Айнагүл Сакеева: «Белгилүү кыздардын апасы экенимди билдирбей жүрѳм»
Элдик дастандар баштаган патриоттук ырлары менен ѳзгѳчѳлѳнгѳн ырчы Гүлзада Рыскулова менен кыргыз тилдүү бирден-бир тренер Аксана Рыскулова карапайым калктын сүймѳнчүлүгүнѳ ээ болгон эже-сиңдилер. Мындай таланттуу, жигердүү кыздардын апасы бүгүнкү маек тѳрүбүздѳ.
Айнагүл эже, канча баланын апасысыз?
— Ѳмүрлѳшүм Жетимиш экөөбүздүн үч кыз, эки уулубуз бар. Тунубуз Аксана, ырчы
кызым Гүлзада ортончубуз. Кичүү кызыбыз Орусияда жашайт. Үч кызга удаа эки
уулдуу болгонбуз. Кудайга шүгүр, балдарымдын баары турмуштан ѳз ордуларын
табышкан. Беш балам – беш жылдызым.
Жылдызга тете сыймыктуу балдарды тарбиялоодо ѳзгѳчѳ сырыңыз барбы?
— Ѳзүмдүн балалыгым мээнет менен ѳтүп кетти. Балалыктын доорун деле сүргөн
эмесмин. Ушундан улам балдарымды эркин чоңойткум келчү. Бала бакчада
жыйырма жыл башкаруучу болуп иштегем. Балдарымдын атасы болсо көп жыл
эсепчи болуп иштеп, жумушуна эрте кетип кеч келчү. Бала бакчада
иштегендиктен, балдарымдын баары жанымдан алыс чыкпай кашымда
тарбияланышты. Балдарымды отургузуп алып “оку, жаз” дебей, оюн түрүндө
тарбияладым. Анан да жаштайынан табиятка жакын өстүрдүк. Тактап айтканда,
үй-бүлөбүз менен үйүбүзгө жакын жердеги токойго эс алууга кѳп барчубуз.
Балдарыбыз ал жерден каалашынча ойноп, атасы экөөбүз балдарды карап
суктанып отурчу элек. Үйүбүздүн жанында канал бар эле, жайы менен бакадай
болуп суудан чыгышчу эмес. Балдарым жерде эмес, бактын башы, үйдүн чатыры
сыяктуу бийик нерселерге чыгып ойношчу. Алардын чатырдын кырында басып
жүргөнүн кѳрүп коркчумун. Бирок кыйкырсам чочуп кулап кетпесин деп оозумду
жаап алып «түш» деп акырын айтчумун. Алар түшкүчө буттарым чымырап,
жүрөгүм оозума тыгылчу. Ошондой эле балдарыма бир да ирет жаман сөз айтып,
жаман сөз менен урушкан эмесмин. Кээде теңтуштай мамиле жасачумун. «Уядан
эмнени көрсө учканда ошону алат» деген туура. Өзүбүз туура жүрүп, туура сүйлөп,
жаман сапаттардан алыспыз. Бизди көрүп балдарыбыз да ошондой өсүштү.
Гүлзада кызыңыз кичинесинен эле ыр дүйнөсүнө жакын беле?
— Биз жумушта жүргѳндѳ Гүлзада бак-дарактын үстүнө чыгып алып ырдап, концерт
коюп ойношчу экен. Ал күндѳрдү кыздарым сагынуу менен эстеп калышат. Аксана
мектепти бүтүп жаткан жылы Гүлзада 8-классты аяктаган. Бүтүрүүчүлөргө
арналган кечеде Гүлзада “Ямаханын” коштоосунда ырдаган экен. “Ямаха” ойногон
агайы талантын дароо байкап, кийин 9-классты бүткөндө музыкалык окууга
тапшырткан. Ал окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктады. Бирок кызым
дароо сахнага ырдап чыкпай, Орусияга иштеп кетти.
Буга кандай зарылчылык болду?
— Советтер союзу ыдыраган маалда эл алапайын таппай, ата-эненин колун
караган жаш баладай эле абалда калдык. Бала бакчаларда айлык төлөнбөй
жабылды. Айла жок бир торпокту саттырып, анын акчасы менен алып-сатууга өтүп
кеттим. Бишкек шаарына келип иштеп, үй-бүлөмдү кризиске учуратпай сактап
калдым. Сооданын жолу менен туугандарга кошулуп Орусиянын да тузун таттым.
Анан жандарын багып, буттарынан турчу жолду кѳрсѳтүү үчүн төрт баламды
жаныма чакырдым. Сооданын жолун табышса да, Аксана менен Гүлзаданын
көксөгөнү башка болуп, баш-оту менен берилип иштешкен жок. Уулум да спорт
менен машыгып Орусиядагы кыргыздарга жардам берип жүрдү. Ошентип, үч
кызым тең турмушка чыгышты. Гүлзада балалуу болуп үйдө отуруп калганда
кулагына ырлар жаңырып, ырдап чыгууну абдан самады. Бирок жолдошу
кызганчаак болуп, ырдоосуна каршы болуп туруп алды. Ушунун баарына убакыт
керек болду.
Кызыңыздын турмушу бузулганы сизге да, ѳзүнѳ да оңой болбосо керек?
— Кызымды өзү тааныбаган эле бала ала качып кеткен. Сураштырып жакшы эле
жер экенин укканда «нааразы кылып коюп багы ачылбай калбасын, таш түшкөн
жеринде оор» деп отургузуп койгонбуз. Бир жыл жашап, бир балалуу болгон соң
оту күйүшпѳй калды. Күйөөсү менен башынан эле жылдызы келишпептир. Антсе
да биздин айтканыбызды аттабай чыдап жашаптыр. Ушундан улам го, ажарышып
кеткени үчүн депрессияга түшүп, кыйналган жок. Тескерисинче, абдан кубанды.
Бир күнү «баланы шылтоо кылып келе берет» деп баласын кайын-журтуна берип
салыптыр. Бирок энеге баладан алыстоо оңой болбойт да, уулун сагынып
кыйналды. Жума сайын атасын айдатып алып барып, көрүп жүрдүк. Бир жылдай
ушул убаракерчилик болду. Акырында атасы «уят, ажырашкан жерине улам сайын
барган жакшы эмес» дей баштады. Анан чоң себет жасап алып «кызым берерин
берип алып, кайра баласыз кыйналып жатат. Бала силердики. Энесинин жанында
болсун» деп түшүндүрүп үч жашында жанына алып келип бердим.
Жаш баласы менен жалгыз бой кезде чыгармачылыкка киришкен экен да?
— Ооба, баласын мен карап бергеним үчүн анчейин деле оор болгон жок. Анын
үстүнѳ ырдап чыгуусуна башынан тымызын даярданып, бул кыялы орундаларын
сезип жүргѳн да. Алгачкы «Мен кыргыздын кызымын» деген ырынын клиби
тартылганда жанында болуп, кийимдерин кийгизип, ойдоп-түзөп турдук. Тамак-
ашымды бышырып, атасын айдатып алып колумдан келген жардамымды кылдым.
Ырчылык канында болсо керек?
— Болушу мүмкүн. Кайненем «жайлоого чыкканда ооз комузум болбосо кантип
күнүм өтөт?» деп ыйлачумун деп айтып калчу. Бирок атасы чыгармачылыктан
таптакыр алыс адам. Ал турсун башында ырдоосуна каршы да болгон. Ал эми мен
ырдаганды абдан жакшы кѳрѳм. Жакшылыктарда ырдасам чалым кызганчу, ага
деле болбой «бир жолу уруш угармын» деп ырдап алчумун. Ушинтип өзүмдү
канаты сынган куштай сезип жүрчүмүн. Ошого кызымдын ырдайм дегенин колдоп,
атасына билдирбей комуз чаптырып берип, чыгармачылык жолуна тымызын
даярданганбыз. Атасы дастандарды жакшы көрөт, Гүлзада дастандарды ырдай баштаганда гана атасы кубанып, ырчылыгын кабыл алды. Ошондон кийин
батасын берип, кызына ыраазы болду.
Азыр кичинекей балдарын караганга да жардамдашып турасызбы?
— Кызымдын жылдызы жанып, элге алынган соң чыгармачылык менен эркин
жүрдүң. Эми турмушка чык, тѳрѳ. Үй-бүлө биринчи орунда болушу керек дедим.
2014-жылы кайрадан жаңы турмуш баштады. Тилегенимдей удаа төрөп алды.
Азыр улуусу 16 жашка чыкса, кичүүсү бир жарымда. Турмушка чыкканда эле улуу
баласын өзүнө бердим. Бала да болсо кийин «мени таенем баккан, сиз баккан
эмессиз» деп айтуусу ыктымал да. Гүлзада катар тѳрѳп бала басты болуп жаткан
маалда балдарын караша албай калдым. Себеби атасы инсульт алып ооруп
калып жанынан чыга албадым. Бала багуучунун, күйөө баламдын каралашуусу
менен балдарын торолтуп алды. Кайын-журту да каралашып турушат.
Ырчы кызыңызга эмгегиңиз зор экен. Тренер кызыңызга да таасир эткендирсиз?
— Гүлзада кичинесинен бир несеге эптүү эле, эмне иш кылбайын «үйрөнөм, мен да
кылам» деп колумдан талашып турчу. Куурчактарына көйнөк тигип тыпырайтып
кийгизип алчу. Аксана андай иштерге жок болчу. Бирок балдарымдын ичинен
китепти өтө көп окуган ушул Аксана болду. Бир күндө бир китепти окуп бүтүп
койчу. Ушундан улам кызыма «келечекте журналист болосуң, китепти дагы да көп
окушуң керек. Сөзгө чечен болсоң ыр жаз, акын бол» дечүмүн. Балага шык берип
койсоң өзүнөн-өзү күчтөнөт экен. Кээде, тескерисинче, “карачы, сиңдиң үйрөнүп
алыптыр, сен тиккенди билбейбиң” деп аракеттенүүсү үчүн катуураак айтчумун.
Ушундан уламбы, билбейм, мектепти аяктаган соң тигүү курсуна тапшырып, эки
жыл окуду. Ал жактан чоң үстүңкү кийимдерге чейин тиккенди үйрөндү. Анан
юридикалык окуу жайга тапшырды. Турмушка чыгып эгиз балалуу болгон кезинде
ымыркай балдарына карабай тигүү цехин ачып төшөктөрдү тигип, базарга сатып
жүрдү. Андан соң изденүү менен үлпөт көйнөктөрдү ѳз колу менен тигип,
«Гүлзада» деген үлпөт көйнөктөрдү саткан салон ачты. Ошентип, тигүү жаатында
иштеп жүрүп бизнес-тренердин окуусу тууралуу угуп калыптыр. Кызыгуу менен
анын сабагына катышып, андан ары ушул жолду тандап кетти. Баягы салонду,
кийин ачкан эмерек дүкѳнүн жаап, тигүүчүлүктү жыйыштырып салды. Чет
мамлекеттерге чейин барып кымбат баалуу тренерлерден сабак алды. Мен болсо
кызымдан “кана эми, окугандарыңдын жыйынтыгын кѳрсѳт. Сенин сөз байлыгың
мол, колуңдан келет» деп талап кылып да, түрткү берип да турдум. Аксана учурда
кѳрүнүктүү кыргыз тилдүү тренерлердин бири.
Кыздарыңыздын бири тренер, бири Эмгек сиңирген артист. Ушундай кыздардын
апасы болуу сыймык болсо керек?
— Гүлзаданын мындай наам аларын эч ойлогон эмеспиз, өзү деле күткөн эмес экен.
Укканда, албетте, сүйүндүк. Бирок аны жууп, майрамга айландырып жиберген
жокпуз. Мен болушунча элдин көзүнө түшкөндөн качам, эркин жүргөндү каалайм.
Ошондуктан белгилүү кыздардын апасы экенимди билдирбей жүрѳм. Анткени
белгилүү инсандын апасы болуу кыйын. Эл тааныса, ар бир кадамың элдин
назарында болуп калат.
Айгерим Токтобай кызы