Талант Анарбаев, куудул: «Көп сүйлөгүм, күлдүргүм келбей калды»
Талант Анарбаев пародия жазуу, аны аткаруу боюнча алдына киши салдырбаган куудул эле. Ал бир топ жылдан бери сахнадан көрүнбөй калды. Мунун себеби, чыгармачылыгы, жашоосу тууралуу азыноолак кеп курдук.
Талант мырза, көп убакыттан бери сизди сахнадан көрбөй калдык го?
— Мен жыйырма жылдай сахнада жүрдүм. Ошондо өмүр бою элди күлдүрүп өтөм деп айтчу элем. Бирок 2015-жылдан баштап эл алдына чыкпай калдым. Себеби ар бир адамдын жүрөгүндө өз каалоосу болот экен. Жашоого болгон көз карашым өзгөргөндөнбү, айтор, сахнага чыкканга каалоом жок болуп калды. Билип-билбей канча күнөө кетиребиз. Мисалы, жалган айтып элди күлдүрөбүз, бул да күнөө. Мен дин жолуна түшкөндө илим алып же медреседен чыкпай калган жокмун, болгону, көп сүйлөгүм, элди күлдүргүм келбей калды. Мурда айымдардын образын жаратып кыска кийимдерин кийип деле чыга берчү элем. Азыр ал интермедияларымды көрүп өзүм уялам.
Анда азыр эмне менен алек болуп жүрөсүз?
— Мен азыр Ошто жашайм, курулуш тармагында жеке ишкерлик менен алекмин. Тагыраагы, жер үйлөрдү салып, кайра сатам. Той-топурларга чакыруу болсо тамада болуп коём. Бизнес долбоорлорду жазам.
Тамадалыктагы өзгөчөлүгүңүз — ичкиликсиз тойлорду алып барганыңызда экен. Чын эле ичимдиги бар тойдон баш тартасызбы?
— Мен бир жолу Чубак Ажыдан: «Ичкилиги бар тойлорду алып барбай эле койсом кандай болот?» деп сурасам ал киши: «Сен барбай койсоң эле тою өтпөй калбайт. Андан көрө ичкен жерге барып “ичпегиле” деп айткан жакшыраак»,- деген. Үстөлгө ичимдик коюлган тойлорго барганда күнөө иштер “жинди сууну” ичкенде башталарын хадистер менен деле, күлкү иретинде деле айтам. Азыр элди дароо эле ичимдиксиз той өткөрүүгө көндүрө албайбыз, акырындан жеткире берсек барып-барып бийлер деле калат деп ойлойм. Эгерде мен ичкилик ичпегендерге эле барып айта берсем, ичкендер укпай калып жатышпайбы. Андыктан экөөнө тең бара берем. Ичкиликсиз той болсо кызмат баамды арзаныраак айтам, ичкилиги барларга кымбат айтып коём.
Сиз бир жылдары Америкада жашап, иштеп келиптирсиз. Ал жакта эмне иш кылдыңыз?
— Ооба. Мен Америкага биринчи жолу Ильяз Абдразаков менен 2012-жылы баргам. Ошондо ал жактагы достор, инилер иштесе болорун айтышканда Огайя штатында үйдүн чатырларын жаап үч ай иштеп келгем. Мен барган штатта Эрлан Андашев дагы мага кошуна жашачу. Андан кийин 2014-жылы кетип, бир жыл жүк ташыгыч болуп иштедим. Кыргыздарда бир үй салып алып ал үйдө өмүр бою жашайт эмеспи, ал эми америкалыктар улам үй которуп жашашат. Алар улам көчкөн сайын үй эмеректерин, буюмдарын көтөрүп чыгарып унаага салган жүк ташуучу компаниялар көп. Мен да ошолордун биринде иштечүмүн. Өзүм чөп чаап, картошка жыйнап, мал карап, айтор, үй жумуштарын кылып эле айылда чоңойгонмун да, бирок жүк ташуучунун жумушундай оор жумуш кылбаптырмын. Ошентип, бир жылда 25 килограммга арыктап келгем. Бирок көп кыймылдап иштегенге өзүмдү абдан жеңил сезип калган элем. Эки жылдан бери кайра толуп кеттим.
Тилден кыйналган жоксузбу?
— Жыйырма күн англис тили курсуна барып, күнүмдүк турмушта колдонулган 200 сөздү жаттап алган элем. Барганда кыргыз, өзбек, орус балдар менен иштедим да, андыктан өтө деле оор болгон эмес. Бирок арасында америкалыктар деле бар болчу. Алар бат-баттан сүйлөшчү. Ошондуктан «жай айтасызбы» деп өзүм суранып айтканын түшүнүп алчумун.
Эл суранса сахнага кайра чыгууну ойлонуп көрдүңүз беле?
— Азыр анча-мынча интермедия жазып, шакирттериме берип коём. Өзүм болсо тойлордо суранышканда аткарып коём, эл абдан жакшы кабыл алат. Бирок мен сахнага чыкпайм. Өзүм чыкпасам дагы жаштарга стимул берүү максатында өзүм демөөрчүлүк кылып тарбиялык мааниси бар тамашаларга сынак уюштурам деп ниет кылып жатам. Мындан тышкары өзүм 25-мартты «Мекенге салым кошуу жылы» деп жарыялап алып, өзүнчө жобо иштеп чыккам. Мисалы, Кыргызстанда эки миллион эки жүз миң шайлоочу бар, алардын ар бири жылына жүз сомдон берсе, 220 адам үй менен камсыз болот экен. Бул программамдын алкагында былтыр футболкаларды чыгаргам. Азырынча атайын эсеп ача элекмин, биринчи элдин оюн билейин дегем. Буюрса, быйыл ишке ашырам.
Бирөөнү тууроо үчүн сиз атайын даярдык көрөсүзбү же тубаса талантыңызбы?
— Мен 13 жашымда чымчык, суур, эчкилерди туурап, кээде алардын үнү менен өздөрүн артынан ээрчип алып коркутчумун. Мектепте окуп жүргөндө мугалимдер эшикке чыгып кетери менен доскага чыгып алып аларды туурачумун. Классташтарым каткырып эле жатып калышчу. Дөөлөт Мадымаев, Жаныбек Алыкулов, Күмөндөр, Абдылда, дегеле кайсы куудул жаңы чыкты дегиче кассеталарын сатып келип, ар бир сөзүн дептерге жазып жаттап алып кайра туурачумун. 1992-жылы Бишкек шаарында куудулдардын концертине катышып, өздөрүн туурап чыккам. Ал кезде Күмөндөр, Абдылдалар 30-35 жаштарда болушчу да, азыр «ошол сен белең?» деп таң калышат.
Балдарыңызга сиздин өнөр өттүбү?
— Менин үч уул, эки кызым бар. Улуусу 3-класс болсо, кичүүсүнө тогуз ай болду. Улуу балам менин «Оттой жанган сайын» деген клибимде роль жараткан. Мендей болуп бирөөнү туурабаса дагы ырдап, бийлеп калат. Бирок мен балдарымдын чыгармачыл адам болуусун каалабайм. Чыгармачылыкка кызыгуусу болсо да багытын дин жакка бурам.
Жубайыңыз эмне менен алек?
— Жубайым балдар менен үйдө эле. Кесиби боюнча программист. Учурда атайын программа түзүү менен алек.
🖊️ — Айгерим Токтобай кызы