Инстаграмдын “миллионерлери”
Булар акча коротуп бизнес түптөгөндөр эмес, инстаграм баракчасында миллион катталуучусу бар аккаунттар. Биздин шоу-бизнесте ондон ашык мындай аккаунт бар экен. Алар кимдер? Инстаграм баракчасы аркылуу кантип жана канча каражат табышат?
Алгачкы «миллионер» айым Самара Каримова
Колдонуучуларынын саны: 1.7 миллион
Ачылган жылы: 2014-жыл 22-март
Бир публикациясынын баасы: 300-500 АКШ доллары
Кыргызстан боюнча алгачкы жолу миллион катталуучу топтогон Самара Каримова мындай жаңылыктын урматына Бишкек жана Ош шаарларында кече өткөрүп, бир топ жакындарынын башын бириктирген. Бүгүнкү күндө Самаранын баракчасына Орто Азиядагы ар кайсы мамлекеттерден катталгандар бар. Жазылган комментарийлерди тазалабайт, убактысы болгондо жаман да, жакшы да комментарий ээлерине жооп берип турат. Албетте, мындай кызыктуу баракчага жарнама боюнча да сунуштар көп түшүп турат. Самара айым инстаграмды киреше булактарынын бири катары баса белгилеп айтат. Бир публикациясынын наркы Кыргызстандын ичинде 300-400 доллар болсо, башка мамлекеттер үчүн 500 доллардан жогору болот.
Инстаграмдан түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшаган Анжелика
Колдонуучулардын саны: 1.5 миллион
Ачылган жылы: 2013-жыл 24-июль
Бир публикациясынын баасы: 500 АКШ долларынын тегереги
Бул ырчы айым экинчилерден болуп миллион катталуучу топтогон. Эгерде күнү кызыктуу көз ирмемдерге бай болсо, күнүнө беш сүрөткө чейин жүктөйт. Ырчы баракчасы аркылуу элүүдөй адамдын жаңыдан баштаган бизнесин жарнамалап, катталуучуларынын санын нөлдөн жүз миңге чейин жеткирип берген. Иштери жүрүшкөн бизнес ээлери болсо азыркы убакка дейре белектерин берип, ыраазычылыктарын билдирип келишет. Ал эми жарнамадан тапкан каражатын кайрымдуулукка жушайт.
Инстаграмдан каражат табууга кызыкпаган Нурлан Насип
Колдонуучуларынын саны: 1.5 миллион
Ачылган жылы: 2013-жыл 8-октябрь
Бир публикациясы: 500 АКШ доллары
Мырзалардын арасынан биринчилерден миллион колдонуучу топтогон ырчы кесиптеши Асел Касымованын сунушу менен баракча ачкан. Бүгүнкү күнү эки баракчасы бар, экинчисин менеджери иштетет. Ырчы тааныштарын колдоо иретинде ишмердүүлүктөрүн акысыз эле жарнамалап берет. Акы төлөп жарнама кылгысы келгендер көп болгону менен бул жаатка анчейин көңүл буруп, инстаграмдан каражат табууга кызыга бербейт. Ошентсе да сурангандардан баш тартпайт, ал үчүн 500 доллар акы алат. Адамга терс таасирин тийгизген жарнамаларды кабыл албайт.
Алгачкылардан болуп жарнамалоо ишин баштаган Асел Кадырбекова
Колдонуучуларынын саны: 1.5 миллион
Ачылган жылы: 2013-жыл 24-июль
Бир публикациясынын баасы: 400-500 АКШ доллары
Ырчы айымдардын арасынан биринчилерден болуп жарнамалоо ишин колго алган Асел айым бүгүнкү күнү инстаграмдын активдүү колдонуучусу. Ал өзгөчө кооз сүрөттөрдү киргизип, катталуучуларын суктандырып турат. Айымдарга керектүү кызматтарды табам десеңиз, Асел айымдын баракчасына баш багыңыз. Ырчы эне статусуна ээ болгондон бери балдарга керектүү нерселерди да байма-бай бөлүшүп келет.
Арыктатуучу каражаттарды жарнамалоодон баш тарткан Айгерим
Колдонуучуларынын саны: 1.3 миллион
Ачылган жылы: 2013-жыл 1-июнь
Бир публикациясынын баасы: 300 АКШ долларынан жогору
Айгерим баракчасына үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн көп киргизе бербейт. Көбүнесе чыгармачылыгы тууралуу жаңылыктары менен бөлүшөт. Инстаграмды күйөрмандары менен байланыштыруучу көпүрө деп эсептейт. Былтыркы жылы ырчынын макияжсыз сүрөтү көп талкуу жаратып, жакшы комментарийлерге толгон. Күнүнө бирден сүрөт киргизерин, кээде жумалап киргизбей каларын баракчасын барактап отуруп көрүүгө болот. Башкалар сыяктуу жарнама менен да иштегени менен арыктатуучу дары-дармектерди жарнамалоодон баш тартат.
Жашоосундагы жаңылыктарды ачык айткан Чолпон Талипбек
Колдонуучуларынын саны: 1.2 миллион
Ачылган жылы: 2015-жыл 11-октябрь
Бир публикациясынын баасы: сыр
Инстаграм социалдык тармагы Кыргызстанга жаңы келгенде алгачкылардан болуп катталгандардын бири Чолпон Талипбек экен. Катталуучуларынын саны өскөндө баракчасын жакын адамына белек кылган. Өзү экинчи баракча ачып, андагы катталуучуларынын саны азыр миллиондон ашып отурат. Учурда Чолпон күнүнө 3-4 сааттык убактысын инстаграмга жумшайт. Өзүнүн боёнгонун, жадагалса төшүнө пластикалык операция жасатканын, дегеле жашоосундагы жаңылыктары менен бөлүшүп, катталуучуларына пайдалуу болгон ар кандай постторду жазат. Мурун жалаң орус тилинде жазса, бир жылдан бери кыргызча постторду жазып, көпчүлүктүн ыраазычылыгына арзууда.
Баракчасына бир айда бир сүрөт киргизген Мирбек Атабеков
Колдонуучуларынын саны: 1.1 миллион
Ачылган жылы: 2013-жыл 12-август
Бир публикациясынын баасы: так саны жок
Мирбек мырза инстаграмда “миллионер” болом деп эч ойлогон эмес. Себеби ал баракчасына үлгүлтүксүз пост жазып, сүрөт салбагандардан. Убактысынын тардыгынан айына бир сүрөт киргизип калган гана учуру болот. «Эгерде жакшы көңүл бурсам, азыркыга чейин 2-3 миллион колдонуучу топтоп коймокмун»,- дейт ырчы. Мирбек мырзанын өзгөчөлүгү – майда-барат жарнамалар менен иштешпейт экен. Бир компаниянын жүзү болуп, бардык социалдык баракчалары аркылуу комплекстүү түрдө жарнамалайт. Инстаграм баракчасы аларга бонус катары эле кошулат. Мындай иштешүүнүн суммасы компаниянын масштабына жараша болот.
Балдарын инстаграмга чыгарбаган Неля
Колдонуучуларынын саны: 1.1 миллион
Ачылган жылы: 2013-жыл 24-июнь
Бир публикациясынын баасы: сыр
Бул ырчы социалдык баракчасына балдарынын сүрөттөрүн таптакыр киргизбегени менен башкалардан айырмаланып турат. Баракчасын чыгармачылыктагы жаңылыктары, ийгиликтери менен бөлүшүү үчүн курал катары колдонот. Анан да дин тууралуу маалыматтарды байма-бай киргизип турат.
Сындан коркпогон Айпери Кубик кызы
Колдонуучуларынын саны: 1миллион
Ачылган жылы: 2015-жыл 11-декабрь
Бир публикациясынын баасы: 300 АКШ долларынан башталат
Айпери айым коомчулуктун сынынан коркпойт. Ошон үчүн ар кандай видеолорун киргизип элдин талкуусун жаратып турат. Ырчынын кош бойлуу учурунда бийлеген видеосу эки күндө эле 500 миң кароо топтогону буга далил. Бул тууралуу өзү «өзүм кандай болсом, ошондой маалымат киргизем» деп кошумчалап өттү. Ушундан уламбы, ырчынын көрүүчүлөрү жасалма аккаунттар эмес, «живой» катталуучулар. Мындан улам аны менен жарнамалык багытта иштешүүнү сунуштагандар да арбын. Буга карабай ырчы өзүнө жаккан гана продукцияны жарнамалоого макулдугун берет. Буга чейин айына эң көп тапкан каражаты алты миң доллар болуптур.
Жөнөкөйлүктү жактырган Данияр Эрматов
Колдонуучуларынын саны: 1 миллион
Ачылган жылы: 2014-жыл 17-октябрь
Бир публикациясынын баасы: орто эсеп менен 400 доллар
Даниярга инстаграмдан алгачкы баракчасын бир таанышы ачып берген. Ал кезде Данияр бул тармакты жакшы өздөштүрө албагандыктан, таанышынын өзүнүн баракчасын кошо колдонуп жүргөнүн кийин билет. Ошондон кийин өзү кайрадан баракча ачып, андагы колдонуучуларынын санын миллионго жеткирди. Данияр баракчасына жөнөкөй сүрөттөрдү киргизет, жер тандап же ашыкча боёкторду кошуп сүрөттөрүн жасалгалабайт. Инстаграмдагы Данияр менен реалдуу жашоодогу Даниярдын кескин айырмаланышын каалабайт. Баракчасын кайрымдуулук катары да колдонот, алсак, эки балалуу жесир аялдын бизнесин жарнамалап берип, бул жарнамадан соң анын иши жакшы жүрүшүп кеткен.
Үч баракчасы бар Айдана Дека
Колдонуучуларынын саны: 1 миллион
Ачылган жылы: 2013-жыл 14-октябрь
Бир публикациясынын баасы: 1000 долларга чейин болушу ыктымал
Жаш ырчы Айдана Дека үч баракчаны иштетет. Биринчиси бий студиясыныкы болсо, экинчиси сулуулук салонуна тиешелүү баракча, ал эми үчүнчүсү өздүк баракчасы. Өздүк баракчасында миллион катталуучу болсо, калгандарына 40 миңге жакын адам катталган. Күнүнө бир сүрөт киргизет, көп сүрөт киргизүүнү жактырбайт. Акыркы күндөн баштап ырчы кийинүү стили боюнча видео киргизе баштады.
Айгерим Токтобай кызы