Негизгиге Интервью Төкмө акын Жеңишбек Жумакадырдын жубайы Нургүл: Мен жолдошума атамдай мамиле жасайм

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадырдын жубайы Нургүл: Мен жолдошума атамдай мамиле жасайм

447

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадырдын жубайы Нургүл: «Мен жолдошума атамдай мамиле жасайм»

Сөз баккан, өнөрүн дайыма таптап жүргөн акын Жеңишбек Жумакадыр уулунун жакында көрсөткөн төкмөлүк өнөрүнө кыргыз эли “бали!” деп суктанып турган кези. Мындай күчтүү инсандын артында андан да күчтүү аялзаты турары талашсыз. Балапан кезинен баш кошкон түгөйлөр учурда үч кыз, эки уулга ата-эне. Ал тургай улуу кызын турмушка узатып кайната-кайнене статусуна ээ болушкан.

Нургүл айым, жолдошуңуз төкмөлүк өнөрү менен жеңишке жетип отурат. Мындай ийгиликти алдын ала боолголодуңуз беле?

— Негизи, Жеңишбек көптөн бери айтышка чыга элек эле, айтышты сагынып, бук болуп калган окшойт, болушунча талантын тартуулады. Биз атабызды тандоо турунан тартып колдоп, жанында жүрдүк. Менде жеңет деген ишеним күч болчу. Жыйынтыгы мен күткөндөй эле болду. Куттуктап келгендердин аягы азыр да үзүлө элек. Баш байгеге алган акчасын чыгармачылыгына жумшап жатат. Тагыраагы, китеп жазып жаткан учуру. Калганын балдарынын керектөөсүнө, анан жакында Казакстанга айтышка барат, ошол сапарына жумшайт.

Айнур акын менен кыз-жигит болуп айтышканда кандай сезимде болдуңуз?

— (Күлүп) Элдин баары эле «кызганган жоксуңбу?» деп сурап жатышат. Эми бул чыгармачылык эле да. Эгер Жеңиш анын артынан ээрчип кетсе бир жөн. Негизи, айтыш болгонго чейин биз казак акындарын чакырып коноктогонбуз. Ар бирине арнап жакшы белектерди алдык. Жеңишбек экөөбүз сый көрсөтүп, жакшы айтыш болсун, элдин чери жазылсын деген тилек кылганбыз. Айнур мага арнап алтын шакек белек кылды. Ортодо чыныгы урмат-сый бар. Жеңишбек менен Айнурдун айтышы башка акындардыкына салыштырмалуу көңүлдүү, тамашалуу болду. Элге, анын ичинде мага да жакты. Балким, мен жөнү жок кызганып, жолдошумдун жолун торой берсем бүгүнкү күндөгү ийгиликтерге жете алмак эместир. Дагы бийликти курч сындады деп жатышат. Жеңиш дайым чындыкты бетке айтат. Бул жолу да ошол сапатын көрсөттү.

Азыркы күндөгү көрүп жаткан сый-урматка оңой менен жетпесеңиздер керек?

— Биз 17 жашыбызда баш кошконбуз. Ал кезде жолдошум Нарын шаарындагы театрда иштечү. Баш кошкондо ал жаңыдан таанылып жаткан кез болчу. Театрга тиешелүү кичирээк бөлмөдө жарым жылдай жашадык. Бойдок кезинде жолдошум Нарын шаарынын губернаторуна ыр түрүндө мындай кат жазып кириптир:

Акынды сыйлайт дечү эле,
Акими турса башында.
Үмүттү үзбөй өзүңдөн,
Үй сурап келдим жашымда.

Анда ал “коё тур, кийин үйлөнгөнүңдө берем” дептир. Ошол сөзүнө туруп бизге батир берген. Үй-бүлөлүк очогубуз ошентип жакшы тутанды. Мени өзү менен кошо театрга артист кылып орноштуруп койгон. 1996-жылы уулдуу болдук, буйрук эмес экен, балабыз бир жарым жашка чыкканда чарчап калды. Ооруп калганда доктурга көрүндүк, ооруканага жаттык, бирок майнап болгон жок. Катуу көз тийген дешти. Ал убакта Жеңишбек Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайда окучу. Баласынын чарчап калганын дароо айта албадык. Ал күн алыс телефон чалып баласын сурайт. Мен жүрөгүм сыздап ар кайсы калптын башын айтып кабарды угузууга дараметим такыр жетпей койду. Акыры болбой калганда өзүм Москвага барып айтмак болдум. Жолдошум ашкере баласаак эле. Суук кабарды укса өзүн таштап салабы же окуусунан чыгып келип алабы деп корктум. Ошентип бул жактагылардын каршы болгонуна карабай поездге билет алып, чыгып кеттим. Жолго чыгып жатканда эле жанындагы жолдошторуна “кабарды угуза бергиле, мен жолго чыктым” дегем. Үч күн аза күтүп ыйлап, мени күнөөлөптүр. Ошентип жанына барып кайрат берип, ошол жакта жашап калдык.

Өзү студент болсо, сиз барсаңыз кантип бакты?

— Жакшы эле кыйналдык. Жеңиштин окуусун бүтүп, билимге ээ болуусу мен үчүн маанилүү эле. Ошон үчүн жумуштун түрүн кылдым. Кафеде идиш жуугандан баштап шаурма жасаган жерге жардамчы болуп да иштедим. Короо шыпырган күндөр да болду. Жеңиш сабагынан келери менен жаныма жетип келет, экөөлөп иштейбиз. Ошентип кыйналсак да күн көрүп жаттык. 1998-жылы кыздуу болуп атын Керемет койдук. Кызыбызга алты ай болгондо ооруп калдым. Калкан безимден операция болуп кызымды таенесине таштаганга туура келди. Ошол жылдары тарткан азаптарым азыркыга чейин көз алдымда. Жеңишбек окууну 2001-жылы бүтүп, менин дагы боюмда болуп мекенибизге келдик. Керемет ал кезде үч жарым жашка чыккан. Бизди такыр эле тааныбай калыптыр. Ага карабай Жумгалдан шаарга алып келдик. Чырылдап таенесин издеп ыйлайт, биз болушунча алаксытып өзүбүзгө көндүргөнгө аракет кылабыз. Ошентип алышып жүрүп араң көндүргөнбүз. Баары бир ошол кызым таенесине жакын бойдон калды. Турмушка узап жатканда апама сөз берилгенде көзү жашылданып сүйлөй албай койду.

Эрте турмуш курганга өкүнгөн учуруңуз болдубу?

— Жок, тескерисинче, балдар өзүң менен тең жарышып чоңоюп калат экен. Теңтуштарыбыз «жаш туруп кайната-кайнене болуп калдыңар» деп суктанып калышат. Балким, убагында кыйналып, чайналгандырбыз, бирок алардын баары азыр унутта калды.

Жолдошуңуз дин жолуна түшкөнүнө көп болду. Ага чейинки жашоосу кандай эле?

— Дин жолунда жашаганыбызга жыйырма жыл болду. Жеңиштин өзүнө жетиштүү илими бар. Баары сыйлашат. Ичинде көп сырлары бар айтылбаган. Айырмасы, кадимкидей чөйрөң өзгөрүп, жашоонун жыргалын билет экенсиң. Мисалы, мен ага атамдай мамиле жасайм. Ошол эле учурда андан эки эсе мээрим көрөм. Айтканын эки кылбайм. Анын пикири, каалоосу мен жана балдарым үчүн мыйзам. Ошол эле учурда үй-бүлөнүн жоопкерчилигин толугу менен сезет. Кесибим мугалим болгону менен Москвадан келгенден бери иштей элекмин. Иштегенимди каалабайт, «үй-жайды кара, балдардын тарбиясына көңүл бур» дейт. Билбейм, балким, иштейм деп чамынсам уруксат берсе керек. Бирок иштегенге зарылдык деле жок. Өзүм деле балдардын сабагынан, үйдөгү иштерден колум бошобойт.

Уул-кыздарыңыз кымбат окуу жайларда билим алышат экен. Аларды каржылоо оңойго турбаса керек?

— Жолдошум балдарымдын билимине басым жасайт. Аларды эч нерседен кем кылбаш үчүн жанын үрөп иштейт. Нукура кыргызча сүйлөп, балдарынан да ошону талап кылат. Каражат түшө турган кошумча тармак деле жок. Өнөрүнүн аркасы менен эле бизди багып жатат. Тойлорго буйрутма түшсө барат. Ошондо деле анда-санда эле барбаса дайыма эле тойлордо кызмат кыла бербейт. Балдарыбызга берген билимибиздин акыбети кайтып, учурда улуу кызыбыз англис тилдүү Кэмбридж мектебинде мугалим болуп иштеп жатат.

Жолдошуңуз социалдык тармактагы баракчасына сүйүү тууралуу сөздөрдү көп жазат. Жашоодо деле кыялкеч адамбы?

— Жакшы сөздөрүн аябайт. Бирок жагымдуу белек кылып же өзгөчө бир нерсе ойлоп тапкан кыялкеч дегенден алысмын. Дайыма гүл белек кылат. Мен болсо бөлмө гүлдөрүн жакшы көрөм, ушундан көрө бөлмө гүлүн белек кылсаң узагыраак жашайт эле деп калам. Белек сатып бергенден көрө акчасын берип койгонду жактырат. Идеалдуу үй-бүлөбүз деп айткандан алысмын. Бизде деле бир аз таарынычтар болот. Бирок мен сабыр кылам. Себеби ачуу тарайт, бирок ошол ачуу менен айтылган сөз адамдын жүрөгүндө калат. Биз көбүнчө таарынышканда унчукпай калабыз. Мындай аба ырайы бир аз өкүм сүрөт, кийин кайра эле балдарга, тиричиликке байланышкан маселе болуп сүйлөшүп кетебиз.

Эркекке тиешелүү кара жумушту кандай жасайт?

— Айылда жүргөндө аябай жасачу экен. Эми кара жумуш кылгысы келбейт окшойт. Үйдөн эч нерсе деле кылбайт. Көбүнчө түнкүсүн эргүү келет окшойт, китеп жазат. Жер тамда жашайбыз. Короо-жайга байланышкан жумуштарды инилерин чакыртып жасатат. Кээде менин инилерим келип кол кабыш кылып кетишет.

🖊️ — Анара Дүйшөналиева

СоӊкуГүлзинат Суранчиева: Азыр кайын журтумдун эң сүйүктүү келинимин
КийинкиРакты эмнелер чакырат?