Нурсултан: “Бул оорудан эртерээк кутулуп, апама жардам бергим келет”
25 жаштагы Нурсултан чанда кездешчү “кератодермия” оорусу менен 22 жылдан бери жабыр тартып келет. Бул оору анын жашоо образына терс таасирин тийгизет, түнү менен уктатпай кычыштырып чыгат. Дартына даба издеген жаш жигиттин келечеги үчүн күйгөн инсан болсоңуз, кайрымдуулукка кол сунуңуз.
Элсом: 0709 66 09 17
“Менин оорумду эч ким дарылай албай жатат”
Мен үч жашымдан баштап тери оорусунун бир түрү менен жабыр тартып келем. Алгач бутум кабаргансып бир кичинекей эле жара чыгыптыр. Аны байкаган апам мени райондук ооруканага алып барса, “экзема” деген диагноз коюшуп дарылашыптыр.Тилекке каршы, дарылары жардам берген эмес. Анан Ош шаарындагы ооруканага алып барса, “псориаз, грибок” деп ошого жараша дарылашыптыр. Андан да жыйынтык болбогондо 2005-жылы Бишкек шаарындагы облустук ооруканага келгенбиз. Шаардык доктурлар изилдеп көрүшүп, чанда кездешүүчү “кератодермия” оорусу деген диагноз коюшуптур. Алардын дарылоосунан да майнап чыкпаганда “дарылай албай койдук, чоңойгондо организми өзү сүрүп чыгарат” деп айтышыптыр. Негизи бул оору ген аркылуу берилет экен. Бирок менин ата-тегимде мындай оору менен ооруган адам эч болбоптур. Баарынан сураштырып көргөм. Апам деле ай-күнүнө жетип төрөп, кош бойлуу кезинде деле анализдери таза чыкчу, өзүн жакшы сезчү экен. Кайдан чыкса да Аллахтын берген дарты да. Орусиядагы доктурларга да анализ, сүрөттөрүмдү жиберип көрдүм. Ал жактагылар деле чанда кездешчү оору болгону үчүн айыктыра албастыгын айтышты.
“Бир метр жерге басуу мен үчүн азап”
Дартыма даба издеп чуркаган апам мени кандай гана жерлерге алып барган жок. Кайдан тери оорулары тууралуу маалымат укса эле жөнөп калчубуз. Чөп-чарлардын баарын көрдүм. Алардан деле майнап чыкпай, бутумдагы жаралар колдорума чыга берди. Ошентип 6 жашымда эки бутум менен эки колум апакай болуп жатып калды. Колум мындай болгону менен манжаларым кадимкидей эле кыймылдайт. Бирок оор, көлөмдүү нерселерди көтөрө албайм. Басканда буттарым ооруйт, кычышат. Бир метр жерге басып барышым азап болгондуктан эшикке чыкпайм. Үй иштерине жарабайм, кээ бир оор жумуштарды досторум келип жасап беришет. Калган кезде карындашым менен апам эптешет. Таттуу, газдалган, майлуу азыктарды жесем кычышып чыгам, ошондуктан, андай тамактардан баш тартам. Жагымсыз бир жыт бөлүнүп чыгып турат. Ушуларды бир аз болсо да басаңдатайын деп колу-бутума атайын мазь сүйкөп турам. Ал катталып отуруп катуу болуп калат. Анан кайра сууга салып жибитип алып, сыйрып чыгам. Бул процедураны жумасына бир жолу жасайм. Азыр бир компаниянын дарысын колдонуп жатам, ошону сүйкөгөндөн бери бир аз жакшы болуп калгандай сезилип жатат.
“Кызыгып сурагандарга “колум камыр” деп койчумун”
Бул оору менен ооруп баштаганда кичинекей бала элем да, ошондуктан, айланамдагылардын көз карашына анчейин маани бербептирмин. Мектептен кичинекей балдар келип сураса, “камыр” деп коёр элем. Себеби камыр кармап жуубай койгон колго окшош. Ал эми классташтарым андай “камыр” колума, жытына көнүп деле калышкандыктан мага карата жаман сөз айтышчу эмес. Тескерисинче, бир жакка барарда өздөрү келип алып кетишчү. Оорум күчөгөн сайын сабак учурунда колу-буттарымдын кычышканы көбөйүп, андан чыккан жытка ыңгайсызданып жүрүп 9-класстан кийин сабакка барбай койгом. Жаның кыйналып турса сабакка деле көңүл бура албай каласың. Мектеп жамааты да абылымды түшүнүү менен кабыл алышчу. Бирок азыр кээ бир адамдар “жугат” дегенсип кетенчиктеп калышат. Же ачык эле сурашат. Бул оору жукпайт, эгерде жуга турган болсо 22 жылдан бери үй-бүлөмө жугат эле да.
“Жумушка жараксыз экениме карабай дүкөн иштетем”
Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун кулунумун. 25 жаштамын. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун. Бир агам жана карындашым бар. Агам үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болду. Алтын апам 61 жашка чыкты, өз кесиби мугалим болгону менен бүт убактысын, аракетин бизге, үй-бүлөсүнө арнап келет. Атам болсо биз кичинекей кезибизде, тактап айтканда мен 5 жашымда бул дүйнө менен кош айтышкан. Атамды жоготкондон кийин бизди өстүрүү үчүн апам бир топ эле кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Дүкөн ачып да иштетип көрдү. Азыр бир жери ооруса да бизге билдирбей күлүп-жайнап жүрөрүн байкайм, сезем. Бул оорудан эртерээк кутулуп апама жардам берип, аны иштетпей өзүм баксам деп тилек кылам. Жумушка жараксыз болсом да апама жардам болсун деп эки жыл мурда досторумдун сунушу менен үйгө эле дүкөн ачып алган элем. Алгач бирдик салып, балмуздак сатып иштеп жүрсөм, азыр чакан үстөлдүн үстүнө тамеки, насвай, жаш балдардын таттууларын кошуп сатып калдым. Андан жок дегенде чай пул чыгып турат. Мен бул оорудан айыгаарымдан үмүтүмдү үзгүм келбейт. Айыкпайт экен деп эле отуруп калбай чет жактагы клиникаларга да кайрылып көргүм келет. А буга чоң суммадагы каражат талап кылынат. Анан да ушундай оорудан жабыр тарткандарды же айыккандарды билсеңиздер мага кабарлап коюңуздарчы. Мен үчүн ар бир маалымат, ар бир жардам маанилүү.
Элсом: 0709 66 09 17
Айгерим Токтобай кызы