Баланын жашоосунда жана анын тарбиясында албетте, эненин орду чоң. Бирок ата жасоого тийиш болгон да нерселер бар. Айрыкча эркек баланын тарбиясында.
Алардын негизгилери төмөнкүлөр:
☑️Жеңүүгө да, жеңиле билүүгө да үйрөтүү
Бала достору менен ойноодон сырткары атасы менен да ойноого тийиш. Оюн аркылуу бала жеңиштин даамын сезет жана ага жетүү үчүн канча күч жумшоо керек экенин түшүнөт. Ал эми ата үчүн оюндар баласына жашоонун эрежелерин түшүндүрүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет. Жеңилүүнүн эч кандай уяты жок экенин, эгерде кулап калса туруп, андан ары аракетин уланта берүү керек экенин, чоң жашоодо да аны ушундай жеңиштер менен жеңилүүлөр күтүп турганын айта жүргөнү жакшы.
☑️Аялзатына туура мамиле жасоону көрсөтүү
Бир гана энесине эмес, жалпы эле аялзатына кандай мамиле жасоо керектигин ата баласына өзүнүн мисалында көрсөтүүгө тийиш. Жубайы үчүн гүл сатып алууга барганда баласын кошо ээрчитип алуу, дүкөндөргө киргенде сатуучу айымдар менен сылык сүйлөшүү балада аялдарды сыйлоо керек, аларга сылык мамиле жасоо керек деген түшүнүктү калыптандырат. Эмне үчүн апа эркек үчүн кымбат экенин, ага кандай мамиле жасоо керек экенин, дегеле аялдар тууралуу маалыматты бала досторунан эмес, интернеттен эмес, атасынан алганы туура болот.
☑️Сүйүү тууралуу сүйлөшүү
Бала чоңоюп, убактысы келгенде бул күчтүү сезим тууралуу атасы менен сүйлөшкөнү жакшы. Атасы өзүнүн биринчи сүйүүсү, биринчи жолугушуусу тууралуу айтып бергени өткөөл курактагы бала үчүн чоң белек болот. Бул курактагы сүйүүлөр алдамчы болорун, чыныгы сүйүү келмейинче күтүш керек экенин айтканы оң. Ата-бала ортосундагы мындай сүйлөшүүлөр биринчиден ортодогу ишеничти бекемдесе, экинчиден бала жашоо боюнча сабак алат.
☑️Өзү үчүн жооп берүүгө үйрөтүү
Балага чечимди өз алдынча кабыл алууга, айткан сөзүнө турууга, күчтүү, кайраттуу болууга атасы гана үйрөтө алат. Мындай сапаттарга ээ болуп чоңойгон бала сындан, ийгиликсиздиктен коркпойт, жаңы максаттарды алдына коюп, ага жетүүгө умтулат. Ошондой эле кандай учурда каршылашынын жазасын колуна берип, кандай учурда көңүл бурбай басып кетүү керек экенин да балага атасы үйрөтүүгө тийиш. Ал үчүн эч нерсе кылуунун кереги жок, болгону көбүрөөк жанында болуп, көбүрөөк сүйлөшүү талап кылынат.
☑️Жаңы сезимдерди сездирүү
Бала 6 айлыгынан баштап эле атасы менен апасынын сүйүүсүнүн айырмасын сезе билет. Назик өөп, башынан сылап эркелеткен апасынан айырмаланып аталар уулу менен активдүү оюндарды ойноону жакшы көрүшөт. Көккө ыргытып кайра тосуп алуу, айлантуу сыяктуу оюндар аркылуу ата баласындагы “эркектик мүнөздү” ушул курагынан баштап калыптандыра алат. Аны менен катар бул учурда балада жаңы сезимдер пайда болот.
☑️Акчаны туура пайдалануу
Албетте, балаңыздын азырынча акча табууга убактысы келе элек. Бирок атасын карап туруп акчаны кантип башкаруу керек экенин, чогултуу керек экенин, керек учурда жоомарттыгын көрсөтүп коюу керек экенин өзүнө сиңире берет. Акчанын баркын билген жана аны туура пайдалана билген бала кийин бутуна тез турат.
☑️Спорт менен машыгуу
Эркектин дене түзүлүшү анын мүнөзү тууралуу айтып турат. Бош дене – алсыздыктын, депрессиянын, эстроген гормонунун жогорку деңгээлинин, тестостерон гормонунун төмөнкү деңгээлинин белгиси. Ал эми спорт баланы тартипке, чыдамкайлыкка үйрөтүп, денесин күчтүү, чымыр кылат. Баланы спорт менен машыгууга ким үйрөтөт? Албетте, ата!
☑️Оюн так билдирүү
Эгерде кафеде тузу көп тамак алып келсе – унчукпай жеп алба. Акча төлөгөн нерсең үчүн талап кылгандан тартынба. Бир нерсеге карата оюңду сурашса эч качан “билбейм” дебе. Оюңду так, ачык айт. Мына буларды да балага ата үйрөтүүгө тийиш.
▶️Атасыз балага кандай тарбия керек❓
Атанын ордун бала бир жашынан баштап сезе баштайт. Ушул курактан баштап бала аны туурап, ага окшошкусу келген эркек керек болот. Албетте, бул үчүн атасы болсо жакшы болмок, бирок атасы жок болгон шартта анын ордун чоң атасы, таякеси, апасынын достору алмаштыра алат.
☑️Эгерде баланын атасы каза болуп калган болсо, ал атасынын образын идеал кылып чоңойсо болот. Ал эми ажырашып кеткен шартта бала үчүн атасы жакшы бойдон калгыдай түшүнүк калыптандырыңыз. Жолдошуңузга болгон таарынычыңыз канчалык күчтүү болгонуна карабай ата-баланын жолугушуусуна бөгөт койбоңуз.
☑️Балаңызга баатырлар туралуу китептерди көбүрөөк окуп бериңиз, чыныгы эркектин образы чагылдырылган фильмдерди чогуу көрүңүздөр.
Атанын мээримин толуктоого аракет кылып 24 саат бою жаныңыздан чыгарбай койгонуңуз туура эмес.
☑️Өз алдынчалуулук – эркектин эң негизги сапаттарынын бири. Ар бир кыймылын көзөмөлдөөнүн кажети жок, ага ишениңиз.
☑️Жалгыз бой аялдардын эң негизги кемчилиги – өз жашоосун баласына арнап, кийин андан өзүнө карата ошондой мамилени күткөндүгү. Балага мындай курмандыктын кереги жок. Аны багуу үчүн кыйналганыңызды, бир нече жумушта иштеп түн уйкудан калганыңызды да айтпаңыз. Мындан улам бала өзүн күнөөлүү сезип чоңоёт.
☑️Көп мактаңыз. “Сенин колуңдан келет”, “сен менин коргоочумсуң” сыяктуу мактоолор атасы жок балдар үчүн абдан маанилүү, алар баланын өзүнө ишенимдүүлүгүн бекемдейт.
☑️Сиз ага жасагандай мамилени андан күтпөңүз. Аялдар менен эркектердин эмоциясында, ойлорунда айырма бар. Анын пикирин сыйлаңыз.
Аймээрим Курбаналиева