Айгүл Кыдыралиева, гримдөөчү: «Кансырап жаткан, ок жеген адамдын образын жасаганды жакшы көрөм»
Биз экрандан сүйүп көрүп жаткан кинолордун артында режиссёрдун, актёрлордун эле эмес, гримдөөчүнүн да салымы чоң. Анткени тигил же бул ролдогу актёрдун образын ачууда грим чоң мааниге ээ. Бир жагынан кызыктуу, экинчи жагынан оор мындай жумушу тууралуу Айгүл төмөнкүдөй маек куруп берди.
Айгүл, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Бул кесипке кантип аралашып калдыңыз?
— Менин ата-энем чыгармачылыктан алыс адамдар. Үйдө эки бир тууганмын. Эжем жана мен. Замира Молдошеванын биринчи окуучуларынан болом. 17 жашымда визажисттин курсун аяктадым. Окууну бүткөндө бизди тажрыйба топтоо үчүн ар кайсы тармакка бөлдү. Мен КТРКнын түнкү каналына туш болдум. Ассоль Молдокматова продюсерлик кылган “Браво”, “Хит парад” берүүсүндө визажист болуп эки жарым жыл иштедим. Кийин кино дүйнөсүнө аралашып кеттим. Себеби бул тармак абдан кызыктуу.
Эмнеси менен кызыктуу?
— Мага көбүнчө визажист эле болуп иштебейсиңби деп айтышат. Бирок гримдөөчү кесиби мага көп жакшы нерселерди алып келет. Мисалы, артымда иштеген кинолорум калат. Эмгегим сыйлыктарга жеткирет. “Саякбай” тасмасындагы эмгегим үчүн Лондондо өткөн фестивалда “Мыкты грим” номинациясын, Маданият министрлигинен алтын медаль алдым.
Оорчулугу эмнеде?
— Режиссёр бизге тасманын сценарийин окутат, ар бир каарман менен тааныштырат. Анын ролуна жараша гримдейбиз. Мен үчүн оорчулук жараткан жагдай – кайсы бир кылымда жашаган тарыхый инсандын образын жаратуу. Эгер режиссёр так, даана образды сүрөттөп айтып берсе кыйналбайм. Бирок кээде айрым режиссёрлор эмне каалап жатканын так айтып бере алышпайт. Ошол учурда бир аз кыйынчылык жаралат. Гримдөөчү көп учурда чач жасалга менен да иштегенге туура келет. Андыктан бул тармакта да билимиң болушу керек. Биз гримди жасап эле тим болбойбуз, съёмка аяктагандан кийин жасалма чачты, боёкту бетинен алып, чаптама сакалды актёрдун ээгинен алып, баарын ирети менен сакташ керек. Баса, жасалма сакал демекчи, бир жолу киного жандуу көрүнгөн сакал жасоо керек болду. Ошондо ар бир кылын бирден чаптап, 3 саат алышсам керек эле. Биздин кесип өтө кылдаттыкты талап кылат. Майда-чүйдөсүнө чейин чыгармачылык менен мамиле жасоо керек.
Боёкторду кантип тандап аласыз?
— Замандын талабына жараша боёктордун түрү көбөйүп жатат. Мен боёкторду Москвадан, Америкадан буйрутма менен алдырам. Атайын денени көгөртө тургандай кылып көрсөткөн боёктор болот. Кандын түсүндөгү боёктордун түрүн алабыз. Боёкторду өз каражатыма алам, мага кинодон гонорар гана төлөп беришет.
Актёрлордун бетине ал боёктордун зыяны барбы?
— Грим жасоодогу эң негизги эреже – боёкту бетке узак убакыт кармабоо керек. Эң көп дегенде 5-6 саатка чейин турса болот. Андан кийин терини кургатып, зыяны тийиши мүмкүн. Биз болсо ал убакытка деле жеткирбей, съёмка бүткөндөн кийин дароо бетин тазалап салабыз.
Чыгармачыл топ менен кошо съёмкада жүргөндө кыйналбайсызбы?
— Ошол жагына келгенде оор эле болуп калат. Ар кандай аба ырайына жараша иштеп калабыз. Менин жумушумдагы эң узун сапар үч айга созулду. Артык Сүйүндүков “Ак кеме” тасмасын тартып жатат. Ошондо тоого чыгып жашап, жарык жок, шарты жок жашоодо жашадык. Менин жумушумда график деген жок. Актёрлор менен кошо күнү-түнү иштеп жүрө берем. Алар чыккан зоого, тоого чыгам. Ал тургай бир жолу тоодон кулап кетип оозум менен тийип тишимди сындырып алгам.
Кинодон сырткары кандай учурларда буйрутмалар түшөт?
— Мен ар кайсы тармактагы адамдарга деле кызмат кыла берем. Клиптерге да сунуштар көп түшөт. Ал тургай бир жолу жаш бала келип “кесиптештер менен отуруш болот. Эң оригиналдуу образга белек берилет” дегенинен кайырчынын образын он мүнөттө жасап бергем. Образы үчүн Дубайга жолдомо утуп алыптыр. Эртеси сүйүнүп, ыраазычылыгын билдирип торт, шампан алып келген. Дагы бир жолу бейтааныш адамдар денени көгөрткөн сыяктуу грим жасап берүүмдү суранышкан. Балким, денесин көгөртүп алып бирөөгө арыз жазган жатабы же дагы бир чыр иштин үстүндө жүрбөсүн деп шек санап, ал сунуштан дароо баш тарткам.
Жасаган гримдериңиздин көбү эле жаракат алган, ок жеген учурлар экен?
— (Күлүп) Мага эмнегедир ошол стиль жагат. Бетке бырыш түшүрүү, сакал-мурут койгонго караганда кансырап жаткан адамды, ок жеген учурун жасаганды жактырам. Ушундан улам триллер кинолорго жакын окшойм деп калам. Келечектеги кыялым – Квентин Тарантинонун тасмаларында иштөө, ал дайыма боевиктерди тартат эмеспи.
Жүрөгүңүздүн ээси барбы?
— Жок, азыр бүт убактым эле жумушка кетип жатат. Ата-энем дагы “26 жашка чыктың, турмуш кур” деп көп айта башташты. Чынын айтсам, менин жүрөгүмдү ээлей турган мырзага азыр кезиге элекмин. Балким, бир күнү ички туюмум “ушул сенин адамың” деген белги жиберсе бир башым эки болоруна ишенем.
Күнү-түнү иштейм деп калдыңыз. Эс алууга убакыт болобу?
— Негизи, аябай чарчаганда өзүмө убакыт табам. Акыркы эки жылдан бери иштеп тапкан акчамды чогултуп чет мамлекетке барып эс алганды жактырып калдым. Ушул күнгө чейин төрт мамлекетке барып келдим. Дагы кайсы мамлекеттин туз-насиби буйруп жатканын убакыт көрсөтөт го.
🖊️ — Анара Дүйшөналиева