Негизгиге Пайдалуу кеңеш Сизге кандай чач жасалга жарашат?

Сизге кандай чач жасалга жарашат?

734

Чач жана ага ылайыктуу көкүл кырктыруу жөнөкөй иш эмес. Чач стилисттери чачты кыркып жатканда кыркуунун түрүн беттин формасына жараша тандашат. Натыйжада чач дайыма ар бир адамдын бетинин формасына жараша кыркылат.

▶️Бети төрт бурчтуу айымдарга
Бети төрт бурчтуу болгон айымдарга көбүнчө боб-каре жасалгасы жарашат. Боб-каренин арты кыска, алды жагы узун болгондуктан бет сөөгүн жаап, натыйжада жүздү идеалдуу көрсөтүп коёт. Чачты узун каре кылып аны кичине тармалдатып алсаңыз ал сиздей жүздүү айымдарга жакшы жарашат. Узун чачтуу, бирок бети төрт бурчтууларга көп кабаттуу, тактап айтканда тепкич сымал улам өйдөлөй берген чач (лесенка) эң сонун жарашат. Мындай жүздүү айымдарга бир жак жагына кыйшайып кыркылган көкүл ылайыктуу.

▶️Бети үч бурчтуу айымдарга
Бети үч бурчтуу айымдарга өтө кыска чач жарашпайт. Андыктан боб-каре кылып кырктырышса болот. Ал эми чач жасалгалоодо төбөсүн кичине өйдө көтөрүп коюу ашыкча болбойт. Эгер чачы узун болсо жасалгалоодо сыртка буруп коюу натыйжалуу. Мындай жүздүү айымдарга түз , бир жагына кыйшайып кыркылган кичине узунураак көкүлдөр жакшы жарашат. Эгер маңдайы жакын болсо, анда көкүл койбой койгону жакшы.

▶️Тегерек беттүү айымдарга
Бет тегерек болсо, анда чачты беттин формасын узунураак көрсөтө тургандай ассиметриялык формага келтирип, каскад кылып кырктыруу керек. Эгер чач тепкичтүү узун болсо, анда аны тармалдатып жасалгалап алып жүрүү зарыл. Айрымдар бетинин тегерек экенине маани бербей чачын кыска каре кылып кырктырып алат. Кыска каре тегерек беттүү айымдардын кемчилигин ачып көрсөтүп коёт. Тегерек беттүү айымдарга маңдайын толук жаппаган бир аз кыскараак жана бир жагына кыйшайып кыркылган көкүлдөр ылайыктуу.

▶️Трапеция формасындагы беттүү айымдарга
Мындай беттүү айымдарга тепкич сыяктуу кыркылган узун чачтар гана жакшы жарашат. Кыска чач бет сөөгүн жаап бетти ичке көрсөтө албайт. Ошондуктан бет трапеция формасында болсо чачты түйүп же байлап алган жөн. Барпайып, ошол эле учурда бир жагына кайрылып турган көкүл трапеция формасындагы беттерге жакшы жарашат.

▶️Овал беттүү айымдарга
Мындай жүздүү айымдарга чач кыскартуунун бардык түрлөрү жарашат. Стилисттер чачты кыркып же жасалгалап жатканда анын бет сөөгүнө басым коюшат. Бет овал түрүндө болуп идеалдуу бетке кирип, бирок чач суюк болсо, анда боб-каре жана бир аз узунураак каре жакшы жарашат. Мындай жүздүү айымдарга узун чач дагы жакшы жарашат. Узун чачты ар кандай формага келтирип, кээде тармалдатып алса айымдын ажары ачылат. Идеалдуу деп эсептелген бетке көкүлдүн бардык түрлөрү жарашат. Бирок чачты тармалдатып төбөгө түйүп алуу овал беттүү айымдар үчүн эмес.

▶️Чачты узун же кыска кылып кырктыруу айымдын мойнуна да жараша болуш керек. Кыска моюндуу айымдар чачын кыска кырктыруу менен моюнун ачып жүрүү керек. Кээ бир айымдардын кулактары кичине делдейип турат. Алар ал кемчилигин көрсөтпөө үчүн чачы кулагын жаба тургандай узундукта болушу кажет. Эң негизгиси көпчүлүк бою кичинерээк кыздар төбө чачын бийик көтөрүп башын чоң көрсөтүп алышат, бул туура эмес. Чач менен дене бири-бирин толуктап туруш керек. А бою узун кыздар чачын көтөрүп тармалдатып алышса көркүнө чыгып жакшы көрүнөт.

СоӊкуБала үчүн күн нуру канчалык мааниге ээ?
КийинкиКосметикалык каражаттарды канча убакыт колдонуу керек?