Кызыл камчы күйөө кайдан чыгат?
Ар бир аялзаты бактылуу болууну кыялданат. Тилекке каршы, дайыма эле андай боло бербейт. Болочоктогу күйөөсүнөн жакшы нерсени үмүт кылган кыз тескерисинче ал тарабынан зомбулукка кабылган учурлар өтө эле көп. Статистикалык маалыматка караганда, былтыркы жылы Кыргызстанда 5185 үй-бүлөдө зомбулук фактысы катталса, 288 аялзаты ар кандай жарааттардын кесепетинен улам ооруканага түшүп, 62 аял зомбулуктан улам жан берген. Жыл жаңырары менен күйөөсүнүн токмогунан каза тапкан дагы эки учур катталды.
- Түйүлдүк эненин курсагында жаткан кезде эле энесинин коркуу, жинденүү, ыйлоо сезимдерин сезет. Эгерде күйөөсү аялын чапса, энеси бүрүшүп корксо курсактагы бала билет. Демек, жарааттын өзөгү жатында жатканда эле башталат.
- 10 жашка чейинки баланын аң-сезимин адис пластилинге салыштырат. Ал кайсы тарапка бурасаң да ийилип кете бергенге жөндөмдүү келет. Мисалы, атасынын апасына кол көтөргөнүнө, кыйкырып үстөмдүк кылганына күбө болсо, “маселе ушундай жол менен чечилет тура, мен да бирөөнү чапсам, бирөөгө кыйкырсам айтканымды угат” деген түшүнүк мээсине автоматтык түрдө сиңет. Анткени ал маселени башка жол менен чечүүнү көргөн да, үйрөнгөн да жок.
- Ошондой эле бала бир нерсени туура эмес кылса ата-эне аны уруп, согуп жазаласа, “демек, бир нерсени туура эмес кылган адамга ушундай мамиле жасоо керек турбайбы, ката кетирген адамды сабоо керек” деген түшүнүк сиңет. Бул түшүнүктү кийин аялына, балдарына пайдаланат.
- Авторитардык тарбиядагы баладан да кийин чоң муштум чыгат. Себеби атасынын айтканы айткан, диктатор болсо бала оюн ачык айта албайт. Мындай бала чоңойгон соң ичиндеги чыңалган, кысылган абалды өз үй-бүлөсүнөн чыгарат. “Атам ушундай айткан, менин да айтканым мыйзам” дегенге өтөт. Айтканы аткарылбаса жазалайт.
- Либералдык тарбияда чоңойгон бала. Мында ата-эне баласына “сен баарынан жакшысың, акылдуусуң, күчтүүсүң” десе, баланын мээсине ошол түшүнүк сиңип, айрым учурда “мен гана күчтүүмүн” деген менменсинүү сезимине айланат. Өзүн жогору коюп, башкаларга кысым көрсөтүп, психикасын сындырууга аракет кылат.
- Бала жашоодо стресс алса да кийин кызыл камчы болуп чыгат. Мисалы, бейкапар ойноп жатса, тарбиячы урушуп же катасы үчүн чаап койсо, балада алсыздык, ыза жана жек көрүү сезими калып, өзү чоңойгону менен көкүрөгүндөгү так кала берет. Турмуш курганда аялы аны кыйкырып урушса, басынтса бала бакчадагы ыза сезими ойгонот. Бирок ал кезде кичинекей алсыз болуп агрессиясын чыгара албаса, бул жолу күчүнө ишенип ачуусун, болгондо да илгерки жараатын аялынан чыгарат.
- Өзүн-өзү төмөн баалаган адамдар да кооптуу. Сырткы келбетине, жашоосуна, турган турпатына канааттанбаган, өзүнө ишенбеген адам да маселени муштум менен чечет. Мисалы, бирөөлөр күлсө, тиешеси жок болсо да “мени шылдыңдап жатат” деген түшүнүктө калат. Ал сезим ызага, таарынычка айланат. Айланадагы адамдардын баары аны басынтып жаткандай сезимде болот. Жыйынтыгында ал сезимден кутулуу үчүн өзүн муштум менен коргой баштайт.
КЫЗЫЛ КАМЧЫ КҮЙӨӨНҮ КАНТИП ТААНЫСА БОЛОТ?
- Үй-бүлөсүн дайым катуу көзөмөлдө кармайт. Алар кандай жумушта иштейт, балдары кайсы бала бакчага, мектепке барат, бош убакытты кандай өткөрүү керектигин бүт өзү чечет.
- Үй-бүлөдөгү өзүнүн таасирине ашкере ишенет. Ошондуктан дайыма аялдын орду кайда экенин көрсөтүп турат. Кыймылсыз мүлк алууда, каржы маселесине келгенде тыкыр көзөмөлгө алат.
- Аялы ага көз каранды болгудай абалга кептейт. Акча жагынан көз каранды кылуу үчүн жумуштан чыгаруусу мүмкүн. Кылган ишинен кынтык таап, “туура эмес боёндуң”, “тамагың супсак” деген сындарды айтат.
- Орой тамашалайт же болбосо ачык эле шагын сындырып кагат. Кандай жол менен болсо да аялдын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтүүнүн үстүндө болот.
- Аңдып, баскан-турган изине чейин көзөмөгө алат. Телефонун текшерип, жумушуна чалып, сүйлөшүүлөрдү тыңшап… Кыскасы, кызганууга негиз жок болсо да шылтоо издей берет.
- Үйдө бир маселе жаралса талкуулабайт. Буйрук бергенди, талап кылганды гана билет.
- Эгер колу тийсе, туура эмес кылган иши үчүн жазаладым деп кайра аялды күнөөлөйт. Көпчүлүк эркектер аялын сабагандан, ал өзүн алсыз сезип ыйлап отургандан ырахат алат. Айрымдары ичиндеги топтолгон стрессти ушундай жол менен чыгарат.
- Тилекке каршы, турмуш курганга чейин эркектин кызыл камчы экенин аныктоо мүмкүн эмес. Бирок талапты ашкере койгон, сынчыл, чектен ашып көзөмөлгө ала берген, ишеним артпай шекший берген эркектен алыс болгон оң. Көпчүлүк учурда “күчтүү”, “чечкиндүү”, “камкор” эркектин ичинде чоң муштум эркек жашынып жүргөн болот.