Курак мектебинин негиздөөчүсү Чолпон Аламанова: “Ишкерликке көп акча керек дегенге ишенбегиле”
Бир иштин көзүн таап алып кетүү жөндөмү баарына эле бериле бербейт. Айрымдарында каражат болсо жөндөм жок, кээ биринде жөндөм болсо жетиштүү мээнет кылбайт. Мээнеткеч, жөндөмдүү айымдардын бири Чолпон Аламанова чакан ишкерлигин жок жерден баштаган. Талыкпас эмгектин аркасы менен өлкөдөгү миңден ашуун кыз-келиндерге курак куроо боюнча сабак берип келет.
— Чолпон айым, адам колунан келген ишти кылганда гана ийгиликке жетет дешет. Мындан улам куракка болгон жөндөмүңүз бала кезден болгонбу деп болжоп жатам?
— Негизи, менин апам аял кош бойлуу кезинде эмне менен көп алектенсе, ал курсактагы балага өтөт деген ишеними бар. Мен үч бир туугандын кичүүсүмүн. Байкем менен эжем чоңоюп кол арага жарап калган кез болгондуктан, апам бош убактысында курак курап, кол өнөрчүлүк менен алектенчү экен. Кийин деле менин эркиме коюп чүпүрөктөн бир нерсе тигип, каалаганымды жасачумун. 8-классымда дизайнер болорумду так билгем. Бул максатымды апама айтканда мага азыртадан багыт берейин деп сүрөтчүлөрдүн орто окуу жайына тапшыртты. Аны кызыл диплом менен бүткөм. Убагында атам, андан кийин эжем Москвадан билим алышкан. Мен да ал жакка тапшырайын десем атам: “кызым, кечирип кой, окута албайм ал жакка” деди. Ошентип, апам Алматыдагы окуу жайдан кийимдин конструктору кесибине тапшыртты. Экзаменден ийгиликтүү өтүп кеттим. Ошентип, башка өлкөдө ата-энемден алыс жакта, окуу жайдын жатаканасында жан бакканды үйрөндүм. Ошол учурда эле ата-энем салган акчаны канча убакытка жеткирүү керек экенинин эсебин алып, сарамжалдуу жашоого көнгөм.
— Биринчи ийгиликти качан жараттыңыз?
— 3-курста окуп жаткан кезибизде Алматы шаары боюнча жаш дизайнерлердин сынагы болду. Баш байге 800 доллар болчу. Ошондо атама “ушул сынакты утуп алсак сонун болмок” десем, атам “экинчи, үчүнчү орунга эмне берилет экен?” деди. Мен “билбейм, биринчи орунга 800 доллар экен” десем “сен биринчи орундан башканы ойлогон жоксуңбу?” деп күлгөн. Курбум экөөбүз эмгектин үстүндө күнү-түнү иштедик. Кийим тигүү үчүн ырыстуу кездеме жок, ар кандай түс чыгарыш үчүн аны боёп, кыскасы, көп кыйналдым. Жыйынтыгында, 60 коллекциянын ичинен биздики мыкты деп табылып, баягы мен эңсеген сыйлыкты утуп алдык.
— Байгеге берилген акча каякка жумшалды?
— Курбум экөөбүз тең бөлдүк. Ошол кезде “Космополитен” деген журнал укмуш барктуу болчу. Эски саны колубузга тийсе да, ал жатакананы толук кыдырып бүтүп, зарыктырып колго тиер эле. Бир жолу журналды барактап отурсам, жакшы, кымбат бренддин сааты көзүмө урунду. Карапайым студент үчүн ал жөн гана кыял эле. Ичимден “мындай сааттар чет өлкөдө сатылса керек, бул жакта кайдан болсун” деп ойлогом. Бир жолу Алматыдагы чоң универмагды кыдырып жүрүп баягы саатты көрдүм. Ишенбей, баягы кыялданып жүргөн жаным дароо сатып алдым. Кийин ошол саатты караган сайын “кыялдар орундалат” деген ой мээме кылт этип турчу.
— Окууну бүткөндөн кийин бул жакка келбей эле ошол жакта калып калсаңыз ийгиликке жетет белеңиз?
— Ушул суроону мага азыркыга чейин беришет. Мен окууга тапшырып кетип жатканда документтеримди берип жаткан агай “жакшы окуп кайра кайтып келгиле, мекенибизге силердей жаш адистер керек” деген болчу. Эми мен беш жыл бою ошол сөздү эстеп жүрдүм десем калп айткан болом. Бирок окууну бүткөндө келгим келип туруп алды. Ошол агайдын сөзү себеп болду окшойт. Башында эле дизайнерлик кесип менен жумушумду улантып кете алган жокмун. Ар кандай жерлерде иштедим. Интернет клуб ачып иштетип көрдүм. Айтор, өзүмдү тапкыча жакшы эле урунуп-бериндим.
— Жеке ишиңизди кантип баштадыңыз?
— 2012-жылы турмушка чыккам. Үй-бүлөдө акчадан тартыш болуп баштаганда ар кандай буйрутма алып үйдөн иштей баштадым. Бир жолу курбум мага сеп даярдап бер деди. Мен ал кезде башка буйрутманы жасап жаткам. Жаныма отуруп өзүң тиккенди үйрөн десем, алгач көнгөн жок. Өмүрү ийне кармап көргөн эмес да. Акыры келди. Чүпүрөктү кескенден баштап курак кураганга чейин айтып, түшүндүрүп жатып үйрөттүм. Үч ай дегенде себи даяр болду. Өзү кылганына ишенбей, туугандары сүйүнүп калышты. Ошондо менде үйрөтүүгө жөндөм бар экенин билдим. Жинденбейт экенмин, акырын жай айтып түшүндүрө алат экенмин. Менден жакшы эле мугалим чыкчудай деп идея ошондо пайда болгон.
— Кандай кыйынчылыктарды жеңдиңиз?
— Башында ижарага кенедей бөлмө алып, үйдөгү эски эмеректерди алып барып, акыркы акчама эки тигүүчү машина алып баштагам. Кардар табуу үчүн жарнаманы ар кайсы үйгө кыдырып чаптап чыкчумун. Талыкпас эмгектин аркасы менен ийгиликке жеттим. Мен өзүм социалдык тармакты мурда көп колдончу эмесмин. Курбум “Чопа, жармана чаптаган эски заман. Социалдык тармакка каттал, кылган иштериңди жарыяла, элге тааныт” деп атып үйрөттү. Болбосо аны деле билбейт элем. Ошентип, башында 4-5 окуучу чогултсам, азыр мага Казакстандан бери келип окугандар бар.
— Окуучуларыңыздын жаш курагы канчада? Окуунун акысы кандай?
— Негизи, кайчы, ийне кооптуу аспап да. Андыктан 14 жаштан кичүү кыздарды албайм. Коопсуздукту биринчи орунга коём. Жаш курагы алтымыштан өткөндөр бар. Көбү үйдө отурган келиндер, пенсияга чыккан апалар. Себеби үйдө отуруп эригишет. Ал эми келиндер бала менен отурганда окуп үйрөнүп, кошумча акча тапкан булак кылганды өздөштүрүшүүдө. Жумасына үч жолу, айына 12 жолу сабак берилет. Акысы 5000 сом. Кездемени өздөрү алып келет. Айрым учурда мен берем. “Кызым чет жакта жашайт, өз колум менен курак төшөк жасап берейин дегем”, “неберелериме курак курап окшош кийим тигип берейин дедим эле” деген чоң энелер кайрылат. Бир жолу чоң эле эже үй-бүлөсүнө айтпай бизге келчү экен. үйдөгүлөр “кайда кеттиңиз?” десе “өз ишим, айтпайм” деп коёт. Анан бир телеканал биздин мектеп тууралуу сюжет тартып кеткен. Жакындары телевизордон көрүп, “эзели ийне кармачу эмес элең, куракчы болуп кеттиңби?” деп күлүшкөн экен. Ушул күнгө чейин миңден ашуун окуучу бүтүп чыкты. Көбү жеке иштерин баштап, бренддерди негиздеп иштеп жатышат.
— Кол өнөрчүлүк манжалардын башындагы нерв тутумдарын жакшы иштетип, мээге оң таасир тийгизет деп айтылат. Жеке өзүңүзгө бул нерсе байкалабы?
— Албетте, мага ооруган, стресс болуп жүргөн айымдар да келди. “Силерге келгенде алаксып калдым, оорумду унуттум” дешет. Жеке өзүм тууралуу айта турган болсом, ишкерликти баштаар жылы жолдошум экөөбүз ажырашканбыз. Эки эле жыл жашадык, бирок ошого карабай катуу стресс болдум. Ошол учурда жумуш, курак менен алаксып стресстен чыгып кеттим.
— Өз тажрыйбаңызга таянып, жаңы иш баштайм дегендерге кандай кеңеш бересиз?
— Биринчи кеңеш, жан дүйнөңөргө жакын, колуңардан мыкты келген ишти гана баштаңыздар. Экинчиден, эч кимди укпагыла. Өзгөчө “ой, акча керек ага” деген кеңешчилер оюңузду олку-солку кылат. Мен жаңы иш баштап жатканда “ой, ишкерлик оюнчук эмес, кайсы тармакка баратканыңды билип жатасыңбы, ишкерлик баштоо үчүн жок дегенде эки-үч жыл акча топтоо керек” деп башымды айландырышкан. Бирин да уккан жокмун. Маңдай терим менен гана жан үрөп иштеп келдим. Жана эң маанилүү кеңеш, тынымсыз мээнет кылгыла. Жадагалса колуңардан эч нерсе келбей, бүт баары сизге каршы туруп жаткан учурда да мээнет кыла бериңиз. Акыбети сөзсүз кайтат.
Анара Дүйшөналиева