Айна Абдылдаева: «Оор сыноону жеңебиз деген үмүттөбүз»
Урматтуу окурман, адаттагыдай эле рубрикабыздын кезектеги каарманынын дагы бүгүнкү күндөгү тагдыры өтө кейиштүү. Андыктан Айна айымдын сиздерге кайрылуусунан кыя өтпөй, колдон келген жардамыңыздарды бересиздер деген терең ишеничтебиз.
«Кызым ракка кабылганына ишенгиси келген жок»
— Аты-жөнүм Айна Абдылдаева, Сокулук районунун Арал айылынын тургуну болом. Өзүм медицина кызматкеримин. Райондун аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүндө медайым болуп эмгектенем. Бир уул, эки кыздын энесимин. Кызым Алина балдарымдын эң улуусу, 29 жашта. Улуттук онкология борборунун маммология бөлүмүндө медайым болуп иштечү. Алинанын рак илдетине кабылганын 2017-жылдын ноябрь айында билдик. Алгач текшерилгенде дарыгерлер мастопатия деген диагноз коюп, «төрөшүң керек, бала эмизсең эле жок болуп кетет» дешкен. Дарыгерлердин кеңешин эске алып Алина кыз төрөп, бир жаш эки айга чейин эмизди. Эч кандай оору дегенди билбей жакшынакай эле жүргөн. Бир күнү эле мага чалып «апа, эмизип жатсам кызым тиштеп алып аябай чочуп кеттим» деди кызым. Кийинчерээк эле эмчегинде шишик пайда болгонун айтып калды. Ошол замат мен «келип кайра доктурга көрүн» деп кызымдын ден соолугуна аябай кабатыр болдум. Алгач анализдерин тапшырганда оорусунун өтө деле олуттуу экени билинген эмес, врачтар жазып берген дарыларды ичип жакшы болуп калган. Ошол учурда кызы бир аз сыркоолоп калып дарылануусу эки-үч айга тыныгуу алып калды. Анткени кызым Кордайга турмушка чыкканына байланыштуу убактылуу ошол жакта болуп жатты. Убакыт өтүп кайра ооруй баштаганда анан толук текшерүүдөн өткөндөн кийин залалдуу шишик экени аныкталып, врачтар сөзсүз химиотерапия алыш керек деген жыйынтыкка келишти. Мындай жаман кабарды угуп, такыр моюнубузга алгыбыз келген жок. «Кантип эле ушундай болсун?!» деп мен дагы, кызым өзү дагы ишенгиси келбей абдан жаман абалда болдук. Балким, дарылануунун башкача, оңой жолдору бар чыгар деп көп варианттарды издеп көрдүк. Аягында химиядан башка эчтеке жардам бербесин так билгенде анан аргасыздан моюн сунуп кымбат баалуу химиотерапияларды алып баштады.
«Ай сайын 84 миң сомго дары алууга шартыбыз жок»
— Эне катары кызымдын мындай тагдырга туш болгонуна абдан кейийм. Алинанын ден соолугу, бутуна туруп кетиши үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап, эч нерсебизди аяган жокпуз. Үйдөгү болгон мал-мүлктүн бардыгын сатып дары-дармегине жумшадык. Менин он бир тууганым бар, алар да кайдыгер карабай колунан келген жардамдарын аяшкан жок. Кызымдын дос-тааныштары, группалаштары, бардыгы каражат жагынан чоң жардам көрсөтүштү. Аракетибиздин күч экенине карабай кызым толук сакайып кете албай жатканына абдан кейип турган учурубуз. Алгачкы төрт химиясын он төрт миң сомдон алган, андан кийинкилери элүү миң сомго чейин жетти. Ушунчалык кымбат баалуу дарылануусунан жыйынтык чыкпай, 2019-жылдын февраль айында сол жак эмчегин толугу менен алдырууга аргасыз болдук. Андан кийин деле бул коркунучтуу дарт бизди жөн койгон жок. Химиядан химия алды, нур терапиясынан өттү бир канча жолу. Рак клеткаларынын башка органдарга метастаза берүү коркунучу көп болгондуктан, учурда биздин үй-бүлөбүз үчүн абдан эле кымбат баалуу химия алып жаткан учуру. Бир флаконунун баасы эле 84 миң сомду түзөт. Муну, негизи, ар бир айдын 21де алып турушу керек экен. Бул биз үчүн абдан эле чоң сумма.
«Кызымдын толук сакайып кетишин Кудайдан тилеп келем»
— Күн сайын Кудайдан баламдын тезирээк сакайып мурунку калыбына келишин суранып, тилек кылып келем. Албетте, буга чейинки дарылануусу жакын адамдарыбыздын, туугандардын жана кайрымдуу элдин колдоосу менен ишке ашты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кызымдын айыгып кетүүсүнө кайдыгер карабаган ар бир инсанга терең алкыш айтып, ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Жакшы нерсени үмүт кылып жашаганыбыз менен, бардыгы Жараткандын маңдайга жазганынан көз каранды болот экен. Ай сайын 84 миң сомго дары сатып алуу үй-бүлөбүздү бир топ эле түйшүккө салууда. Ошол себептүү биз дагы деле колунда бар инсандардын колдоосуна муктаж болуп турган учурубуз. Бул бизге Жараткан берген сыноо катары кабыл алып, оор кырдаалдан чыгып кетчү күн алыс эмес экенине чоң ишеничибиз бар. Андыктан колуңуздардан келген жардамыңыздарды берип, кызыбыздын айыгып кетишине салым кошосуңар деген үмүттөмүн!
Асел Эсенбек кызы
Алинага жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерге байланышсаңыздар болот: 0702 75 41 32
Элсом: 0553 92 73 68
РСК банк: 1290113520000042