Негизгиге Ден соолук Май тамандуулук эмнеси менен кооптуу?

Май тамандуулук эмнеси менен кооптуу?

1781

Өтө коркунучтуу угулбаганы менен, анын жыйынтыгы ден соолукка бир топ залакасын тийгизет. Убагында көңүл бөлүнбөгөн учурда майыптуулукка чейин жеткириши ыктымал.

— Ал кандай оору жана кантип арылса болот?

Май тамандуулук – адамдын таманы жалпак болуп, формасынын бузулушу. Тамандагы чуңкурча жоголуп, басканда таман толук бойдон жерге тийип калат. Май тамандуулук бир же эки бутта тең болушу ыктымал.

Ымыркай жаңы төрөлгөндө таманы түз, жалпак болот. Эки жашынан тартып 5 жашка чейин таман сөөктөрү керектүү формага ээ болуп, таман чуңкурчасы пайда болот. Бул жаштан кийин таманы жалпак болгон учурда, ортопед дарыгерине кайрылып чара көрүү керек. Ал эми чоңдордо май тамандуулук ар түрдүү себептерден улам пайда болушу мүмкүн.

 

МАЙ ТАМАНДУУЛУККА АЛЫП КЕЛЧҮ СЕБЕПТЕР

☑️Ыңгайсыз бут кийим кийүү. Буттун размерине дал келбеген, учу тар, такалуу жана платформа бут кийимдерин ар дайым кийип жүрүү.
☑️Туруп иштеген жана оор жүк көтөрүп иштеген кесип ээлеринде болот. Алсак, жүк көтөрүүчү, куруучу, чач тарач, тиш доктур, сатуучу ж.б.
Кош бойлуулук жана семирүү. Салмак кошуу буттагы алсыз булчуңдарга күч берип май тамандуулукка себеп болот.
☑️Тукум куучулук. Булчуң, таман сөөктөрү, тутумдаштыргыч сөөк аппаратынын алсыз болушу тукумдан өтүшү мүмкүн.
☑️Жаракаттар. Томук, согончок же манжалар жаракат алып, сынып кайра туура эмес бүткөн учурда май тамандуулук пайда болот.
☑️Кыймылсыз жашоо образын жүргүзүү буттагы сөөк, муун жана булчуңдардын алсыз болушуна алып келет. Ошондон улам тамандын май тамандуулукка айлануу коркунучу жогору болот.
Ашыкча кыймыл. Чуркап жана секирүүчү спорттун түрү менен машыккандарда көп кездешет.

 

МАЙ ТАМАНДУУЛУКТУН БЕЛГИЛЕРИ

☑️Бут тез чарчап баштайт
☑️Басып же чуркаган учурда таман ысып, оорутат
☑️Күндүн аягында бут чоң жана оор болгондой сезим болот
☑️Буттун ички тарабы жана томуктун тегереги, манжалар шишийт
☑️Буттун размери чоңоюп, бут кийимдер батпай баштайт
☑️Буттун бармак туштагы сөөгү сыртка карап, бут кетменинин сырткы тарамыштары тырышып, тартышат
☑️Адамдын басышы өзгөрүп, бүкүрөйөт
☑️Бара-бара томук, тизе, бел дагы ооруй баштайт

Кандай ЗЫЯНЫ бар?

Май тамандуулук байкалгандан баштап чара көрбөгөн учурда ден соолукка бир топ зыянын тийгизет. Алсак, муундар менен шыйрактын бузулушуна алып келет. Бул өз кезегинде ар кандай муун ооруларын пайда кылат. Таманда бардык нерв учтары жайгашкандыктан, нерв ооруларын дагы козгойт. Ички органдардын иштешин бузат. Буттагы кан айлануу жай болуп, кан жогору көтөрүлө албай буттун тамыры кеңейип варикозго чалдыгат. Май тамандуулук учурунда муундарга күч келгендиктен артрит, остеохондроз, бел грыжасы ооруларын пайда кылат. Жаш балдардыкын убагында дарылабаган учурда омуртка тутумунун кыйшыйышына, сколиоз оорусуна жеткирет.

 

МАЙ ТАМАНДУУЛУККА КАРШЫ КӨНҮГҮҮЛӨР

☑️Жылаңайлак таман менен кичинекей топту басып, бир күндө 10-15 жолу ары-бери тоголотуп ойноңуз.
☑️Согончоктор менен жерди катуу басып, буттун манжаларын 5-10 мүнөт кыймылдатып оңго-солго жылдырыңыз.
☑️Жерге майда кагаз,оюнчук, карандаш, топчу же чүпүрөктөрдү коюп буттарыңыздын манжалары менен кыпчып бир кутуга чогултуңуз.
☑️Чөп, топурак, кумдун үстүнөн жылаңайлак басуу. Болгону жер катуу жана муздак болбошу керек.
Жаткан абалда буттун учун алдыга жана артка шашпастан 60 жолу тартуу керек.
☑️Жерге бөтөлкөнү коюп, бутуңуз менен камыр жайып жаткандай ары-бери тоголотуңуз.
☑️Балет бийчисиндей буттун учуна туруп үчкө чейин санаңыз. Кайра түзөлүп дем алып алган соң бир канча ирет кайталаңыз.

Бекзат НИЙМАТУЛЛАЕВ, ортопед:

“МААНИ БЕРИЛБЕГЕНДИКТЕН БАЛДАР АРАСЫНДА МАЙ ТАМАНДУУЛУК КӨБӨЙҮҮДӨ”

— Май тамандуулукка кимдер көп кабылышат?

— Төрөлгөндө эле май тамандуулукка кабылгандар калктын 3 пайызын түзөт. Бала төрөлгөндө дароо билинбегени менен 3 жашка келгенде байкалат.Көп учурда мындай балдардын сөөк түзүлүшүндө башка кемчиликтер дагы болот. Андыктан тубаса май тамандуулук аныкталары менен дарылоону тездетүү керек. Ал эми кандайдыр бир факторлордон улам пайда болгон май тамандуулук жаш куракка карабайт. Кандайдыр бир оорунун кесепети дагы май тамандуулукка алып келиши мүмкүн.Көбүнчө бала чагында итий оорусуна кабылгандар бара-бара таманынын жалпак болушуна кабылып келишет.Ата-энелер тарабынан дагы балдарга аз көңүл бурулуп жаткандыктан, жаш балдар арасында май тамандуулук көп болууда.

— Итий оорусу менен май тамандуулуктун кандай байланышы бар?

— Бул ооруга кабылгандарга D витамини жетишпегендиктен, сөөктөрү ийилчээк жана жумшак болуп калат. Туруп, басып, чуркап жүргөндө бутка басым келип, сөөктөр кыйшайып туура эмес түзүлүшкө ээ болот. Ошол эле учурда май таман болуп калуу коркунучун жогорулатат.

— Май таман адамдар кандай жашоо образын жүргүзүүсү керек?

— Негизинен май тамандуулуктун алдын алса болот. Ал үчүн ыңгайлуу бут кийим кийип, түшкө чейин саат 9-11 арасы таза абага сейилдеп, витаминдерге бай азыктар менен туура тамактанып, күн сайын бир убакта жатып бир убакта туруу керек. Бутка жана таманга күч келтирбеген спорт түрү менен машыгып туруу зарыл. Ал эми май тамандуулукка кабылган учурда дарыгерге кайрылып, оорунун түрүнө жараша айтканын аткаруу зарыл. Негизинен май тамандуулукту дарылоо бир жылдан үч жылга чейин созулат.

— Дарылоо убактысынын созулушу эмнеге көз каранды?

— Май тамандуулукту айыктырууда жаш балдарда жакшы натыйжа берет. Анткени алардын сөөгү өспүрүм куракка чейин өсүп, ката элек болот. Жаш курак улуу болгон сайын айыктыруунун натыйжасы дагы аз болуп, ооруну басаңдатуу үчүн гана дарылангандар болот. Дарылануу бир жылдан үч жылга чейин созулат дегеним, бейтаптын таманын чуңкурчаны пайда кылчу супинаторду ар алты айда алмаштырып туруу керек. Канчалык денгээлде чуңкурча пайда болгонун текшерген соң, ошого жараша жаңы супинатор жасатуу керектелет. Бейтаптын дарыгердин айтканын кылганына жана супинатор салынган бут кийимди колдонгонуна жараша бир топ жылга созулуп кетет.

СоӊкуАйбек Дайырбеков, Толкун Дайырбекова: Фильмди көргөн мигранттардын жүзүнөн мекенине болгон кусалык байкалып турду
КийинкиМаркум Айнуранын эжеси Зарина: Сиңдимди ичиндеги баласы менен кошо жерге бердик