кезимде эле ажырашып кетишиптир. Апам алгач менден улуу эжемди гана атама таштап, калганыбызды өзү менен алып кеткен экен. Бирок жалгыз бой энеге төрт баланы багуу кыйын эле да, аз убакыттан кийин эки байкемди, эжем экөөбүздү чоң энемдин колуна таштап кетиптир. Ошондо чоң энем “балдарым чогуу чоңоюшат” деп сүйүнгѳн экен. Кийин “баарыңар чогуу болгула, эч качан ажырабагыла” деп кулагыбызга куюп жүрүп чоңойтту. Чоң энем бизди балапандай кылып канатына калкалап, конокко кезектештирип ээрчитип алып барар эле. Бизге үйдүн да, эшиктин да жумушун үйрөткөн энем болду. Андан да маанилүүсү ал бизди ынтымактуу кылып тарбиялаптыр. Бешѳѳбүздү ушинтип чоңойткону үчүн абдан ыраазымын. Атам менен чоң апамдан удаа ажырап калдык. Ошондо айыл өкмөтүнөн кишилер келип “багар адамы жок” деп бизди балдар интернатына алып кетебиз дешти. Ал кезде улуу агам 18 жашка толгон эле. Ал “бардык бир туугандарымды өзүм камкордугума алам, аларды эч кимге бербейм” деп көк беттенип жатып бизди алып калган. Жетим калып башыбызга далай кыйынчылыктар келди. Ошого карабай ар убак чоң апамдын айткан насаатын эстен чыгарбай бешөөбүз бирге келебиз.
“Атамдан арак анан ажал ажыратты”
▶️Атам бизди камсыздоо үчүн эртеден кечке мал чарбасы менен алышып, жайкысын тоодон карагат, барбарис терип сатчу. Ушинтип жүрүп чынында бизге убактысы деле болчу эмес. Мектепте алдыңкы окуучулардан болдум. Өзгөчө музыка сабагын сүйүп, келечекте ырчы болууну кыялданчумун. Атам да шыгымды байкап, бош убактысы болсо эле мени алдына отургузуп алып ырдата берчү. Атамдын колдоосу, мактоо сөзү мага дем-күч берчү. Кийин экинчи апалуу болдук. Тилекке каршы алар бир балалуу болуп эле ажырашып кетишти. Кийин экинчи апабыздын каза болгондугу тууралуу кат келип, ал атама катуу тийди окшойт. Ичкилик менен достошо баштады. Жашоосунун акыркы күнү да ичип алып үйгө келе жаткан экен. Үйдөн алыс эмес жерден аккан арыкка түшүп кетип, чыга албай жатып сууга тумчугуп калыптыр. Атамдын бул абалын биринчи мен көргѳм. Эжем экөөбүз үйдү жыйнагандан кийин даараткананы да жууп чыгууну адат кылганбыз. Сууну ошол арыктан алчубуз. Эч нерсе оюмда жок сууга барып, суук абалга туш болуп нес болгом. Байкелерим атамды алып чыгып жатышканда бети-башы көгөрүп, шишип кеткенин кѳрүп да катуу чочуп калгам. Ушинтип атамдан бизди арак анан ажал айрыды. Өз апабыз болсо бизден кабар алчу эмес. Аз убакыттан бери эле бизди таап кабарлаша баштады. Азыр ага-эжелерим менен сүйлөшүп турат. Экинчи үй-бүлөсүнөн үч баласы бар, Казакстанда жашайт. Бирок, мен апам менен сүйлөшпөйм. Мени ымыркай кезимден эле таштап кеткенге арабыз сууп калыптыр. Ошентсе да ал мени тогуз ай боюнда көтөрүп, азап менен жарыкка алып келген эмеспи. Албетте, апамды кечирүүм керек. Ал үчүн мага убакыт керек болуп жатат. Ал эми атамдын экинчи турмушундагы баласы менен улуу агам кабарлашып келет. Ойлосом, бир тууганга бай экенмин.
“Оору мени балдар үйүнѳ алып кетти”
12 жашымда муундарым шишип, ичим өтүп, тамакка табитим тартпай ооруп калдым. Агам Чолпон-Атадагы ооруканага алып барды. Ал жактан эч кандай анализ албай туруп белгилерге карап эле бруцеллёз деген аныктама коюп дарылашты. Ооруканадан чыккандан кийин да дарыларды жазып беришти. Бир айдан кийин кайра да баягыдай ооруп, атүгүл мурдагыдан да күчөдү. Өз алдымча баса албай калганымда борборго жѳнѳдүк. “Эне жана баланы коргоо” борборуна келип анализ тапшырсак “ревматиодный артрит” деп чыкты. Бул оору катуу чочугандан, суук тийгенден пайда болот экен. Атамдын акыркы абалын кѳргѳндѳ катуу коркуп калганымды жогоруда айтып ѳтпѳдүмбү. Кийин да буттарым титирей бергенде атамдын эжеси жүрөгүмдү көтөртүп келген эле. Анан да кичинекей кезибизде сууга түшүп кѳп ойночубуз. Балким ошондо суук тийгенби, билбейм. 12 күн дарылоо курсун алган соң өзүмдү жакшы сезип калгам. Доктурлар тез-тез кѳрүнүп, атайын дарыларды кабыл алып туруумду айтышканы менен аны анчейин эске албай койдук. Бир чети ага каражатыбыз да жок эле. Элдик медицина менен дарыланып, мугалимдер үйгө келип сабак өтүп жүрүп 9-классты араң аяктадым. Тиешелүү дарыларды ичпегендиктен убакыттын өтүүсү менен оорум күчѳп, баса албай калганда майыптар арабасына отурдум. 18 жашка чыкканча үйдө отуруп, андан кийин “эч кимге жүк болбоюн” деген ой менен карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үйүнө өз эрким менен кетип калдым.
“Үйдөн көрбөгөн мээримди интернаттан таптым”
▶️Интернатка кетүүмдү туугандарым туура эле кабыл алып, буттарына турган соң алып кетерин айтышкан. Интернат десе көпчүлүк адамдардын оюна жаман нерсе келет экен. Тескерисинче, ал жакта жашаган жылдары мен жалаң жакшы нерселерди таап, жакшы нерселерди кѳрдүм. Интернаттагы карылар мени кызындай көрүп эркелетип турушчу. Атүгүл атайын жалгыз бөлмө да берип коюшкан. Бир туугандарым да келгенде андагы жакшы адамдарды чоң энебизге салыштырышчу. Ата-эне мээримин көрбөгөнгө үйдөн ала албаган мээримди интернаттан таптык десем болот. Аяктан тапкан апаларыбыздын чачын өрүп берип, жөн гана жанында отуруп баарлашуу бизге бакыт эле. Ага-эжелерим кеткилери келбей жатып араң кетишчү. Бир туугандарым мага жума сайын келип, ар бир жолу таттууларга кошуп китеп, алаксуум үчүн кол өнөрчүлүккө керектүү бир нерселерди алып келишчү. Бир жолу түйүлүп жасалган даяр кутуча менен ага керектелүүчү жип-шууларды кошо алып келишиптир. Алгач ага маани деле берген эмесмин. Бир күнү зеригип отуруп нускамасына карап жасап көрсөм, өзүмө эле эмес, апаларга, мугалимдерге да жакты. Окшошконуна сүйүнүп, улам кызыгып жасап отуруп бул ѳнѳрдү ѳздѳштүрүп алдым. Мурда жакындарыма жасап таратып жүрсөм, бүгүнкү күнү кутуча, акча салгычтарды буйрутма менен жасап баштадым. Азырынча кардарларым тааныштар, кошуналарым болуп жатышат. Инстаграмдан баракча ачып буйрутма кабыл алып, бизнес катары ѳнүктүрүүгө да аракет кылып жатам.
“Менин саламаттыгым үчүн аракеттенген туугандарыма рахмат”
▶️Интернатта жашап жүргөндө ал жакта иштеген Назгүл аттуу эже: “Өмүр бою арабада отурмак белең. Али жашсың, басышың керек”,- деп шыктандырып, Японияда устазы бар экенин, ал жасалма бут салып берерин айтты. Ушундай шыктандыруудан улам басууга жол издей баштадым. Анан белгилүү хирург Сабырбек Жумабеков агайга кѳрүнүп, ал мага бекер операция жасап берди. Элдин, кайрымдуулук фонддордун жардамы менен эки тизенин чарасына коюулуучу протезди чет жерден алдырдым. Кудайга шүгүр, азыр балдак менен өз алдымча баса алам, бирок, жерге отура албайм. Эки колумдун чыканактары бүгүлбөйт, ошон үчүн колум башыма жетпейт. Жамбаш сөөктөрүм да чирип кетиптир. Эми колдорум менен жамбашыма кайра эле Сабырбек байке бекер операция жасап бергени жатат. Мен болгону Түркиядан протез алдыртышым керек. Анын наркы 12700 доллар турат экен. Кол өнөрчүлүктөн тапкан акчам дары-дармегимден ашпайт. Учурда батирде жашаган жездем менен эжемдин үйүндөмүн. Бир агамдан башка бир туугандарымдын бардыгы үйлөнүшкөн, баары тең батирде жашашат. Мени бутка тургузам деп эмгектенип жүрүшкөндөрүн көрүп, “ден соолугумду чыңап алсам эселеп кайтарам” деп тилек кылып келем. Аларга күч келтирбей ѳзүм да аракет кылайын деп кол ѳнѳрчүлүк менен тынымсыз алектенип жатам. Мага буйрутма берүүнү каалагандар үчүн байланыш номерим 0700 12 89 80
Айгерим Токтобай кызы