Негизгиге Ден соолук Өлүмдөн башкасына даба мусулман каражаттары

Өлүмдөн башкасына даба мусулман каражаттары

1883

Өлүмдөн башкасына даба мусулман каражаттары

Турмушубузда дары-дармек, дары чөптөрдү көп эле колдонуп, ден соолугубузга кам көрүп келебиз. Бирок көп учурда дарылардын ооруларды айыктырганы менен башка жерлерибизге терс таасирин тийгизерин угуп кейип калабыз. Ал эми мындай мусулман каражаттары дартыңызга даба болуп, башка органдарыңыздын саламаттыгын сактайт.

Аманат – курамы кара зиренин майы, кыст-аль хинди жана зайтун майынан турган бактерияга, сезгенүүгө каршы, иммунитетти чыңдоочу каражат. Бул каражат аллергия чакырбайт, көп убакыт колдонууда зыяны тийбейт, организмдин көнүп калуусуна жол бербейт.

Кандай ооруларды айыктырат?

Суук тийүүдө

Гайморит

Ринит

Баш оору

Сасык тумоо

Кантип колдонуу керек? Бир жашка чейинки балдарга күнүгө бир тамчыдан, ал эми чоңдорго үч жолудан тамагына тамчылатуу керек.

Баасы: 250 сом

Колоквинит мазы – жалаң табигый өсүмдүктөрдөн жасалган сырттан сыйпалуучу дары.

Кандай ооруларды айыктырат?

Ревматизм жана башка муун ооруларын

Муундардын сезгенүүсүн

Подагра оорусун

Булчуңдун карышуусун

Тарамыштардын оорусун

Шишик ооруларын

Спорт чеберлеринин машыгуусунан кийинки укалоосу үчүн табылгыс каражат болуп берет.

Кантип колдонуу керек?

Бул майды дененин температурасына карап ошондой деңгээлде алакандын жардамы менен жылытып алуу керек. Ошондуктан муздаткычта кармоого болбойт. Укалоо жолу менен күнүнө эки маал сүйкөө кажет. Бул мазды экиден төрт жумага дейре колдонуу керек болот. Андан кийин эки апта токтотуп, эс алдыруу зарыл.

Баасы: 450 сом

Эму страусунун майы – жөн гана сыртка колдонучуулу каражат болбостон, теринин ички катмарына чейин дарылайт.

Кандай ооруларды айыктырат?

Ичеги-карын ооруларын

Шишик

Терини жашартуучу касиетке ээ

Тери күйгөндө жумшартуучу мыкты каражат

Ооруну басаңдатат

Безеткиден арылтат

Кулак оорусун

Артроз оорусун

Варикоз

Буттун сөөктөрүн чыңап, анын өсүүсүн камсыздайт.

Кантип колдонуу керек? Кадимки мазь сыяктуу эле керектүү жерлерге сүйкөө жетиштүү

Эскертүү: үч жашка чейинки балдарга колдонууга тыюу салынат.

Баасы: 450сом

Сlobetasol – сезгенүү жана аллергияга каршы мыкты каражат. Ал теридеги кычышууну жөнгө салат.

Кайсы ооруларды айыктырат?

Аллергия

Экзема

Дерматит

Кантип колдонуу керек?

Кечинде таза териге жука кылып сүйкөө керек.

Эскертүү: теридеги ачык жараларга, безетки, теридеги грибок же болбосо вирустуу ооруларда колдонууга болбойт.

Баасы: 320 сом

Малхам – кара зире менен зайтун майына имбирь, вазелин кошулуп жасалган вазелин.

Кандай ооруларды айыктырат?

Боор оорусун

Муун ооруларын

Жөтөл, сысык тумоо, тамак ооруларын

Табарсыктын сезгенүүсүн

Сасык тумоо

Кантип колдонуу керек?

Ооруган жерлерге сүйкөп коюу жетиштүү болот.

Баасы:120сом

Аль-Баракат спрейи – кара зире майы, кыст-альхинди өсүмдүгү жана зайтун майынан жасалган ооз көңдөйүндөгү ооруларга каршы табылгыс каражат.

Кайсы ооруларды айыктырат?

Ангина

Фарингит

Ларингит

Бүйлөлөрдүн сезгенүүсүн

Стоматит

Гингивит

Суук тийүү

Жөтөл

Кантип колдонуу керек?

Спрейди үч жашка чейинки бөбөктөргө колдонууга болбойт. Калган адамдар кадимки спрей катары эле колдоно беришет.

Баасы: 230 сом

Сарымсак майынан Сеаден каражаты – тамак сиңирүүнү жакшыртуучу, табитти көтөрүүчү каражат.

Кандай ооруларды айыктырат?

Жүрөктүн жана кан тамырлардын патологиялык ооруларын

Атеросклероз

Дем алуу системасынын сезгенүүсүн

Ринит, тонзиллит, гайморит ооруларын

Диспепсия

Ички органдагы курттардан арылууда

Невроз

Уйкунун бузулуусун

Стресс

Баш ооруу

Алсыздануу

Кантип колдонуу керек?

Чоңдор тамактануу учурунда бир кичине кашыктан күнүнө эки ирет ичишсе, ал эми бөбөктөр жарым кашыктан эки маал ичишет. Бул майды салат, тамактарга кошуп жегенге да болот.

Эскертүү: Бала эмизген, кош бойлуу айымдар менен кант диабетинен жабыр тарткандар ичүүгө болбойт.

Баасы: 300 сом

Жогорудагы дарыларды мечиттердин жанындагы жана атайын мусулман каражаттары сатылчу дүкөндөрдөн таба аласыздар.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуКурак мектебинин негиздөөчүсү Чолпон Аламанова: Ишкерликке көп акча керек дегенге ишенбегиле
КийинкиИнстаграмдын “миллионерлери”