Кутман Жолдошев: “Акыркы жылдары жалкоолонуп жүргөнүмдү мойнума алам»
Өзү чыгармачыл чөйрөдө көп көрүнбөй калса да анын аткаруусундагы “Таң сыры”, “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө”, “Алтын апа”, “Мага жар керек” деген чыгармалары популярдуулугун жогото элек. Учурда ырчы Филармониянын солисти болуп эмгектенет.
Агай, чыгармачылык чөйрөдөн алыстап бараткандайсыз. Эмне себептен мурдагыдай чыгармаларды аткарбай калдыңыз?
— Негизи, чыгармачыл чөйрөдө эле жүрөм. Бирок чыгармачылыгым солгундай түшкөнү өзүмө деле байкалат. Филармониянын солисти болуп иштегениме он жылга чукулдап калды. Убактымды жамаат менен иштешүүгө жумшап, жеке өзүм чыкканга убактым тар болуп жатат окшойт. Экинчи себеби, жакшы чыгарма жаралбай жатат. Обончулар көп эле чыгарма сунушташат. Бирок купулума толбой жатат. Угармандар өзгөчө таасирленип уга тургандай ыр таппай жатам. Ыр тандоого өтө олуттуу карайм. Кээде эски чыгармаларды жаңылагым келет, бирок аны жаштар деле ырдап чыгып жатышпайбы.
Сиздин чыгармачылыгыңызга обончу Арзыбек Бедияровдун салымы чоң экен. Кандайча иштешип калдыңыз эле?
— Өзүм Өзгөндөн болом. Орто мектепти бүткөндө сүрөтчү болом деп Оштогу Гапар Айтиев атындагы сүрөтчүлүк окуу жайына тапшырдым. Бир күнү автобустан жаныма бир киши отуруп калды. Жолду катар тарткан сүрөттөрүмдү карап көрүп: “Өзгөндөгү райондук маданият үйүндө бир сүрөтчүнүн орду бошоп жатат, келип иште”,- деп калды. Барсам ал айткан орун эки айдан кийин бошойт экен. Ага чейин башка тапшырмаларды берип кармап жүрүштү, бир жолу “ырдайсыңбы?” деп сурашты эле, “ооба” дедим. Атайын Ош шаарына барып гитара сатып келдим. Ырдатып көрүштү дагы: “Сен сүрөтчү эмес, ырчы болушуң керек”,- дешти. Ошондо ырга болгон шыгым ачылган. Кийин Оштогу окуу жайдын музыка бөлүмүнө тапшырдым. Бир ай окугандан кийин Жалал-Абадда Токтосун Тыныбеков атындагы Филармония ачылды. Агайларым бизге келип иште дешкенде окуумду таштап коюп келе бергем. Арзыбек Бедияров мен жөнүндө жакшы ырдайт деп угуп жүрүптүр. Анын ырларын мурда аткарып жүргөнүм менен өзү менен бет келише элек болчумун. Таанышып, ошондон тарта иштешип калдык. Бедияровдун ырларын аткаргандан баштап эл мени тааный баштады. Кийин агайларымдын “сен өскүң келсе Бишкекке бар” деген кеңештеринен улам 1998-жылы апрель айында борборго келгем.
Бул жакка келгенде сизди эч ким деле кучак тосуп күтүп турбаса керек?
— (Күлүп) Ал кезде мен үй-бүлөлүү, эки балалуу болчумун. Апрель айында келерим менен кар жаады, маанайым ошондо эле түштү. Негизи, ага чейин Гүлзат Батырканова апасы менен түштүк жакка маданий иш-чараларга көп барчу. Ошол жылдары жолдошу менен Коргоо министрлигинин алдында түзүлгөн аскердик оркестрде иштечү да. Сүйлөшүп калганыбызда эгер шаарга келсең мага байланыш деген. Келдим деп чалсам эле оркестрге жумушка киргизди, жатаканадан орун берди. Ошентип, бир жарым жаш жана эки айлык жаңы төрөлгөн наристебиз менен тиричилигибиз башталган.
Кандай кыйынчылыктар болду?
— Үч-төрт жылдай кыйналдык. Жалал-Абадда жылдыз болчумун да. Жумуштан сырткары тойлорго буйрутма алып иштечүмүн. Бул жакта мени эч ким тааныбайт. Айлыктын көзүн карап эле отуруп калдык. Жатаканада аялым тиричилик менен алпурушат, мен балдарымды колумдан түшүрбөй багышам. Ошол кезде ошол жатаканада жашагандар “сиз менен убагында бир жашаганыма сыймыктанам” деп калышат. Кийин күз айларында түштүк жакка барып той мезгилинде иштеп келчү болдум. Андай учурларда акча чогулуп кадимкидей кенен жашап калчубуз. Кийин акырындан Бишкекке да таанылып, жеке концертимди берип, анан ирдене баштадым. Ошондо деле үйлүү боло албай көп жыл батирледик. Жаңы конуштардын бирине үй салганыма он жылдай болуп калды.
Анан колуңуздан түшпөгөн уулуңуз азыр канчага чыкты?
— Улуу кызым ал кезде бир жарым жашта болчу, азыр жыйырма үчкө чыкты. Ошол кездеги эки айлык балам жогорку окуу жайды бүттү. Андан кийинки уулум мектеп окуучусу, эң кичинекей көкүрөк күчүгүм эки жарым жашта. Улуу кызым ырчы болом дегенине каршы чыктым эле, ал юридикалык билим алды. Андан кийинки уулум да эжесинин жолун жолдоду. Ортоңку баламдын сүрөт тартканы мыкты. Байкасам, мендей кезинде сүрөтчүлүккө кызыгып баштады. Бирок мыкты тартат. Бала кезимде көбүнчө жаратылышка, пейзажга кызыкчумун. Ал болсо адамдын тулку боюн тартканды жакшы көрөт. Сүрөтчүлүк өнөрдү алып кетсе жакшы болмок. Кичүү уулумдан ырчы чыкчудай, угуу жөндөмү жакшы экенин байкайм.
Элүү жашка чыкканда уулдуу болдуңуз эле. Кандай сезимде болдуңуз?
— Жашың өткөндө балалуу болгон башкача сезим экен. Атын Элүүхан деп коёюн дегем. Кийин мага “ата, мага эмне деген эски ат койгонсуң?” деп таарынбасын деп Элхан дедим. Буга чейинки балдарым төрөлгөндө өзүм жаш болуп жумуш деп жүрүп көп кылыгын көрбөптүрмүн. Азыр Элханым мага кубат берет. Илгери Юрий Бобков элүү жашында уулдуу болгондо суктандым эле. Кийин өзүм балалуу болгондо айтсам, “атасынын көрү, алтымышка чыкканда да уулдуу бол” деп күлдүрөт. Кээде баламды көчөгө жетелеп чыксам “небереңизби?” дешет. Ооруканага өзүм алып барып калсам да ал жактагылар балам десем таң кала беришет. Азыр эми болгон эрмегим Элхан болуп калды. Тур десе турам, бийле десе бийлем, ырда десе ырдайм. Айтор, болгон мээримимди төгүп жаткан кезим. Негизи, өзүм деле балдарыма жумшак атамын. Ушул жолкусу бөтөнчө эт-жүрөгүм элжиреп турган кези.
Келинчегиңиз сизге турмушка чыкканы иштеген жокпу?
— Ооба. Жубайым менен Жалал-Абадда Филармонияда таанышканбыз. Кесиби боюнча эсепчи. Биздин жумушка эжесине келген экен, мен бир көргөндө эле жактырып, бир ай сүйлөшүп баш кошуп алганбыз. Ошондон бери турмуштун ачуу-таттуусун бир татып келатабыз. Менин жашоомдогу шык берген адам. Чынын айтсам, мен ага караганда жалкоороокмун. Бүгүн ыр жаздырыш керек болсо эртеңкиге жылдырып коём. Келинчегим болсо, “жүрү, баралы, ыр жаздыралы, костюм тиктирели” деп мени сүйрөп турат. Жанда жок мээнеткеч адам.
Жогоруда жер тамда жашайм дебедиңизби. Кара жумушка кандайсыз?
— Жер там салганымдын да себеби бар. Кабат үйдө турганда тойлорго барарда бир аз даярдана коёюн деп аккордеон тартасың. Кошуналар жактырбайт. Ушундан улам жер үй жакшы экен дедим. Өзүм айылда өскөн баламын да. Атамдан 8-класста окуп жатканда калгам. Ал кезде 53 жашта десе чоң киши көрүнчү. Азыр ойлосом мендей кезинде каза болуптур. Апам беш баланы жалгыз тарбиялады. Жакында эле 93 жашында каза тапты. Мээнетке бышып чоңойдук. Кара жумуштун түрүн жасачубуз. Өзгөчө тамеки тизген көңүлүмө көк таштай тийген. Ошентсе да үй-жайга карамдуу элемин. Сыртка чыгып өзүмө тиешелүү чарбаны, жумушту жасайм. Көргөндөр “ырчылар да жумуш жасайбы?” деп сурашат. Сахнада эле ырчы болбосом, күнүмдүк жашоодо катардагы эле адаммын. Менин да өзүмө жараша түйшүгүм, муктаждыгым бар да.
Азыр улуу муундагы ырчылардын көбү эле социалдык тармакта активдүү. Бирок сизди издеп биринен да тапкан жокмун?
— Ушул нерсени өздөштүрө албай койдум. Балдарым баракча ачып берип, сүрөт жүктөп беришкен. Башында жакшы эле баштагам. “Ата, тойдо жүрсөңүз да видео киргизип, ырларыңызды жүктөп, өзүңүздү жарнамалап турсаңыз боло”,- дешет. Бирок ага да жөндөм керек экен. Адамдар менен жандуу баарлашканды баалайм. Өзүмдү көп эле жарнама кылганды жактырбайм. Мени кайда болбосун күйөрмандарым таап, тоюна “ырдап бериңиз” деп чакырышат. Башкалардай болуп ишкерликке да жөндөмүм жок. Үй-бүлөмдү бир гана өнөрүм менен багып келатам.
Анара Дүйшөналиева