Негизгиге Адамга адам тирек Бактыбек кызы Арууке: Апамдын күндөн-күнгө соолуп баратканын көрүп буркурап ыйлайм

Бактыбек кызы Арууке: Апамдын күндөн-күнгө соолуп баратканын көрүп буркурап ыйлайм

378

Бактыбек кызы Арууке: «Апамдын күндөн-күнгө соолуп баратканын көрүп буркурап ыйлайм»

Арууке аттуу мекендешибиз апасы сейрек кездешүүчү дартка чалдыкканын айтып, жардам сурап кайрылды. Ал операцияга керектелүүчү бир канча сумманы өздөрү көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан, элге кайрылууга мажбур болгонун айтат.

«Жөн эле чалынып жыгылып кетиптир»

— Апам Ашыралиева Назира Талас облусунун Манас айылында 1974-жылы төрөлгөн. Атам экөө жакшынакай үй-бүлө куруп үч балалуу болушкан. Улуусу мен. Атым Арууке. Менден кийинки иним чет өлкөгө иштегени кеткен. Ал эми эң кичүү сиңдим 13 гана жашта. Апам менен атамдын колунда. Мен турмушка чыгып өз жашоом менен кеткем. Апам ооруп калганына байланыштуу бат-баттан барып үйгө каралашып турам. Минтип баарыбызды чоңойтуп, эми жакшынакай отуруп биздин жакшылыктарыбызды көрөрдө алтындай болгон апабыз оор дартка чалдыгып, үй-бүлөбүз менен жан дүйнөбүз эңшерилип турат. Сопсоо эле жүрүп минтип бир заматтын ичинде төшөктө жатып калганына таң калам. Өзүбүз түбүбүз Таластан болгону менен көп жылдардан бери Бишкекте
турабыз. Атам менен апам «Аламедин» базарында велосипед сатып оокат кылышчу. Турмушубуз элден кем калбай жакшы эле болчу. Апамдын буга чейин бир жерим ооруйт деп айтканын деле уккан эмеспиз. 2015-жылы жөн эле чалынып жыгылып, кайра туруп кеткен. Жумуштан келип эле бизге «бүгүн жумуштан чалынып жыгылып кеттим» дегенинен кадимки эле көрүнүш катары кабыл алып койгонбуз. Андан бир аз убакыт өтпөй эле бутунан чолоңдоп баса албай калды. Ошондо доктурга көрүнүп анализдерди тапшырып, алардын жыйынтыгы менен врачтар апамдын микроинсульт алганын айтышты. Врачтардын айтканы менен бардык дары-дармектерин алып ичип, тамчылатма дары, уколдорун алып дарыланган эле.

«Төрт жылдын ичинде денеси таптакыр кыймылсыз абалга келди»

— Апам дарыланганы менен баягы чолоңдоп басканы тарабай койду. Тескерисинче, күндөн-күнгө абалы начарлап, арыктагандан арыктап, акыры такыр эле жөрмөлөп калды. Компьютердик томографияга түштүк, генетикалык анализдерди тапшырдык, апамдын мындай абалынын себебин аныктай албай койдук. Эмне кыларыбызды билбей невролог врачтарга кайрылып жардам сурай баштадык. Ар бир нерв талчаларын текшерип көрүп кээ бири жүлүн кургап калган дешсе, кээ бири көп жактуу склероз деп алар деле так диагноз коё албай жатышты. Жүлүн кургап калган кезде эки жарым жылдай гана жашайт дегенин угуп алып баарыбыз буркуруп-боздоп ыйладык. Ошентсе да жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөй тааныштарыбыздын кеңеши менен Орусиянын Красноярск шаарындагы Көп жактуу склероз борборуна кайрылып анализ тапшырганбыз. Ал жактан да жүлүнү кургап калган деген диагноз келди. Негизи, бул оору менен жабыркагандарды 99 пайыз айыктырууга болбойт дешкен. Красноярск шаарынан бул маалыматты укканда апам аябай чөгүп кеткен болчу. Ошентсе дагы адам болгон соң жакшылыктан үмүтүң үзүлбөйт экен. Шыпаасы болуп калар деген максатта анализ жыйынтыктарын көп өлкөлөргө жөнөтүп жаттык. Акыры индиялык врачтар бизге кол сунушту. Алар томографиянын жыйынтыгын көрүп операция жолу менен толук дарылап чыгууга мүмкүн экенин айтып, апамдын сакайып кетишине кепилдик берип жатышат. Бирок апам оорусунун айынан азыркы кезде абдан арыктап, сөөгү менен эти калган абалда жатат. Денеси такыр иштебей калганы менен сөөктөрү сыздатып катуу оорутарын айтат. Андан улам операцияны көтөрө алабы деп дагы сарсанаа болуп жатабыз. Эмнеси болсо дагы оорусуна бөгөт койчу жолдорду издеп, айыктырууга болгон күч-аракетибизди жумшай бермекчибиз.

«Атам жалгыз калабы деп зээним кейийт»

— Индиялык врачтар операцияга 15 миң доллардай акча каражаты сарпталарын айтышкан. Бул сумманы үй-бүлөбүз, жакындарыбыз менен көтөрө албагандыктан, кайрымдуу кыргыз элибизге кайрылып жардам суроого мажбур болуп жатабыз. Көп түкүрсө көл болот демекчи, ар бириңиздин кошкон салымыңыз биз үчүн абдан маанилүү. Учурда апам башынан ылдый кыймылсыз абалга келген. Ошентсе дагы айыгып кетеринен үмүтү абдан чоң. «Мен айыгып кетем, балдарым, бутума турам, мурунку калыбыма келем» деп жакшы ниеттерди коюп жатат. Биз го, өз турмушубуз менен алаксып кетебиз. Ушундай жаш болуп туруп атам байкуш жалгыз калабы деп аябай зээним кейийт. Эми Кудайдын кудурети менен, боорукер элибиздин жардамы менен апакебизди оорусунан айыктырып алабыз деген терең үмүтүбүз бар. Биздин тагдырыбызга кайдыгер карабаган, апамдын айыгып кетишин каалаган боорукер, мээримдүү инсандардан көптөн-көп жардам сурайбыз. Бейиш эненин таманынын астында демекчи, кыя өтпөйсүздөр деп терең ишенем!

☑️Элсом: 0707 96 92 41
☑️«Сбербанк»: 4276 3800 2859 1647

🖊️ — Асел Эсенбек кызы

СоӊкуНора Сүйүналиева: Темирдин кийимдерин бирөөгө бергенге ыраа көрбөй өзүм кийип алам
КийинкиАйгүл Кыдыралиева, гримдөөчү: Кансырап жаткан, ок жеген адамдын образын жасаганды жакшы көрөм