Негизгиге Үй-бүлө Сиздин идеалдуу түгөйүңүз ким?

Сиздин идеалдуу түгөйүңүз ким?

19425

Сиздин идеалдуу түгөйүңүз ким?

Албетте, жашоодо бекем үй-бүлө куруу ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Бирок астрологдордун айтымында, кайсы бир деңгээлде жылдыз белгиси да жашоодо идеалдуу түгөйүңүздү таап, бактылуу жашоого жардам берет.

КОЙ

Койлорго чыдамкай, бир мүнөз жолдош керек. Ошол эле учурда кыймылдуу, бир аз тентек жолдош менен да бактылуу боло аласыз. Кой менен Кой – күчтүү союз. Алар бири-бири менен тез-тез эле уруша бергенине карабай улам мамилелери бекемделип отурат. Андан сырткары сиздин идеалдуу түгөйүңүз – Текечер менен Бийкеч.

Туура келбеген түгөй: Букачар
Кой менен Букачардын ортосунда маселе жаралганда анын чечилиши абдан татаал болот.

БУКАЧАР

Букачарларга өзүнө окшогон ачык-айрым, курч адам керек. Ал үчүн идеалдуу түгөй – Тараза. Букачарлар көбүнчө Бийкечтер менен мамиле курушат, бирок сүйүүлөрү таза болгону менен узакка созулбайт. Букачарларга туура келген жылдыз белги мына ушул экөө, калганы менен тез-тез карама-каршылыктар болуп турат.

Туура келбеген түгөй: Жаачы
Букачар убактысын үйдө тынч өткөрүүнү жактырса, Жаачы такай кандайдыр бир окуялардын күбөсү болуп турганды жакшы көрөт. Букачар Жаачынын күчтүү энергиясына туруштук бере албайт.

ЭГИЗДЕР

Эгиздер үчүн идеалдуу түгөй – Суу куйду. Булар алгач таанышканда ортодо түшүнүксүз жек көрүү болушу мүмкүн. Бирок ортодо жалпы тема пайда болуп сүйлөшө баштаган мүнөттөн тартып жылдыздары дароо келишет. Эгиздер жалкоо болушу мүмкүн, бирок достук булар үчүн биринчи орунда. Сүйлөшүү, мамиле зарыл болгондуктан Эгиздерге сүйлөөк, кызыктуу адам мыкты түгөй боло алат.

Туура келбеген түгөй: Текечер
Эгиздер көңүл ачууну, кимдир-бирөөлөр менен сүйлөшүүнү жакшы көрүшсө, Текечерлер абдан эмгекчил келишет. Ошондой эле жашоосунун ар бир бөлүгүн пландап жашаган Текечерди бардык нерсени ойдо жок жерден жасаган Эгиздердин кылыгы кыжырлантат.

БӨЙӨН

Бөйөндөр биринчи орунга үй-бүлөсүн коюшат. Бул жагынан алып караганда Бөйөн башка Бөйөн менен идеалдуу түгөй боло алат. Же болбосо Суу куйду менен. Бирок Суу куйдунун өзүмчүлдүгү бар. Ошондой эле андан жакшы ата же эне чыкпайт. Ал эми Бөйөн жоопкерчиликтүү, үй-бүлөсү дегенде баарын курмандыкка чалууга даяр адамдарды жакшы көрөт.

Туура келбеген түгөй: Эгиздер
Экөөндө тең юмор сезимдери күчтүү болгон учурда мындай союз түзүлүшү мүмкүн. Эгиздер мамиле курууну, эс алууну, а Бөйөндөр эс алууну жактырышат.

АРСТАН

Арстандарга идеалдуу түгөй болууга Бийкеч жарайт, анткени ал Арстандын бардык мүнөзүнө чыдайт. Арстан – айым, Бийкеч – эркек болгондо мындай союз мыкты болот. Тескерисинче болсо деле жаман болбойт.

Туура келбеген түгөй: Чаян
Чаян түгөйүн мактабайт, жылуу сөздөрүн айтпайт, а бул нерсе Арстанга керек. Анын үстүнө Чаяндар кызганчаак болушат, а бул Арстанга жакпайт.

БИЙКЕЧ

Бийкеч эркектерге аял Арстан эң мыкты түгөй болот. Аялынын тамашакөйлүгү жана жашоодогу уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү Бийкеч эркекти ар дайым ыраазы кылат. Ал эми аял Бийкечтерге түгөй тандоо бир аз татаалыраак. Алар үчүн идеалдуу түгөй күчтүү, өз алдынча, ал үчүн баарына даяр турган эркек. Мындай эркектер – Суу куйду, кээде Букачар менен Бөйөн.

Туура келбеген түгөй: Жаачы
Булар бири-бирине карама-каршы келишет. Андыктан мамилелери жаңыдан башталган кезде гана баары жакшыдай сезилиши мүмкүн, андан кийин уланбайт. Бийкеч менен Жаачы эч убакта тил табыша алышпайт, андыктан такай урушуп жашашат, же ажырашып тынышат.

ТАРАЗА

Таразаларга өзүн дайыма колдоп турган, кылган ишин сындабаган түгөй керек. Булар: Балыктар, Жаачы. Балыктар менен Таразанын никеси абдан бекем болот. Ал эми Жаачыга бир аз эркиндик берип койгон шартта ал сизди бактылуу жашоо менен камсыз кылат. Мындай никеде көзгө чөп салуу деген нерсе болбойт.

Туура келбеген түгөй: Бийкеч
Бийкечтер сындоого жакын болушат. Дайыма өздөрүнүкүн туура деп эсептешет, бул болсо Таразаны кыжырлантат.

ЧАЯН

Эгерде сиз Чаян белгисинин астында төрөлгөн болсоңуз, анда сиз үчүн идеалдуу түгөй – Текечер. Бул эки жылдыз белгидеги адамдардын амбициялуулугу, карьера жасоого болгон аракеттери, кайраттуулугу окшош. Эгер кызыкчылыктары бир болсо абдан бекем жана узакка созулган союз түзүлөт. Чаяндар Тараза менен да, Балыктар менен да жакшы түгөй боло алат.

Туура келбеген түгөй: Кой
Эки жылдыз белгиси тең күчтүү, кайраттуу. Экөө тең бийикте жүрүүнү каалашат. Алгач кемчиликтери бири-бирине билинбейт. Убакыттын өтүшү менен ортолорунда чыр чыга баштайт. Андай учурда убагында токтоп калуу, кечирүү, унутуп коюу дегенди билишпейт. Көйгөйлөр чогулуп отуруп кийинки уруштун чыгышына себеп болот.

ЖААЧЫ

Жаачыларга эркиндик керек. Аларга бул эркиндикти берип, жакшы дос болуп берүүчү адам – Бөйөн. Ошондой эле Суу куйду да Жаачыга жакшы түгөй болот. Бөйөндөй эркиндикти бере албаганы менен экөөнүн ортосунда сүйлөшүү үчүн тема көп болот. Жаачы менен Суу куйду – мыкты бизнес-өнөктөштөр. Аларда достук да, сүйүү да болушу мүмкүн.

Туура келбеген түгөй: Текечер
Таптакыр эки бөлөк адамдар. Каалоолору абдан күч болгон убакта да жалпы тил табыша алышпайт.

ТЕКЕЧЕР

Текечерге анын өзүнө ишенимсиздигине карама-каршы тура билген адам керек. Ал Кой, Арстан же Эгиздер болушу мүмкүн. Бирок сүйүү жаатында Балыктар менен мыкты түгөй болот. Башка саналган жылдыз белгилери достук үчүн же узакка созулган ишкер кызматташтык үчүн жакшы.

Туура келбеген түгөй: Эгиздер
Бул эки белги өтө эле эки бөлөк. Текечер – олуттуу, Эгиздер – тескерисинче. Текечер каардуу болсо, Эгиздер – абдан сезимтал. Андыктан булардан эч кандай жакшы үй-бүлө курулбайт.

СУУ КУЙДУ

Суу куйду үчүн идеалдуу түгөй – Жаачы.
Жасалмасы жок Жаачы Суу куйдуга жагат. Бул экөөнү кандай гана мамиле бейланыштырбасын, баары ийгиликтүү болот. Бири-бирин жоготуп албоо үчүн булар бардык нерсеге даяр болушат.

Туура келбеген түгөй: Букачар
Суу куйду менен Букачардын ортосунда кадимкидей сүйлөшүү болушу мүмкүн эмес. Букачардын өжөрлөнүп өзүнүкүн бербеген мүнөзү Суу куйдуну өзүнөн алыстатат.

БАЛЫКТАР

Балыктарга эң мыкты түгөй катары башка Балыктар, Букачар, Жаачы туура келет. Балыктар менен Балыктардын ортосунда сүйлөшө турган сөз, алектене турган иш дайыма табылат. Букачар болсо дайма дем берип, мотивация берип тургандыктан, сиз жоопкерчиликтүүлүккө үйрөнүп карьералык тепкичтен көтөрүлө аласыз. Жаачылар болсо сизге дос да, өмүрлүк жар да, иш жаатында өнөктөш да боло алышат.

Туура келбеген түгөй: Бийкеч
Балыктар – кыялкеч жана сезимтал жылдыз белгиси, а Бийкеч – тескерисинче. Бирок бул белгинин астында төрөлгөн адамдардан өмүрлүк жубайлар чыкпаганы менен жакшы достор чыгат.

Аймээрим Курбаналиева

СоӊкуДарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев: Операциядан кийин өмүр бою көздүн көрүүсү жакшырат
КийинкиГүлшайыр Садыбакасова: Шеринеде ушак сүйлөбөйбүз деген катуу талап бар