Негизгиге Жигит сыры Калыс: Апам экѳѳбүз эне-баладай жашай албай кыйналып келебиз

Калыс: Апам экѳѳбүз эне-баладай жашай албай кыйналып келебиз

931

Калыс: «Апам экѳѳбүз эне-баладай жашай албай кыйналып келебиз»

Кээде чоңдордун акылга сыйбаган кадамдары кичинекейлердин аруу дүйнѳсүн талкалап, келечегине балта чабат. Бүгүнкү баян ээси энесинин эссиз кадамынан ѳзү ата болгон куракта да жапа чегип, жан дүйнѳсү оору менен күн кечирип келет.

«Апасынын баласы»

— Бала күнүмдү эстесем кѳз алдыма апамды этектеген чыт курсак кезим тартылат. Эки эжем, эки агам жана карындашым бар. Апама баарынан жакыны мен болчумун. Апам да мени аябай жакшы кѳрчү. Ушундай жакындыгыбыздан улам атам баш болуп коңшуларга чейин мени «апасынын баласы» дешчү. Адатта бул сѳз уул балдардын намысына тийсе, мен үчүн сыймык болчу. Апасы ѳзгѳчѳ ишенген, сырын бѳлүшкѳн, качан болбосун кеңешүүгѳ издеп турган уулу болуу кантип сыймык болбосун. Үйдүн кенжелери катары карындашым атамды, мен апамды менчиктеп эрке чоңойдук. Мектепти аяктаган жылы атабыздан айрылып, ааламыбыз аңгырап калды. Апамды карындашым менен жалгыз калтыра албай кыйылдым. Бирок туугандарымдын демилгеси менен аргасыз студент болдум. Анда да күн сайын башым, бутум деген апама санаам тынбай ат тезегин кургатпай каттадым. Мындай камкордугума апам эле эмес, бүтүндѳй айыл эли ыраазы эле.

«Апам мени алдап жүрүптүр»

— Эптеп каникулдан каникулга чейинки убакытты санап жүрүп 3-курс болдум. Жайкы эс алуу маалында апам катуу ооруп калды. Ооруканадан ооруканага каттай баштадык. Бирок дарыгерлер тез эле жыйынтык чыгарып, ашказанында жаман дарт бар экенин ачыкташты. Аргабыз түгѳнүп үйгѳ келдик. Апам дартын ачык, так билбегени менен жүрѳгү жамандыкты сезди окшойт. Кѳп нерселерди астыртан табыштады. Туугандарым тынымсыз каттап, карындашым экѳѳбүз кашынан чыкпадык. Бир күнү апам экѳѳбүз түнгѳ чейин кобурашып отуруп калдык. Анын бир нерсе айта албай жаткандай абалын байкап, «жарыктыгым, жанынан чыгаргысы келбей жатат го» деп ойлоп, айтарга кеп таппай турдум. Апам да ар нерсени сүйлѳгѳн болот, окшобойт. Бир убакта:

– Балам, сен баягы кептердин чын-бышыгын ойлогон жоксуңбу?- деди.

– Кайсы кеп? – Эсиме эч нерсе түшкѳн жок.

– Баягы… Тиги кемпир «бакма бала» дегеничи?..

– Хм… – Күлүп жибердим. – Ой, апа, алжыган кемпирдин сѳзүнүн эмнесин иликтейм?

– …Апам тунжурап калды. Атам ѳлгѳн жылы кѳз кѳрсѳтүп келген кемпирлердин арасынан бири мени карап жанындагыларга «баягы ташталган бала ушул деп жатасыңарбы, ыя?» деп табакташтарынын жемесине калган эле. Мен аны адашып сүйлѳп алды деп маани деле берген эмесмин. Бул кеп боз үйдѳ кара кийип отурган апама кандай жеткенин билбейм, ошону унутпай жүргѳн тура. А мен ошондо эле унутуп калгам. Кызык, азыр анын эмнесин эстеп отурат?..

– Балам, анда чындык бар. Тѳрүмдѳн кѳрүм жакын калды окшойт. Ичимде кетпесин. Сага айтчу чындык бар.

Эч нерсени түшүнѳ албай турдум. Апам мага ар нерсени орунсуз сүйлѳп жаткандай, ден соолугунан тынчсызданып кеттим. Жакшылап карап баары жайында экенин байкап, андан бетер айран таң калдым.

– Ал кемпир туура айткан. Сенин эки апаң бар. Бири сени жарыкка алып келсе, бири мен – сени багып, ѳстүргѳн энеңмин. – Апам баарын жумшактап, жай айтканга аракет кылып жатты. Ага карабай жүрѳгүм тилинип, жаман болуп кеттим.

– Апа, эмне деп эле жатасыз?!

– Апаң жаштыгында адашып… Атаң намыс кылып… Таенең байкуш сени кызыл этиңде атаң экѳѳбүзгѳ табыштаган…

Апам башы бар, аягы жок сүйлѳп жатып ачуу чындыгын айтып, максатына жетти. Кѳрсѳ, мен аларга уул эмес, жээн экенмин. Чоң энемдин сиңдисинин кызы мага апа болот экен. Баарын түшүнгѳнүм менен бирине да ишенген жокмун. Унчукпадым. Апам дагы деле мени ынандыра албай калуудан коркконсуп жатты.

– Ѳлүп калсам менден башка бирѳѳдѳн угуп кѳңүлүң биротоло сынбасын дедим. Чындык ѳзүм менен кетип калбаса экен деп жүрдүм. Жетишип калайын дедим. Ал апаң тиги эле райондо, оорукананын жетекчиси. Оңой эле таап аласың. – Апам кемшеңдеп ыйлап жиберди, ага кошулуп мен да ыйлай баштадым.

– Апа, токточу, ар кайсыны айтпай. Менин апам сенсиң. Менин бир эле апам бар, ал сенсиң. Апа, апаке! – Апамды кучагыма алып, ары жакта карындашымдын да ыйлап турганын кѳрдүм. – Мен силердин эле балаңармын. Сенин байкеңмин.

Жыл айланбай апамдан ажырадык. Баягы кеп тууралуу экинчи ирет ал да, мен да ооз ачкан эмеспиз. Апам менен кошо бактылуу күндѳрүмдү да жоготуп, туңгуюкта жашап жүрдүм.

«Мени таштап кеткен апам таанышуудан баш тартты»

— Жогорку окуу жайды аяктап, үй-бүлѳ күтчү күн келди. Жарым болууга тандаган адамым тарап мени катуу иликтѳѳгѳ алышты. Алардын ашкере тек-жайымды иликтегени кѳңүлүмдү суутту. Бирок ушул нерсенин таасиринен улам апамдын баягы айтканына кайрылууга аргасыз болдум. Улуу бир туугандарымдан, мени багып-ѳстүргѳн ата-энемди билгендерден сураштырып, бакма, таштанды бала экенимди аргасыз моюнга алдым. Анан баягы дарек менен мени жарыкка алып келди деп жатышкан аялды издѳѳгѳ бел байладым. Бирок дароо кадам таштай алган жокмун. Башымды түркүн ойлор ээлеп, жүрѳгүм сыгылып, кѳңүл ооруган күндѳр ѳттү. Миң түркүн суроолор келет, жообу жок. Ал абалымды мен сыяктуу бушайманга кабылган адам гана түшүнѳт чыгар. Бирок мен эч кимге мындай абалды каалабайт элем. Кыскасы, бир күнү баягы ооруканага бардым. Издеген адамымды табуу кыйынга турган жок. Алдына киргенимде кезектеги оорулуу бирѳѳндѳй эле салкын кабыл алды. Мен аны кайсы даректен издеп келгенимди айтканда эле жүзү кумсара түштү. Ансайын ѳчѳшѳ аты-жѳнүмдү, туулган жылымды баса айтып, тиктеп турдум. Колдорунун калтырагын жашыра албай ар кагазды кармалап, кѳздѳрүн ала качты. Сѳз уланбай дымып калдык. Бир маалда ал мындай деди:
“Билиптирсиң. Ооба, ошондой. Кечире алсаң мени кечирип кой. Эми, сураныч, экинчи мени издеп келчү болбо. Эр жетипсиң. Менин сага эмне керегим бар? Дагы келе берсең жашоомду ойрон кыласың. Ушуну түшүн. Сен тууралуу мен жактан эч ким билбейт. Жадагалса балдарымдын атасы да билбейт. Ушул жашка келгенде жашоом талкаланып, бузулбасын. Балдарымдын жүзү жер карабасын”. – Үнү титиреп, тамагы буулуп турганына карабай ал мунун баарын чечкиндүү айтты. Акыркы үмүтүм урап түшүп, жүрѳгүм сыздап чыкты. Апама, мени ар убак колдоп, таяп турган апакеме жетип барып ѳңгүрѳп ыйлагым келди. Ичимдеги үн “менин апам бирѳѳ эле. Ал сенсиң, апаке!” деп кыйкырып, апамдын караанына жалынып жатты. Айтканындай эле ал жерге экинчи ирет кайрылып барган жокмун.

“Кайрадан издѳѳ”

— Жылдар ѳтүп жароокер жар, бал тилдүү балдарым болду. Элдин алдына кетпей, артында калбай тиричилик кылып келем. Мага мыкты тарбия берип, эрезеге жеткирген эне-атам жанымда эместигине гана каңырыгым түтѳп кетет. Ушул инсандарыма болгон сүйүү менен жүрүп ислам динин тааныдым. Ал адамдарга сооп багыштоонун жолун издеп жатып кѳп нерсе үйрѳндүм. Алардын арасында мени жарыкка алып келген апама да карыздар экенимди билдим. Башында муну моюнга алгым келбей, ага деген таарынычым чоң эле. Бара-бара бул кылганым туура болбосун билип, аны кечирүүгѳ аракет кыла баштадым. Ичимде келе жаткан бул дартты жубайым жакшы түшүнчү. Бул энемди кечирүүмѳ ал чоң кѳмѳкчү болду. Ошентип, үч балага ата болгон кезде кайрадан издей баштадым. Ортодо агылган жылдар кѳп нерсени ѳзгѳртүптүр. Апам бул ирет мени ачык жүрѳгү менен жылуу кабыл алды. Жүзүн бырыш басып, карый түшкѳн экен. Жолдошунан ажыраптыр. Балдарына мен тууралуу айтса керек. Алар да мени кадыресе эле кабыл алышты. Бир тууганга байып, энелүү болуп жатып калдым. Ал турсун бири-бирибизди таанып-билели, сыр чечишели, жакындашалы деп апамды үйгѳ алып келип алдым. Бирок бул нерсе мендеги жүктү такыр алып сала алган жок. Апам экѳѳбүздѳ жаңы маселелер жаралды. Чайга отурсак деле, сейилдеп чыксак деле кебибиз жалганбайт, бири-бирибизден чочугансыйбыз. Сыр айтуудан коркконсуп күнүмдүк ар нерсени кеп кылган болобуз. Ушул абал экѳѳбүздү тең тумчуктуруп, кысып, кыйнайт. Бир жумага да жетпей апам үйүнѳ кетип калды. Мен да кармаган жокмун. Андан бери дагы бир топ жылдар ѳткѳнүнѳ карабай биздин мамилебиз ошол эле бойдон салкын. Ал мага бир да жолу “балам” дебеди, мен ага “апа” деп кайрылбадым. Жашоону жаркын жагынан кѳргѳн балдарым гана чын дили менен “чоң апа” деп кайрылышат. Аларды эркелетип жатканы деле мага аргасыздай туюла берет. Ортобузда күйпѳлѳктѳп кѳпүрѳ болгон баягы эле жубайым. Мен болсо жарыкка алып келген апамды Кудай алдында аздектеп карап жатканыма ыраазы болом. Тирүү кезибизде табышып калганыбызга сүйүнѳм. Антсе да эне-бала катары ысык ымала кыла албаганыбызга ичим туңгуюк болуп жашап келем.

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here