Негизгиге Интервью Тосулбай калган Жаңы жыл

Тосулбай калган Жаңы жыл

553

Тосулбай калган Жаңы жыл

31-декабрда сааттын жебеси 12ни какканда шампан ачып Жаңы жылды тосуу көбүбүздүн айныгыс салтыбыз. Бирок шартка жараша ар кандай кырдаалда тосуп калабыз. Ошондой кырдаалдарга туш келген белгилүүлөр бул күнүн жылмаюу менен эскеришет.

Темирбек Асанбеков, «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери: “Ыраматылык апам таң атканча уктабай күтүптүр”

Студент кезимде Жаңы жылды учакта, поездде тоскон учурларым болгон. Ал кезде учакка билет алуу өтө оор болчу, айрыкча мендей студент үчүн. Бир жолу Жаңы жылды айылдан тосууну чечтим. 31-декабрь күнү эптеп акча таап билет алып, Москва-Бишкек багыты боюнча учкан самолёттун кечки рейсине отурдум. Саат 12де учактын командири баарыбызды жылуу каалоо-тилек айтып куттуктаганына жетине албай сүйүнүп, жүргүнчүлөр кол чаап, бири-бирибизди кучактап куттуктаганбыз. Өкүнүчтүүсү, ыраматылык апам мени ал күнү таң атканча уктабай күтүп отуруптур.

Гүлшайыр Садыбакасова, “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү: “Лифтте тоскон Жаңы жылды унутпайм”

1984-85-жылдар болсо керек, Жаңы жылдык программаларга тартылуу үчүн КТРКга келгенбиз. Съёмкага катышып коюп учуп кетели десек учагыбыз учпай калып жатпайбы. Ошентип, аэропорттон кайра мейманканага баргыча жыл жаңырарына бир саат гана убакыт калган. Барып эле баштыктарыбызды бөлмөбүзгө киргизип коюп Жаңы жылды тосууга камыналы деп үчөөбүз биринчи кабатка мейманкананын кафесинен түшүп нан, тооктун этин, суусундуктарды алдык. Кайра лифт менен өйдө чыгып баратсак токтоп калса болобу! Нөөмөттөгү кишиге кыйкырсак же ал келбейт. Бөлмөдө калган кыздарга чалып айта койгонго азыркыдай телефон кайда. “Ушул жерде калып калабызбы?” деп ыйлап алганбыз. Анан саат 12 болгондо колубуздагы суусундукту ачып ичип, тооктун этинен үзүп жеп Жаңы жылды лифтте тосконбуз. Бөлмөдө калган балдар-кыздарыбыз эмне кыларын билбей терезени ачып алып “ура-а!” деп кыйкырып тосушуптур. Нөөмөттөгү киши да Жаңы жылды тосконго кетип калган экен. Ал келип лифтти ачкандан кийин саат бирге жакын бөлмөбүзгө кирип барганбыз.

Айнаш Аширова, үн коштоочу: “Унаабыз бузулуп жолдо калганбыз”

Мындан беш-алты жыл мурун 31-декабрь күнү өзүмдүн “Айгөлөк” театрым менен биргеликте мектептеги Жаңы жылдык балатыга баргам. Чоң класстын окуучулары болгондуктан иш-чара кеч башталып, 12ге жарым саат калганда аяктады. Кийинип, бетибиздеги боёкторубузду жарым-жартылай өчүрүп алып шашып үйгө баратсак, орто жолдон унаабыз өчүп калган. Жаныбызда бир дүкөн бар экен, ал жакка кирсек шампан жок. Анан лимонад алып стакандарга куюп жатсак, унаабыз Кудай жалгап от алып кетти. Канчалык катуу айдап, бутубузду чечпей эле үйгө кирип барганыбыз менен саат 12ден өтүп кетиптир. Ошондо артисттерим “ушул жылы дайыма сиз менен болот экенбиз” деп айтышты эле, чын эле бир жыл бою чогуу жүрдүк. Жаңы жылды кандай тосуп алсаң, кийинки күндөрүң ошондой уланат экен.

Рахман Разыков, куудул: “Манас Бердибеков экөөбүз унаада отуруп тосконбуз”

Кайсы жыл экендиги эсимде жок, бир жылы ыраматылык Манас Бердибеков экөөбүз бир иш-чарага катышып,12ге чейин үйгө жетпей жолдо калганбыз. Анан экөөбүз Жаңы жылды унаанын ичинде тосконбуз. Өзүбүздө эч нерсе жок. Дагы жакшы, кимдир бирөө салып койгон шарап бар экен, ошону бузуп алып отурганбыз. Дагы бир жолу Жаңы жылда Үрүмчүдө болуп калдым. Кытайда Жаңы жыл 20-январда жаңырат да. 31-декабрь алар үчүн кадимкидей эле күн болгондуктан, мен деле майрамдаган эмесмин. Ушундай тосулбай калган Жаңы жылдар болгон менде.

Гүлжигит Сатыбеков, ырчы: “Менде тосулбаган Жаңы жылдар тосулганына караганда көбүрөөк”

Мен көп гастролдойт эмесминби, жылда эле Жаңы жылды үйдө отуруп тоспойм. Мисалы, 2011-жылы поезд менен Самара шаарына бараткан жолдо тоском. “Орустар жакшы тосушат, элдин баары майрамдаса биз жөн кетпейли” деп алдын ала даярданып алганбыз. Тескерисинче, алар тосушпайт экен. Баары жөн эле жатып, поезддеги кыргыздар эле тосконбуз. Бир карасаң айла жоктун иши, бир чети өзүбүзгө майрамдык маанай тартуулайлы деген ой болчу. Негизи, көбүнчө ар кайсы жерлерде тосуп, үйдө өткөргөн Жаңы жылым аз болот.

Тотомидин Жолдошев, “Таалай элеси” тобунун жетекчиси: “31-декабрга келишим түзүп алган элем”

Менин Жаңы жылды тоспой калган убактарым көп эле болот. Мисалы, былтыркы жылы эле Орусиядагы мигранттарыбызга концерт коюу үчүн 31-декабрга сунуш түшүп, ошол күнгө келишим түзүп алган элем. Анан ал күнү элдин кызматында болуп, концерттен кийин гана досторум менен чогуу майрамдагам. Буюрса, быйыл үй-бүлөм менен Жаңы жыл тосууну ниет кылып жатам.

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here