Марсгүл Абылова: “Үй-бүлөлүк отурушубузга сырттан кошулган адамдын
боору эзилип калат”
Кыргыз Эл артисти, куудул Күмөндөр Абылов менен актёр, режиссёр Бакыт
Мукулдун карындашы Марсгүл айым да кыргыз элине маданият тармагында
кызмат кылып келет. Тагыраак айтканда, ал акын, сценарист, кээде ырдап да койгон маектешим үй-бүлөлүк таланттын уюткусунан куру калган эмес.
— Марсгүл айым, сейрек кездешкен атты сизге ким койгон экен?
— Ата-энемдин беш эркектен кийин тилеп жүрүп көргөн кызы экенмин. Мен
төрөлгөндө Күмөндөр байкем он төрт жашта экен. “Мага ат койгонго уруксат
бергиле” деп сурап алып Марсгүл деп коюптур. Айгүл, Назгүл, Жазгүл деген аттар
ал кезде көп болгондуктан, менин карындашым бийик болсун деп ушул атты
койгондогусу экен. Өтө эрке болдум. Беш агамдын ортосунда каалагандай
чалчактап чоңойдум. Эркелигимди ушундан билиңиз, жети жашка чейин атайын
тилимди чайнап сүйлөп жүрдүм. Мен биринчи класска барганда Күмөндөр байкем
аскерден келди. Үйгө келсе эч ким жок экен. Анан мага мектепке барыптыр. Апам
менен атамды сураса адатымча чулдурап сүйлөгөн окшойм, “Маку, дагы эле тилиң
чыга элекпи?” десе арданып ошондон кийин так сүйлөп калгам. Негизи эле
байкелериме бирдей эркелеп чоңойдум. Арасынан Бакыт байкеме жакынмын.
Кичине кезимден сиңдим экөөбүздүн чачыбызды тарап-өрүп мектепке узаткан
байкем ошол. Өзү да бизге жакын, сырдашпыз.
— Үй-бүлөңүз менен таланттуу болсоңуздар эсте каларлык жакшы күндөр көп
болсо керек?
— Ооба, биздеги таланттын жарымы атамдан, калганы апамдан өткөн. Себеби
алардын ата-энелери да өнөр баккан адамдар болгон экен. Каныбыз менен кошо
келаткан талант эми уул-кыздарыбызга берилип жатат. Эсимде, 1987-жыл болчу.
Ал кезде район, облустарда үй-бүлөлүк сынактар болуп турчу. Ошол жылы район
аралык сынак болорун бизге атайын айтпай коюшуптур. Биз кеч угуп, чала
даярданып жеңилип калышыбызды каалаган кара ниет адамдар болгон экен. Атам
сынак башталарына үч саат калганда айыл өкмөттөн угуп калып, дароо катышууга
даярданып баштайт. Биринчи эле мектепке келип мени алып кетти. Үйдөн
Күмөндөр байкем, агаларым уюша калдык дагы, автобус менен районго жөнөдүк.
Байкем ошондо “Алтын апам” деген ырын жаңы жазган экен. Жолду катар ал ырын
жаттап бардым. Сынакта мен ошол ырды аткардым, байкем грузин бийин
бийледи, калгандары улуттук аспапта ойношту. Апам ооз комузда ойногону
эсимде. Ошентип сынакты жеңип алып, борборго жолдомо алдык. Ал жактан да
өнөрүбүздү мыкты көрсөтүп жеңүүчү болгонбуз.
— Сөзмөр, куудул үй-бүлө баарыңыздар чогулганда көңүлдүү болсо керек?
— Сырттан биздин отурушка кошулуп калган кишинин боору эзилет. Атам баш
болуп күлдүрүп сүйлөчү. Бир жолу Күмөндөр байкемдин чачынан сылап “чачыңыз
агарып кетиптир, караңызчы, жадакалса атамдын чачы да сиздикиндей ак эмес”
десем, байкем “атаңдын жашоосу жыргал да, эч нерсени ойлонбосо чачы кайдан
агарсын” деп жатпайбы. Анда атам “өзүңдүн мээң жакшы иштебей, кенедей
нерсеге күчтөнүп ойлонуп жатсаң агарат да чачың”десе баарыбыз күлгөнбүз.
Негизи, биздин үй-бүлөдө жалынып-жалбарып, бири-бирибизди эркелетип
сүйлөйбүз. Көрүшкөн жерден кучакташып, эркелешип калабыз. Менден кичүү
сиңдим Тилекгүлдү Күмөндөр байкем азыркыга чейин тизесине отургузуп алып
эркелетет. Атам деле Күмөндөр байкемди үйлөнүп-жайланганда деле өөп-жыттап,
жалынып-жалбарып жүрдү.
— Тогуз бир туугандын башын бириктирип, ынтымактуу кармаганга
жеңеңиздин салымы да чоң болсо керек?
— Жамиля жеңем баарыбызга тең караган, күйүмдүү жан. Дасторкону кенен, кайын
журтуна карамдуу. Бирөө-жарымыбыз конок тосуп калсак улуу экенине карабай
кыймылдап оокат кылып жиберет. Мен байкем менен жеңемдин үйүнө кичине
кезимде каникул сайын барып турчумун. Эгиз уулдары Абас менен Нават
төрөлгөндө жайкы каникул эле. Эки бешикке бөлөп коёт, Наватты мага өткөрүп
берип койгон. Ал ыйласа терметүү менин милдетим эле. Жеңем уктап алсын деп
дүкөн ачыларына бир саат калганда кезекке туруп сүт алып келчүмүн. Кечиксең
сүт калбай калчу. Ошол жылдары байкемдин калкка таанылып калган кези. Жеңем
күйөрман кыздардан кызганып экөөнүн кыжыңдашып калганын көрчүмүн. Экөө
урушпаса экен, байкем жеңеме жаман көрүнбөсө экен деп кыйпычыктап турчумун.
Почтага толтура кат келет. Аларды жеңеме көрсөтпөй бирден ачып окуйм.
Кыздардан келген кат болсо ошол жерден айрып, бырчалап жок кылам. Айтор,
балалык сезимим менен экөөнү урушпаса дечүмүн. (Күлүп) Эми мен аны каникул
учурунда гана кылчумун, мен кеткенден кийин андай каттар табылып экөө далай
урушса керек.
— Байкеңиз үйдүн улуусу катары инилерине кандай талаптарды коёт?
— Байкем олуттуу сүйлөп, сүрү бар. Баарыбыз үчүн ата ордуна ата болуп
калгандыктан абдан камкор. Бакыт байкем менен азыркыга чейин кеңешип иш
кылат. Экөө ынак. Негизи, Бакыт байкем башында Абылов болчу. Байкем менен
сатира аткарганда үндөрү окшош болуп эл бир эле адам алмак-салмак сүйлөп
жатат деп ойлошчу. Анын үстүнө атам “балдарымды атамдын атына жаздырып,
бир да балам Мукул болбой калды” дегенин уккан окшойт. Ошондон кийин
фамилиясын өзгөртүп атамдын атын алган.
— Бир туугандар канча убакытта бир жолугуп турасыздар?
— Дээрлик күндө. Кээде тойго бир барып калабыз. Бири тамада болуп, экинчиси
ырдап барса, үчүнчүсү ал тойго конок катары барып калышыбыз мүмкүн. Мен
көбүнчө Бакыт байкем менен ишим бир болгондуктан көп жолугам. Ар бирибиз
бала-чакалуу, неберелүүбүз. Ар бирибиздин жакшылыгыбызда тикебизден тик
туруп уюштурабыз. Жакында эле Нарында жашаган байкем үйүнө кирди, мен
келин алып той бердим. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жакшылыктын үстүндө эле
көрүшүп жатабыз.
— Апаңыз шаарга канча убакытта бир келип турат?
— Учурда шаарда. Сексенге чыкты. Кыймылы тың. Бул жакка келгенде улам бир
байкем кетирбей алып калып бир келгенде узак убакытка жатып калат. Айылда эки
келини бир үйдө турушат. Ушуга чейин абысын катары жаман-жакшы айтышкан
эмес. Апам, негизи, келиндерин жакшы сөз менен тарбиялап, өзүнө көндүрүп
алды. Убагында апам да уруунун көзгө басар келини болуптур. Кайненеси
уруудагы кандай жакшылык, жамандык болбосун “балаңды мен карап турам,
барып кызмат кылып кел” деп жиберчү дейт. Апам оокатын кылып, элди кетирип
коюп өздөрүнүн төшөгүн салып берип анан келчү экен. Кайненеси кээ бир
жакындарынын кийимдерин “келе, келиниме жуудуруп берем” деп үйгө алып келсе
апам айтканын эки кылбай жасачу экен. Ал кезде суу жок болсо карды эритип
колго кирди жууп, ичине чок салган үтүк менен баягы кийимдерди үтүктөп
жакшынакай кылып кайтарып берчүмүн дейт. Ушундай кызматынан улам
“баланчанын келини мыкты, кыйын келин” деген аңыз калып, азыр апам айылдагы
кадырлуу адамдардын бири. Келиндери менен кошо бизди да сөз менен
тарбиялап койгон. “Чыккан кыз чийден тышкары, төркүнүнө келгенде кийлигишпей
сыйын көрүп кете бергени оң” деген сөзү бар. Сиңдим экөөбүзгө кулак кагыш
кылганы. Азыр экөөбүздү жеңелерибиз төрдүн төбөсүнө отургузуп сыйлап, жакшынакай узатып турушат. Апама болсо биз алып бербеген кийимди алып
берип, көзүн карап сыйлап турушат.
— Сиз кесибиңиз боюнча кимсиз?
— Журналистикага тапшырып бүтпөй калгам. Акынмын, көптөгөн китептерим жарык
көрдү. Жакында эле Түркияда өткөн акындардын поэзия кечесине барып келдим.
Сценарий жазам. Айрым сценарийлеримдин негизинде тасмалар тартылып жатат.
Эки уул, эки кыздын апасымын. Улуу кызым Айзада ырчы Нурлан Алдаяровдун
келинчеги. Кичүү кызым Алтынай Алмухамбетова клиптерде роль жаратып жүрөт.
Учурда келишим боюнча Нарын театрында иштеп жатат. Өзүм болсо уул-келиним
менен Балыкчыда турам.
Анара Дүйшөналиева