Аял табиятынан бардык нерседен кабардар болууга жөндөмдүү да, милдеттүү да. Андыктан сиздин сулуулукту арттыруучу каражаттар менен боёнуп коюуңуз жетишсиз. Сулуулукту баалаган, сыйлаган айым экениңизди аныктап жүрүү үчүн төмөнкү макалага назар салыңыз.
☑️Сулуулук каражаттары кеминде 36 ай сакталат.
Микробдор менен күрөшүү максатында өндүрүүчүлөр продукцияларына ар кандай консерванттарды кошуу менен алардын колдонуу мөөнөтүн узартып келишет. Бирок кандай гана косметикалык каражат болбосун, анын сакталуу мөөнөтү тууралуу эрежелер бар.
☑️3-4 ай сакталат
Ультра нурлардан, күндөн коргоочу бет майлар 3-4 айга чейин сакталат. Бул бет майды бир эле мезгил колдонуш керек. Себеби бет май барган сайын ультра нурлардан коргоочу касиетин жоготот. Курамында С витамини бар косметикалык каражаттарды 3 айдан ашык колдонбош керек.
Кирпикти боёочу туштарды 5-6 ай гана сактоо талапка ылайык. Ал дайыма аба менен кагылышып тургандыктан бат кургайт жана сапатын жогото баштайт. Мөөнөтүнөн өтүп кеткен туштар аллергияны чакырышы мүмкүн.
☑️Көздүн тегерегине колдонулуучу бет майлар да 5 айга чейин сапатын жоготпой жакшы сакталат. Бет майдын бул түрүнүн аз убакыт сакталышы анын курамындагы консерванттардын аздыгынан кабар берет.
☑️Бетти азыктандыруучу, нымдаштыруучу, калыбына келтирүүчү каражаттар бөлмөнүн температурасында жана күндүн нуру тийбеген жерде сакталса, 6 айга чейин жетет. Бөлмөнүн температурасы жогору болсо каражаттардын курамындагы майлар бузула баштайт.
Тоналдык бет майлар дагы 6 ай гана сакталат.
Упа менен тенди бир жылга чейин сактоо керек. Ал үчүн кисть менен спонжа таза сакталып, туура колдонулушу керек. Бул каражаттарды жумасына бир ирет жууп же башка сатып алып жаңыртып туруңуз.
☑️Помаданы, денеге колдонуучу гель жана шампундарды бир жылдан ашык колдонбогонго аракет кылыңыз. Бул каражаттардын узак сакталышын кааласаңыз, бөлмөнүн температурасын бирдей калыпта кармаңыз.
Эриндин тегерегин жана көздү чийип контурлоочу карандаштарды 3-3,5 жылга чейин сактоого болот.
Атырлар жана дезодоранттар өмүрү эң узун каражаттар болуп 5 жылдык мөөнөткө чейин сакталат.
▶️Косметологияда колдонулуучу терминдер
Учурда косметологияда ар кандай кызматтардын түрү өтө эле көп. Ошого жараша бул жаатта жаңы терминдер да күндөн-күнгө пайда болууда. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:
☑️Бронзер (англ. — bronzer) – күнгө күйгөндөй таасир калтыруучу косметикалык каражат. Бул каражатты “бронзант” деп дагы аташат. Күңүрт бронзерди күндүз, кечелерге жылтырап турган бронзерди колдонууга болот.
☑️Глиттер (англ. — glitter) – кургак, майда, сахнага жана атайын кечелерге арналган сулуулук каражаты. Глиттердин жардамы менен өзгөчө, кайталангыс образды жаратууга болот. Бул каражаттын эринге, көзгө, денеге жана чачка колдоно турган түрлөрү бар.
☑️Консилер (англ. — concealer) — жүздөгү пигменттик тактар, безетки, көздүн тегерегиндеги көгүштөрдү, ысыктан улам чыккан майда кызыл бүдїрлөрдү, билинер-билинбес майда сепкилдерди жана майда бырыштарды жаап, билгизбей турган сулуулук каражаты. Консилер тон берүүчү кремден айырмаланып маселе жараткан жердин дал үстүнө гана сүртүлөт. Ал тоналдык бет майдын алдында колдонулат. Аны үстүнөн үбөлөнгөн упа менен жаап койсо болот. Консилердин карандаш түрүндөгүлөрү ыңгайлуу.
☑️Корректор (англ. — corrector) – тон берүү аркылуу беттеги кемчиликтерди жашыруу үчүн чыгарылган каражат. Корректордун жардамы менен тегерек бетти сүйрү кылып көрсөтө аласыз.
☑️Антисерн (фр. — anticerne) — көздүн астындагы тактарга арналган, аларды агартуучу корректор. Безетки, кызарып кетүү сыяктуу теринин олуттуу учурларында жардам бере албайт, бирок көздүн алдындагы бырыштарды визуалдуу түрдө жогото алат.
☑️Плампер (англ. — plumper) — оозду 1-3 саатка чейин көптүрүп борсойтуучу косметикалык каражат. Ал өңсүз, өңдүү помада жана оозго сүртүлүүчү бальзам түрүндө болот.
☑️Фиксатор (англ. — fixer) — спрей түрүндөгү, макияж жасап бүткөндөн кийин колдонула турган каражат. Макияждын узак убакытка жана жакшы сакталышына өбөлгө болот.
☑️Лайнер (англ. — liner) — көздү жана эринди чийүүчү косметикалык буюм. Лайнерлер атайын кистиси бар флакон, карандаш жана фломастер түрүндө чыгат.