Негизгиге Пайдалуу кеңеш Курт-кумурскалар чакканда эмне кылуу керек?

Курт-кумурскалар чакканда эмне кылуу керек?

3342

Дене кычышып, курт-кумурскаларга чагылуу жай мезгилиндеги жөнөкөй көрүнүш. Бирок айрым кичинекей жандыктардын чакканы аллергия кылып, дене табын көтөрүп, жүрөктү дүүлүктүргөнгө чейин жеткирет. Андыктан, кайсы курт-кумурска чакканда кандай чара көрүү керегин билип алуу ар бирибиз үчүн ашыктык кылбайт.

▶️КЕНЕ
Кенени өз алдынча чыгарбастан, дароо дарыгерге кайрылуу керек. Бирок ооруканага баруу мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, үй шартындагы айрым ыкмаларды колдонуу менен териден кенени чыгарсаңыз болот:
☑️Пинцетти спиртке малып, кенени кыпчуу жолу менен сууруп алсаңыз болот. Бул жандыктын денеси үзүлүп же жарылып кетпеши үчүн болушунча теринин түбүнөн кармаңыз. Оңго-солго кыймылдатуу менен акырын артка тартып чыгарыңыз.
☑️Ичке жиптин жардамы менен териге жармашкан кенени байлап алыңыз. Жиптин эки жагын тең бириктирип бармак жана сөөмөйүңүз менен сол жакты көздөй айлантыңыз. Кене териден бошой түшкөндө жипти айлантууну токтотпостон, артка тартып сууруп алыңыз.
☑️Өсүмдүк майын же башка май түрүн териге кирген кенеге сүртүңүз. Бул ыкма аркылуу кене майга тумчугуп бара жатканда өз алдынча чыгат. Бирок бул ыкманы жаңы кирген кенеге колдонуу керек. Көпкө туруп калган кене чыга албай өлүп, денеси териде калышы мүмкүн.

▶️ЧИРКЕЙ
Чиркей чаккан учурда ал аймакты тырмабаганга аракет кылыңыз. Сиз тырмаган сайын тери жабыркап, шишик чоңоёт. Андыктан кычышуусун токтотуп, шишикти жок кылуу үчүн төмөнкү ыкмаларды колдонуп көрүңүз.
☑️Бир стакан таза сууга бир чай кашык тамак-аш содасын кошуп аралаштырыңыз. Даяр суюктук менен чиркей чаккан аймактарды сүртүп чыгыңыз.
Бака жалбыракты эзип, жабыркаган териге сүйкөңүз. Дарылык касиетке ээ чөп бир гана шишикти кетирбестен, инфекциянын кирип кетүүсүнүн дагы алдын алат.
☑️Бир сарымсакты майдалап эзип алыңыз да, аз өлчөмдөгү сууга аралаштырыңыз. Таза чүпүрөк же кебезди суюктукка малып, кызарган териге сүртүңүз. Бул ыкма менен теринин оруксунуусун, кызарып, кычышуусун токтотуп, шишиктин алдын аласыз.

▶️ААРЫ
Аарынын сары-кара түстөгү түрү чаккан учурда ийнеси териде калып калат. Таза ийне же пинцеттин жардамы менен алгач аарынын ачуу ийнесин чыгарып алып, андан соң теринин оруксунуусун басуучу ыкмаларды колдонуу керек.
☑️Майдаланган сарымсактын ширеси менен аары чаккан аймакты сүртсөңүз, оруксунуу дароо жоголот. Ал эми тери шишип, ириңдеп баштаса жарым кашык балга жарым кашык майдаланган сарымсакты аралаштырып, аары чаккан териге сүйкөп, чүпүрөк менен таңып коюңуз. 3-4 сааттан кийин дагы бир жолу кайталап сүртүп чыгыңыз.
☑️Аары чаккан аймак оорутуп, шишигени кетпей жатса кадимки эле капуста жардамга келет. Ал үчүн капустанын жалбырагын 1-2 мүнөткө кайнаган сууга салып жумшартып алыңыз. Капустанын бир бетине бал сүйкөп, ал жери менен шишиген теринин үстүнө коюп, бинт менен таңып жатыңыз.
☑️Кызарып, шишиген теринин оруксунуусун тез басуу үчүн петрушка чөбүн эзип аары чаккан жерге басыңыз. Мындан тышкары чийки картошканы экиге бөлүп, чаккан жерге басып турсаңыз, шишик тарап, ачышып ооруганы тез жоголот.

▶️БҮРГӨ
Бүргө терини чакканда дароо кычышат. Бирок бул жандык тез кыймылдап жана секирип жүргөндүктөн аны кармоо оңой эмес. Кан менен гана азыктанган бүргө ар түрдүү ооруларды дагы жуктурушу мүмкүн. Андыктан дароо бүргө чаккан аймактарды тазалап, айыктырууга аракет көрүү керек.
☑️Бүргө чаккан терини тырмабаганга аракет кылыңыз. Ал аймакты самындуу муздак суу менен жууп, содалуу суу менен сүртүп чыгуу зарыл. Каакымдын ичинен чыккан ширеси менен бир күндө бир канча жолу бүргө чаккан чекиттерге сүртүп туруу, кычышуу менен бирге инфекциялардын алдын алат.
☑️Жабыркаган терини муздак суу менен чайкап, кургатып алыңыз. Алоэ өсүмдүгүн эзип, жабыркаган териге сүйкөп чыгыңыз. Теринин кызарганы күчөп, шишигени пайда болсо эзилген алоэни териге жармаштырып, чүпүрөк менен таңып коюңуз.

▶️КУМУРСКА
Жабыркаган терини муздак суу менен жууп, чаккан аймактарга муз басып туруңуз. Аллергиялык реакция берип баштаса, башка ыкмаларга өтсөңүз болот.
☑️Пиязды майда туурап, кумурскалар чаккан жерге сүйкөп чыгыңыз. Ооруксунуу басылбаган учурда, пиязды териде калтырып, үстүнөн бинт менен байлап коюңуз.
☑️Жалбыз жалбырагын майдалап, кумурска чаккан териге сүртүү керек. Жалбыз табылбаган учурда, жалбыз даамындагы тиш пастаны жабыркаган териге сүйкөө менен оруксунуудан арылсаңыз болот.
☑️Кумурскалар чаккан учурда каймак менен сүртүү дагы оң таасир берет. Ачышып жана кычышканы кетпеген учурда сүттү тоңдуруп жабыркаган териге сүртсөңүз болот.

▶️КАНТАЛА (КЛОП)
Кантала чаккан учурда муздак сууга жуунуп, кийимдерди тазалоодон өткөрүү керек. Даарыканалардан атайын канталага каршы каражаттарды алып, эч болбогон учурда элдик ыкмаларды колдонсоңуз болот.
☑️Спиртке кебезди малып, кантала чаккан аймактарды сүртүп чыгыңыз. 4-5 сааттан кийин кайталап бир күндө эң аз 3 жолу жасаңыз.
☑️Укропту майдалап бир стакан суу менен аралаштырыңыз. Даяр суюктукту муздаткычка салып тоңдуруп алгандан кийин, жабыркаган териге сүртүп чыгыңыз.
☑️Каакымдын жалбырактарын майдалап ширесин териге сүйкөңүз. Майдаланган жалбырактарын жабыркаган жерлерге коюп, чүпүрөк менен таңып коюңуз.

▶️ЖӨРГӨМҮШ
Үйдө жана эл көп жерде жайгашкан жөргөмүштөр адамдын ден соолугуна зыян алып келбейт. Ал эми жайлоодон, тоодон же талаадан чактырып алган учурда күчтүү аллергиялык реакцияга алып келчү уулуу жөргөмүштөр чаккан болушу мүмкүн.
☑️Жабыркаган терини самындуу суу менен жууп, кургатып алган соң спирт менен сүртүп чыгыңыз да таза чүпүрөк менен таңып коюу керек.
☑️Лимон, апельсин, бадыраң, пияз, петрушка, каакымдын ширелери жабыркаган теринин тез сакайышына жардам берет. Ал үчүн терини тазалап алып, бир күндө бир канча ирет сүйкөп туруу зарыл.
Бир стакан сууга, бир чай кашык уксус кошуп аралаштырып, бир саат муздаткычка салып коюңуз. Убакыт өткөн соң, жабыркаган териге сүйкөп туруңуз.

СоӊкуТаалайгүл: Апамдын каршылыгына карабай майып адамга турмушка чыккам
КийинкиАр бир ата баласына үйрөтүүгө тийиш болгон нерселер