Гүлзинат Суранчиева: «Азыр кайын журтумдун эң сүйүктүү келинимин»
Белгилүү ырчы, бир канча эл аралык музыкалык сынактардын жеңүүчүсү Гүлзинат Суранчиева чыгармачылыктан жетекчиликке өтүп, учурда Бишкектеги Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин директорлук кызматын аркалап жаткан кези. Жетекчи болуудагы түйшүгү, чыгармачылыгы жана үй-бүлөсү тууралуу ырчы төмөнкүлөргө токтолуп өттү.
Саламатсызбы, Гүлзинат эже? Музыкалык балдар мектебине жетекчилик кылганыңызга үч жыл болуптур. Бул аралыкта мектепке кандай жаңылыктарды киргизе алдыңыз?
— Бул мектеп совет доорунан бери келе жаткан, 80 жылдык тарыхы бар республика боюнча эң чоң музыкалык билим берүүчү мектептердин бири болуп саналат. Быйыл ушул 80 жылдык мааракени утурлай Кыргыз улуттук опера жана балет театрында чоң масштабдагы концерт өткөрдүк. Мектептин буга чейинки билим берүү ыкмасы абдан жакшы эле. Бирок биз муну менен эле чектелбей мугалимдер жамааты менен бирге сабак берүүнүн жаңыча методдорун иштеп чыгып, быйылкы окуу жылында ошол методикалар менен иш алып бара баштадык. Анан да баса белгилей кетчү нерсе, Москва, Питердеги музыкалык окуу жайлар менен келишим түздүк. Эми биздин мектепте эмгектенген мугалимдер ал жакка барып бир ай окуп, квалификациясын жогорулатып келүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Анан дагы айтып кетчү нерсе, бир кылымга жакын убакытты артта калтырса дагы, мектебибиз ушул күнгө чейин эң сонун абалда экенине мен абдан сыймыктанам. Ичиндеги тазалык, тартип, бардыгы совет доорунда кандай болсо, азыр дагы ошондой деп улуу муундагы кесиптештерим айтып калышат. Оңдоп-түзөө иштерин дагы сөзсүз жыл сайын жасап турабыз. Ушундай мектептин директору болгонума аябай сыймыктанамын.
Жетекчи эле болбостон балдарга билим дагы берип келесиз. Балдар менен иштешүү кандай?
— Мен ырдап жүрүп эле ушул орундукка отуруп калган жокмун. 18 жыл мектепте мугалим болуп эмгектенип, фортепиано бөлүмүнүн жектекчиси кызматын аркалап келгем. Албетте, балдар менен иштешүү оор деп айтуудан алысмын, бирок ошончолук жоопкерчиликтүү болушуң керек. Анткени биз балдарды мектеп курагына чейин эле кабыл ала баштайбыз. Кичинекей балага бир нерсени кээде жөнөкөй тил менен айтып жеткире албайбыз. Анан элестетип көргүлө, музыканын тилин жеткирүү кандай эмгекти талап кыларын. Мен жумушумду аябай сүйөм, ошондуктан балдар менен иштешүүдөгү оорчулукту деле сезбейм.
Окууга кандай талаптар менен кабыл аласыздар? Мисалы, пианинодо ойной ала турган бала узун манжаларга ээ болушу керек деп түшүнөбүз. Ушул сыяктуу дагы башка кандай талаптар бар?
— Пианино классына кабыл алынчу баланын манжалары узун болуш керек дегенге мен такыр кошулбайм. Бул жөн гана сөз. Мисалы, мен өзүм пианино классын бүтүргөм. Менин манжаларымдай кыска эч кимдики жок болуш керек. Мен жакшынакай эле билим алып, мугалим болуп жүрбөйүнбү. Бир гана үйлөмө аспаптар классына балдарды кабыл аларда баланын ооз көңдөйү толук кароодон өтөт. Эгерде тиштери туура эмес жайгашкан болсо, ээгинин түзүлүшүндө кандайдыр бир кемчиликтер болсо, ал окууга кабыл алынбайт. Анткени ал окуганы менен эч кандай жыйынтык чыкпайт. Ошондой эле кыл аспаптар, анан пианино класстарына окуучуларды эрте жашында апкелүүнү ата-энелерге эскертип келебиз. Бул бөлүмдөргө 4-5 жаштан тартып 9 жашка чейин гана кабыл ала алабыз. Анткени баланын муундары ката электе, манжаларынын кыймылы жакшы кезде кабыл алынган болсо, ал аспапта ойноону ошончолук тездик менен үйрөнүп алууга болот. Анан балада сөзсүз түрдө музыканын ритмин сезе ала турган жөндөм болуш керек. Ритмди сезе албаган бала эч качан музыкант боло албайт.
Жетекчилик кызматты аркалагандан бери чыгармачылыгыңыз такыр эле солгундап калгандай…
— Ооба, чыгармачылыктан бир аз алыстай түштүм. Анткени көпчүлүк убактымды бул кесибиме арнайм. Мектепте жумуш көп, бир иш-чараны бүтүрсөң, кайра экинчисин пландап башташың керек. Ошондуктан азырынча чыгармачылыкка белсенип кирише албай жатам. Бирок концерттерге катышып эле жүрөм. Үч жылдан бери жаңы ыр чыгара элек болчумун. Жакында эле орус тилиндеги «Подари мне» аттуу ырым клиби менен чыкты. Чыгармачылыктагы баса белгилеп айтчу жаңылыгым ушул. Музыка менин жан дүйнөмдүн азыгы, мындан эч качан алыстай албасам керек. Жаңы ырларды, клиптерди чыгарууну пландап жатам, Кудай буюрса, баары өз убактысы менен ишке ашат деген ойдомун.
Үй-бүлөңүзгө, үй оокатына жетишип жатасызбы анан? Дегеле үйдө кандай кожойкесиз?
— Ооба, жетишем. Бардык эле мамлекеттик кызматкелер иштеп дагы, үй оокатына деле жетишип жүрүшпөйбү. Мен деле аракет кылам бардыгын тең салмакта алып кеткенге. Кудайга шүгүр, үйдө сүйүктүү жар, мээримдүү эне, мыкты кожойкелик милдеттеримди так аткарып келе жатам.
Кайсы бир интервьюңузда «жолдошумду азербайжан кыздарынан тартып алгам» деп айтканыңыз бар. Ушул тууралуу айтып берсеңиз.
— «Тартып алгам» деген сөз образдуу түрдө гана айтылган. Азербайжан улутунда, негизи, нике маселесине абдан олуттуу карашат. Аларда бойго жеткен кызга же жигитке ата-энелери сүйлөшүп кыргызда кудалашкандай эле кудалашат. Анан сөзсүз түрдө алар ата-энесинин таап берген адамына баш кошконго милдеттүү болушат. Менин жолдошум дагы ошол учурда аябай кыздардын көзүн күйгүзгөн бойдок болуп, ата-энеси ага ылайык көргөн кыздар көп болчу экен. Анан ал мени жолуктуруп калып, экөөбүз бири-бирибизди жактырып калгандыктан алардын баарына каршы чыгып мени тандап кеткен болчу.
Анан? Кайын журтуңуз бул үчүн сизге нааразы болушту беле? Кандай кабыл алышкан сизди?
— Кайнене, кайнатамдар, чынын айтканда, башында мени аябай сын көз менен карап жактырбай жүргөнүн жүрөгүм сезчү. Анын үстүнө башка улут, башкача түшүнүктөр болуп, мен үчүн дагы жаңы келин болуп барган кезим аябай оор болгон. Же алардын тамагын жөндөп жасай албайм. Азыр эстесем көп эле сыноолорду баштан кечириптирмин. Бирок башка түшсө байтал жорго дегендей, аракет кылып алардын бардык салт-санаасын, кулк-мүнөзүн үйрөнүп, тамак-ашын даярдоону өздөштүрүп, азыр кайненем менен кайнатамдын, дегеле кайын журтумдун эң сүйүктүү келинимин. Кандай иш-чара болбосун «Гуляны чакыргыла, аны менен кеңешели» деп турушат. Менин дагы ата-энем азербайжан балага турмушка чыгам десем аябай чочулашкан. Апам: «Жакшылап ойлондуңбу, кызым, кыйналып калбайсыңбы?»- деп көп эле жолу сурады. Мен дагы өжөрлөнүп айтканымдан кайтпай туруп алгам. Азыр кайнагаларым тамашалап айтып калышат: «Күйөөң аябай өжөр, ошон үчүн каршылыкка карабай сени алды. Мына, баарыбыз эле ата-энебиз таап бергенге баш кошконбуз, экөөңөрдүн өжөр мүнөзүңөр аябай окшош»,- деп.
Уул-кызыңыз чоңоюп калыштыбы?
— Ооба, кызым Рузана 9-классты бүтүп, Архитектура жана курулуш колледжинде окуп жатат. Анткени кичине кезинен эле сүрөт тартууга аябай жөндөмдүү болчу. Ошондуктан өзү ушул окуу жайды тандап билим алып жатат. Уулум Ибрагим болсо 3 жашка чыкты. Учурда бала бакчада тарбияланууда. Кудай мени энелик бакытка бөлөгөнүнө абдан бактылуумун. Жумуштан кандай чарчап барбайын, алдымдан кызым менен уулум апалап чуркап чыкса чарчаганымды унутуп деле калам. Мага иштөөгө, алдыга умтулууга дем-күч берген – менин балдарым.
Маегиңизге рахмат!
🖊️ — Асел Эсенбек кызы