Табышкер, кызганчаак, достукка бекем чычкан
Быйылкы жылдын ээси болгон Чычканга жаратылыштан көп артыкчылыктар берилген. Көлөмү кичинекей болгону менен жашоого болгон аракети, мээнети күч экени маалым. Артыкчылыктары менен катар кемчиликтери да жок эмес. Чычканга төмөнкүдөй мүнөздөмө туура келет.
Чычкан жылына: 1900, 1912, 1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008, 2020…… жылы туулгандар кирет.
Ийгиликтүү саны: 2 жана 3 санын камтыган сандар ийгиликтүү болуп саналат, 12, 32, 73, 82 жана башка… Чычкандар үчүн 5 менен 9 ийгиликсиз сан.
Түсү: жашыл, көгүш, көк. Ал эми күрөң, сары түс чычкандар үчүн жагымсыз түс болуп саналат.
Мүнөзү
Чычкан – көпчүлүктүн сүймөнчүгү, эл менен бат тил табышат. Ошол эле учурда орой болушу мүмкүн. Айланасына кызыктуу адамдарды чогулта алат. Сыртынан токтоо көрүнгөнү менен жан дүйнөсүндө дайыма бушайман. Сөзмөр, ошол эле учурда өтө сынчыл. Ал ишенимдүү, жоопкерчиликтүү адамдарды баалайт. Жеңил ойлууларды бат эле иргеп, жашоосунан чыгарып салат.
Никеде жана сүйүүдө
Чычкан табиятынан кызганчаак, шекчил болгондуктан, жакын адам табуу оңойго турбайт. Өздөрү да турмуш курууга шашылбайт. Бирок жогорудагы кемчиликтери менен күрөшүп жеңе билсе, чычкандардан жакшы күйөө, жубай чыгат. Балага жан-дили менен берилип мамиле жасайт. Болгон сүйүүсүн арнайт. Чычкандардан жакшы ата-эне чыгат. Бир жолку сүйүүгө, кыска мөөнөттүү мамилеге жакын келишет. Эгер өзүнүн адамын тапса баш-оту менен берилип, жакын адамынын алдында жоопкерчиликти сезе билет. Тиричиликке тың, табышкер болушат. Түгөйүнө талапты катуу коёт, өзү бекемдеп алган эрежеге баш ийип жашоосун каалашат.
Достукта
Достукка бекем. Кыйын кырдаалга кабылган адамды кырдаалдан чыгарып кеткенге жөндөмдүү. Ички туюму жакшы өнүккөндүктөн, кайсы досу колдоого, чын дилден сырдашууга муктаж болуп жатканын сезе билет. Чычкандардын бир артыкчылыгы, досунун ийгилигине чын ниетинен кубана билет. Мындан улам чычкандарды ишенимдүү, чыныгы дос дегенге татыктуу.
Жумушта жана карьерада
Чычкан – жоопкерчиликтүү жана ишенимдүү кызматкер. Ал мээнеткечтиги менен кызматтык жаатта жогорку тепкичке жете алат. Бул жылда туулгандардын басымдуу бөлүгү жогорудагы сапатынын арты менен жетекчилик кызматка жетишет. Өсүүгө болгон каалоосу күч болгондуктан, кайсы тармак болбосун жөндөп кете алат. Чычкандардын дагы бир түрү бар. Алар маңдай тери менен эмес, куулук менен акча табууга жөндөмдүү. Мындай чычкандар үчүн башка адам тер куюлтуп иштейт.
Акчага болгон мамилеси
Чычкан жокчулуктан, тартыш жашоодон коркот. Бул жандыктын ичинде карама-каршылык жашайт. Бир туруп карылыкка акча топтогусу келсе, кайра колунда барын чачып сайрандаганды каалашат. Көп учурда тапкан акчасына саякаттап, каражатты кенен жумшап эс алганды жакшы көрөт. Бул белгиде төрөлгөндөр арзандатуу болгон жерден соода кылганды каалашат. Керексиз буюмду сатып алышат да, кийин өкүнүшөт. Жумуш жаатында ийгиликтүү болгондуктан, көбү жакшы акча тапканды билишет. Табышкерлигинин аркасы менен үйгө көп нерсе алганга жөндөмдүү. Кичинекей тыйынды, оокатты уясына алып келмей адаты бар.
Бир собол
Жылыңызга мүнөзүңүз төп келеби?
“Аюу” холдингинин вице-президенти Кубат Оторбаев: “Жаштайымдан эле мээнет кылып келе жатам”
— Негизи, жаштайымдан мээнетке бышкам. Бала кезимден бери картошка казып, чөпкө чыгып кара жумушту жакшы эле жасап келдим. Андан кийин деле окууга тапшырганда билим алып, жашоого тыйын таап мээнет кылып жаттым. Кыскасы, жаштайымдан эле иштеп келе жатам. Кийин үй-бүлөлүү болгондон кийин жоопкерчиликти өзүмө алып балдарымды татыктуу бакканга аракетимди кылып келем. Өзүмдү укмуш табышкермин деп эсептебейм. Бирок тапканымдын баарын үйгө ташыйм.
Ырчы Айнура Салахидинова: “Кымбат кийим албайм”
— Досторум чычкандай болуп үйгө ташыган жагың окшош деп көп айтышат. Мен акчаны чогултуп туруп кайра коротуп жибермей жагым бар. Канча жолу аракет кылып баштадым, кийин турмушка чыкканда жолдошум экөөбүздүкүн чогулттум. Бирок бир иш чыгып калат же бирөө сурайт, ошону менен аракет кылып чогулган каражатың жок болот. Анан да кымбат кийимге басым жасабайм. Апам менен жолдошум “элдин назарында жүрөсүң, жакшы кийин” деп көп айтышат. Бирок мен мода кууп, карызга кийинип жүргөндү жактырбайм. Балдарыма деле улам жаңыртып дайыны жок кийим алгым келбейт.
Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетова: “Айланамдагыларга талапты катуу коём”
— Сынчылмын. Бирок сынды адамдын назарын сындырыш үчүн эмес, мындан да жакшы болсун, өссүн деген мааниде айтам. Айланадагы адамдарга талапты катуу коём. Мен үчүн жыйынтык жакшы болуш керек. Дос дегенде берилип, жан дүйнөмдү төшөп кызмат кылам. Досторумдун ийгилигине жан дилим менен кубанам. Дагы жакшы нерсеге жетишсин деп тилейм. Бирок мен кадырлаган адам мага туура эмес мамиле кылса чалкамдан кетем да, жүзүмдү бурам. Денемдин ар бир клеткасын кыйнасам да, кайра мурдагы мамилени жасай албайм. Балдарым үчүн жашоомду арнап келдим. Ашкере баласаакмын. Мурда өзүм көп нерседен баш тартып, балдарымдын оозуна кармачу элем. Азыр неберелерим үчүн жанымды бергенден кайра тартпайм.
Алпаруучу Сагын Эргешов: “Кызганчаактыгымды жашырбайм”
— Мен адамдарга бат аралашып кетем. Улуу-кичүү дебей баарынын көңүлүн алганды билем. Мээнеткечтик жагым бар. Бир нече жумушта иштейм, чуркап жүрүп 2-3 саат эле уктасам, айрым учурда түнү бою уйку бетин көрбөй калам. Жакындарым да иштермансың деп айтышат. Иштеп жакшы эле акча табам, бирок чогулта албайм. Тапкан акчамды эс алганга, кийимге жана башка керектөөлөргө коротуп салам. Сүйүү жаатында кызганчаактык жайым бар. Жакын адамымды башкалардан кызганып турам.
Анара Дүйшөналиева