1-июнь күнү Бишкектин Арча-Бешик конушунда кандуу кырсык катталган. Анда Мерседес Бенц унаасынын 29 жаштагы айдоочусу саатына 160 чакырым ылдамдыкта баратып 34 жаштагы аялды баласы менен кошо коюп кеткен. Каза болгон эне-баланын жакындары окуя тууралуу буларга токтолушту.
Мирзада, кошунасы: “Эже жашап кетсе экен деп тилендим, бирок…”
▶️1-июнь күнү кечки саат он жарымда катуу үн чыкты. Кѳчѳгѳ атып чыктым. Кѳзүмѳ дароо эле жолдо жаткан кызыл кепка кѳрүндү. Ары жакта бир бала телефонунун жарыгын жандырып алып жерде сулап жаткан денени ары-бери ѳткѳн унаалардан коргоп жол кѳрсѳтүп атыптыр. Чуркап жетип оң кѳзү аңтарылып жаткан аялды кѳрдүм. Беш мүнѳткѳ жетпей эл толуп, тез жардам чакырдык. Жолдо кичинекей баланын баш кийими жатканын айтсам балдар жолдун жээгиндеги арыкка чуркап барышты. Ал жакта 4-5 жаштагы баланын оозу-мурду сыйрылып, бети кѳпкѳк болуп жатыптыр. Балдар пульсун текшерип, “жаны бар экен” деп унаага салып ооруканага алып жѳнѳштү. 10-15 мүнѳт ѳтпѳй тез жардам унаасын кѳрүп калдык. Бирок ал биз чакыргандан башка тез жардам экен. Аны токтотсок медайым Ыкыбал эженин колуна, мойнуна, санына дары сайды. Сол буту буралып, жанчылып калыптыр. Андан кийин жандандыруу бѳлүмүнүн тез жардамы келип, дарыгер текшерип “мүрт кетиптир” деп бетин жаап койду. Бир аздан соң ѳлүккана кызматкерлери келип сѳѳктү алып кетишти.
Сүзгѳн унааны кѳргѳн жоксузбу?
▶️Жок, үнүн гана уктум. Мен чыккан кезде бир эле бала бар болчу. Милиция кызматкерлери, тез жардам кызматы да кѳптѳ келди. Алардын кечиккенин айтып нааразы болсок бирѳѳсү: “Эмне, биз ѳлтүрдүкпү? Биз күнѳѳлүбүзбү?”-деп кекенди. Ошол жерден бир бала: “Түтүнмѳ-түтүн кыдырып коюп кеткен адамды издейли” деген сунуш киргизди. Менин жанымды кейиткени, эже сыз жерде жатты. Кѳйнѳгү түрүлүп калыптыр, жанталашып камерага тартып аткандар да болду. Кошуна эже үйүнѳ чуркап кирип шейшеп алып келип жапты. Убакыттан да уттурдук окшойт. Башында дем алып аткан болчу. Жашап кетсе экен деп тиленип андан кѳзүмдү албай карап турдум (жашып). Эженин ошол элеси азыр да кѳз алдымда тартылып турат. Эртеси бала эмне болду экен деп №4 ооруканага бардык. Балким кан керек болсо тапшыралы деген элек. Тилекке каршы ал жактан “бала жолдон эле үзүлүптүр, сѳѳгү ѳлүкканада” деген жооп уктук.
Гүлпѳткан эже, каза болгон келиндин апасы: “Кызым келчү күнү ѳзүн эмес, сѳѳгүн тосуп калдым”
▶️Ыкыбал жети баланын үчүнчүсү эле, 1985-жылы тѳрѳгѳм. Балдарымдын арасынан башкача жароокер эле. Аны “ѳзгѳчѳм” деп эркелетчүмүн. Окууну бүтүп, иштеп жүрүп “Таласка турмушка чыгам” деди. Атасынын “кызым, алыс жерде эмне бар?” деген сѳзүн жерге таштай албай 29 жашына чейин бой жүрүп калды. Кийин Токтогулдун Ичке-Суу айылына турмушка чыкты. Биз Жетигенден болобуз. Коңшу айылга кеткенине сүйүнүп калдык. Жашы ѳткѳндүк кылып баласын кыйналып операция жолу менен тѳрѳгѳн. Баласына 7 ай болгондо мен айылга алып кетип багып, ѳзү шаардагы кафелердин биринде иштеди. 3 жашка чыкканда уулун жумушунун жанындагы бакчага киргизип алган. Жолдошу да куулук-шумдугу жок, жоош жан. Ушунча болуп бири-бири менен катуу урушуп, кызымдын ыйлап келген күнү болгон эмес. Бактылуу турмушу бир заматта астын-үстүн болду. Кызым менен андан мурунку күнү эле сүйлѳшкѳм. Абышкам эки жыл мурда каза болгон, Орозо айтта ага куран окутмакпыз. Ага карата “бешинде жолго чыгам, апа” деген (ыйлап). Ал күнү ѳзүн эмес, неберем экѳѳнүн сѳѳгүн тосуп албадымбы.
1-июнь күнү баласын майрамдатканы чыккан го?
▶️Ооба, эжеси экѳѳ балдарды аянтка чыгарып майрамдатышып, кечинде ооз ачышыптыр. Ондорго жакындап калганда эжеси “биздикине эле барып жатып алгыла” десе баласы чырылдап үйгѳ кетебиз деп болбой коюптур. Неберемдин кѳңүлүн кыйбай үйгѳ келатканда кырсыктап атышпайбы. Жѳѳ жүргүнчү ѳтѳ турган белгиден эле өтүп баратышкан экен, ортосуна жеткенде унаа коюптур. Сѳѳгүнѳн тамтык жок, жүлүнү үзүлүптүр, кыр аркалары, буту, бели сыныптыр. Ѳлгѳн адамдын денеси катып калат эмеспи, анын сѳѳгүнүн баары сынып калганга денеси тим эле куюлат. Бетинен тамтык жок дейт. Ѳлүкканадан сѳѳктү беришкенде “бетин ачпагыла” деп эскертишкен экен. Мени сѳѳккѳ жолотушкан жок. Ийнине башымды жѳлѳп ѳксүп ыйлап узаттым. Шарият боюнча эне-баланы бир кабырга киргизсе болот экен. Экѳѳнү чогуу кѳмдүк. Жок дегенде уулу тирүү калса эмне деп ыйлап аткам, азыр Кудай эне-баланы ажыратпайын деп экѳѳнү бирдей алып кетти окшойт деп отурам.
Коюп кеткен баланын туугандары барган жокпу?
▶️Сѳѳк жашырылган соң боз үйдѳ ыйлап отурсам бир аял кучактап калды. Аңгыча кызым жетип кулагыма “коюп кеткен баланын апасы” дегенде денем жыйрылып, жүзүмдү бурдум. Бир топ сѳздѳр айтылды, акырында уруш чыкпасын деп боз үйдѳн аларды чыгарып кетишти. Азыр Токтогулдан кызымдын жаны чыккан жерди кѳрѳйүн деп атайын шаарга келдим. Кѳрүп кѳкүрѳгүм суубаса болчудай эмес. Жаркылдагым күндѳ телефон чалып: “апа, башың ооруган жокпу, бутуң жакшыбы?” деп сурап турчу. Ооруп маңдайымда жатып үзүлсѳ эмне? Колунан кармап, чекесинен жыттап ѳмүрүнүн аягына чейин жанында болбойт белем. Мындай шорду эч бир эненин башына салбасын!
Тѳркѳбек, келиндин кайненеси: “Балама үй-бүлѳсүн жоготконун угузуу кыйын болду”
Кырсык болгон күнү уулуңуз кайда экен?
▶️Уул-келиним баш кошкон соң эл катары шаарга келишкен. Батирде турушчу. Балам курулушта иштейт. Маал-маалы менен дааватка чыгып турчу. Ошол учурда да 3 күндүк дааватка чыгып кеткен экен. Келиним менен неберемдин сѳѳгүн алып кетишкенден кийин милиция туугандарына кабар берели дешсе Ыкыбалдын телефону блокто экен. Сураштырып атып биринчи сиңдисине байланышып, суук кабарды айтышыптыр. Анан кошуналар, туугандар тегеректеги мечиттерден баламды издеп жѳнѳшүптүр. Дааваттын да ѳз эрежеси болот экен, баламдын телефону ѳчүрүлүү болуптур. Ошентип аны Ала-Тоо жактагы мечиттен табышып, бирок эч ким ага үй-бүлѳсүнѳн айрылганын угуза албай коюптур. Аргасыз “айылдагы бир чоң эне ѳлдү, жаназасына тур”, — деп жолго алып чыгышыптыр. Балам аялы менен баласын алып алууну айтса “алар эбак эле жолго чыгышкан” деп коюшуптур. Ошентип, айылга жетип калганда астынан топ туугандар тосуп чыгып угузушту. Боз үйгѳ жетип эле бүк түштү. “Унаадан этияттап ѳткүлѳ” деп айтчумун дейт…
Кырсыкка себепчи болгон бала тарап менен жүз кѳрүшүп, сүйлѳштүңүздѳрбү?
▶️Алар сѳѳктү жерге бергенден кийин Ичке-Сууга барышты. Кан жутуп отурган жаныбыз бир топ сѳздү айттык. Бир топ сѳз болгондо эмне, болгону чындыкты айттык. Баласы эки адамды ѳлтүрѳ сүзүп эмне үчүн токтобой кетип калат? Кийинки кѳчѳдѳ эле жашайт экен. Итти уруп кетсе деле токтоп, жолдун жээгине чыгарат да. Мүрт кеткен күндѳ деле сѳѳктү сыйлап токтобойбу? Тоготпой кетип калып кантип таң аткыча үйүндѳ чыдап жатты, билбейм. Ал үйүнѳ барып жашынган учурда келиним кансырап сыз жолдо, неберем арыктын жээгинде чала жан болуп жатыптыр да…
Милицияга ѳзү барыптыр го?
▶️Эгер ошондой эле күнѳѳсүн мойнуна алып баргысы келсе ошондо эле узабай барат болчу. Мунун арам ою ишке ашпай калды. Эл чурулдап турганда топтошкон балдар жүргѳн дейт. Анан кѳпчүлүктүн арасынан “мен ал баланы тааныйм, ушу тегеректе эле жашайт” деген сѳздѳр айтылыптыр. Ал топтошкон балдар атайын чалгынга келишкен. Жогорудагыдай сѳздѳрдү укканда баары бир кармалат экенбиз деп түңүлүштү. Экинчиден, ушу жерде жашагандар, милиция кызматкерлери түтүнмѳ-түтүн кыдырып шектүү унааны издешти. Ал унаа табылары менен бала милицияга ѳзү барып атпайбы. Бул да жѳн жерден эмес. Балким бала ошол милиция бѳлүмүнүн жанында туруп турса керек, ата-энеси качан гана үйүнѳ милиция келгенде баланы кабардар кылып, ал милицияга кирип бардыбы деп ойлоп атабыз. Себеби “кармалды” менен “ѳзү келди” деген эки башка статья экен. Кырсык болгон жерден качып кетип, үйүнѳ барып план түзүп алып анан бул баланы милицияга жиберишти деген ойдобуз. Азыр баш-аягыбызды бир аз жыйнап калдык. Эми тергѳѳ иштерин тыкыр кѳзѳмѳлгѳ алабыз. Унааны жарыгын күйгүзбөй айдап келе атканы дүкөндөгү камерага түшүптүр. Азыр убактылуу кармоочу жайда отурат.
Ошондо баланын туугандары эмне деп атышат?
▶️Айылдан бул жактагы батирине келип кесиптештерине, кошуналарына куран окуттук. Тиги тарап келип батирди айландыра карап, тоготпогондой мамиле жасашты. Ал жерден “балаңар эмнеге качып кетет, эмне үчүн жардам бербейт” дедик. Таежесимин деген аял: “Эмне эле болуп атасыңар, бул деген кырсык! Атаңды ѳлтүргѳнгѳ энеңди алып бер деген сѳз бар” деген сыяктуу текебер сүйлѳдү. Үйдѳн кууп чыктык. Айылга барганда да акча сунушташыптыр. Бизге акыйкаттыктан башка эч нерсенин кереги жок! Анын баласынын башы тирүү турат. Канча жыл болсо да кутулуп ата-энесинин маңдайына келет. Биз эки жандан бирдей айрылып кан жутуп отурабыз. Кечээ эле очор-бачар болуп, күлкү жаңырып турган үй томсоруп, уулумдун коколой башы калды. Ушул азап оңойбу бизге? Кудайга колу жеткен немелер болсо да биз акырына чейин барабыз. Эгер тергѳѳ иштери бурмалана турган болсо митингге чыгып, бардык чараларды колдонгондон кайра тартпайбыз.
Анара Дүйшѳналиева