Негизгиге Пайдалуу кеңеш Лимон — кожойкенин алмашкыс жардамчысы

Лимон — кожойкенин алмашкыс жардамчысы

301

Лимон жөн гана даамдуу жана пайдалуу жемиш эмес, үй тиричилигинде да кожойкенин алмашкыс жардамчысы болуп эсептелинет. Анын жардамы менен эч кандай химиясыз эле үйүңүздү, өзгөчө ашканаңызды жаркыратып алсаңыз болот.

☑️Лимондун ички бети менен үйүңүздөгү болгон чорголорду сүртүп, үстүнөн жылуу суу менен чайкап саласыз. Анан кургак чүпүрөк менен аарчып койсоңуз, чорголоруңуз күзгүдөй жылтырап калат.

☑️Эгерде үйүңүздө кумурска пайда болсо да андан лимондун жардамы менен арыла аласыз. Ал үчүн кумурска көп чыккан жерге лимон ширесинен сүртүп коюу жетиштүү болот.

☑️Дасторкондогу шараптын тагына лимон ширесинен тамчылатасыз. Кургаган соң дасторконду жылуу суу менен жууп, муздак суу менен чайкап саласыз.

☑️Үйүңүздө фарфордон жасалган ваза, статуэтка бар болсо, маал-маалы менен аларды лимон ширеси кошулган муздак суу менен жууп туруңуз. Мындан кийин буюмдарыңыз жаңы эле сатып келгендей жылтырап калат.

☑️Лимон — чайнектин кеберин кетирүүдөгү эң ишенимдүү каражат. Чайнекке суудан куюп, лимондун майдаланган кабыгын салып, сууну кайнатасыз. Андан кийин отту өчүрүп, бир саат коюп, анан жууп саласыз. Эгерде чайнекте кебер көп болсо, дагы бир жолу кайталаш керек.

☑️Кичи толкундуу мештин ичиндеги майлуу сары тактарды кетирүүдө да лимон жардамга келет. Алгач идишке суу куюп, ага лимондун майдаланган кабыгын салышыңыз керек. Аны кичи толкундуу мештин ичине салып 5 мүнөт иштетесиз. Анан чүпүрөк менен аарчып салуу калат.

☑️Пайдалануудан калган лимондун калдыгы менен таштанды салган чаканы сүртсөңүз, андагы микробдор менен бактериялар өлүп, жагымсыз жыт жок болот.

☑️Күн суук мезгилде бөлмөнүн ичинде аба кургап, таза аба көп кирбейт. Бөлмөдөгү нымдуулукту жогорулатып, таза аба пайда кылуу үчүн мискейге суу куюп жана лимондун кабыгын салып бир аз кайнатасыз. Бирок муну жатар алдында жасоо сунушталбайт, анткени лимондун курамындагы эфир майы сиздин организмиңиздин тынчтанышына жана эс алуусуна тоскоол болот.

☑️Мышыктар лимондун жытын жаман көрүшөт. Ашканадагы столду же сүйүктүү жумшак эмерегиңизди мышыктан лимондун жардамы менен коргосоңуз болот.

СоӊкуЖамийла: 15 мертге чубалган унаа менен Американы кыдырып чыктым
КийинкиМухтар Атаналиев: Он күн телефон кармабай тоодо жүрүү балдарга жагып жатат