Негизгиге Ден соолук Мандарин – бакыттын жана узак жашоонун символу

Мандарин – бакыттын жана узак жашоонун символу

267

Мандарин – бакыттын жана узак жашоонун символу

Мандариндин ден соолукка пайдалуу жактары арбын. Ошону менен катар Жаңы жылды бул жемишсиз элестетүү мүмкүн эмес. Көрсө, мандарин бекеринен көптөр күткөн майрамдын символу катары саналбайт тура. Кээ бирине катардагы сары түстөгү жемиш болсо, бүтүндөй бир элдин жакшылыкка жоруган жышааны экен.

Кытайда бакыттын символу болгон жемиш

Мындан ондогон кылым мурда Байыркы Кытайда ток сары түстөгү бул жемиш бакытты, байлыкты, сүйүүнү жана узак жашоону чакырып турган башкы символ болуп саналган. Андыктан империяда бири-бирине конокко барышса жок дегенде эки мандарин ала баруу, барган жер да коноктор узап кетерде баштыгына мандарин салып узатуу салт катары кабыл алынып калган. Муну менен алар “сиз мага эмнени кааласаңыз, мен да сизге ошону тилейм” дегенди түшүндүрүшкөн. Ал эми кийинчерээк бай кытайды “мандарин” деп аташкан.

Башында бул жемиш Кытайда гана өссө, кийин климаты туура келген өлкөлөр да өстүрө баштаган. Бүгүнкү күндө жемиш Египет, Түркия, Испания, Бразилия, Грузия, Тайланд жана башка өлкөлөрдө өсөт. Орусия аймагына мандаринди 19-кылымда кавказдыктар алып келе башташкан. Жемиш сатыкка декабрь айынын башында чыккандыктан, Жаңы жылга карата алгандар арбын болгон. Ушундан улам мандарин көп жылдан бери Жаңы жыл майрамынын символу болуп саналып келет.

Отуз жыл бою түшүм берет

Төрт метр бийиктиктеги, күндүн нурун сүйгөн дарактын жалбырагы оңой менен түшпөйт. Дайыма жашыл бойдон турган жалбырак 2-3 жылда бир түшөт. Бул учурду мандарин өстүргөндөр “жаңылануу” деп аташат. Жалбырагы күүлүп түшүп, кайра башкасы өскөндө жемишин мурдагыдан да жакшы берет. Бир бакта жылына беш миңден жети миң даанага чейин мандарин түйүлөт. Жылына үч ирет (апрель-май, август-сентябрь, ноябрь-декабрь айларында) гүлдөйт. – 8 градус суукка чыдап, 23-25 градус жылуулукту сүйөт. Дүйнө жүзү боюнча бүгүнкү күндө анын 50дөн ашуун сорту өстүрүлүп келет.

Мандарин узак убакытка чирибей сакталуу үчүн аны жыйноо өтө чоң машакатты талап кылат. Анын ар биринин сабагын кыска кылып кайчы менен кыркып алышат. Сабагы узун болуп калса кутуга тизгенде башка мандаринди жырып, анын чирип кетүүсүнө шарт түзөт.

Табигый антисептик

Мандариндин курамында А, D, C витамини бар. С витамини нерв системасын бекемдөөгө, иммунитетти көтөрүүгө, кандын курамындагы темирди көтөрүүгө салымы чоң. Калий, магний, темир, фосфор, натрий, кальций минералдары бар. Мандариндин курамындагы фитоницид заты табигый антисептик болуп саналат. Ал эми кабыгында 1-2% эфир майы бар. Бул өсүмдүктүн курамында аскорбин кычкылдыгы бар болгондуктан, кыш мезгилинде иммунитетти көтөрүү артыкчылыгына ээ. Ал эми анын кабыгын кайнак сууга демдеп ичсе какырыкты жумшартып, жөтөлдү басат. Башка өсүмдүктөр сыяктуу эле дене табын басууга жардам берет. Андыктан сасык тумоодо колдонгон жакшы. 60 жаштан ашкан адамда көз оорусу – катаракта деген дарт кеңири кездешет. Бул С витамининин жетишсиздигинен улам болот. Бул куракта күнүнө 100-200 грамм мандаринди жегенде жогорудагы дартты алдын алууга болот.
100 грамм мандаринде 38 ккал, 0,8 белок, 0,2 май, 1,5 грамм клетчатка, 7,5 грамм углевод бар. Анын курамында шекер көп экенине карабай ашыкча салмактан арылууга жардам берет.

Кимдерге жегенге болбойт?

Бир кемчилиги, цитрус өсүмдүгү аллергияны пайда кылат. Андыктан 2-3 жаштагы балдарга көп өлчөмдө жегенге болбойт.
Аскорбин кычкылдыгы ашказандын чел кабыгын сезгентүүсү мүмкүн. Ашказан жарасы барларга сунушталбайт.

Мандариндин курамындагы каротин менен А витамини боорго топтолуп, аны сезгентүүсү мүмкүн. Андыктан гепатиттин кайсы бир түрүнөн жабыркап жатсаңыз, бул азыкты ченеми менен колдонуңуз.

Кантип тандоо керек?

Алгач мандариндин кандай түрүн жакшы көрөрүңүздү аныктап алыңыз. Таттуу, кычкыл, данеги бар жана данексиз деп бөлүнөт. Эң мыкты мандарин деп Абхазиядан келген жемишти айтсак болот. Анткени анын узак убакытка сакталуусу үчүн эч кандай химия колдонушпайт. Болгону, үзүлгөн жемишти создуктурбай дароо башка өлкөлөргө экспорттошот.

Мандариндин сырты ачык сары түстө болушу керек. Ал эми сырты бырышкан, чийилген же көгөргөн тагы бар мандарин сапатсыз экенинен кабар берет.
Колуңузга алып жыттап көрүңүз. Андан өзүнө мүнөздүү жагымдуу жыт чыкпаса, анын узак убакытка туруп калганын жана бузулуп баратканын божомолдосо болот.
Мандаринди басып көрсөңүз, кабыгы менен данынын ортосунда боштук болбошу керек. Эгер бул нерсе байкалса, ичиндеги даны эбак кургап калганын, ширеси жок экенин билдирет.

Эгер басканда жемишке колуңуздун изи түшүп чуңкурча болуп калса, анда ал узак убакытка муздатылып турганын болжосоңуз болот.
Жакшы сапаттагы мандаринден аарчыганда ширеси чачырап, жагымдуу жыт чыгып турат. Жемишти алууда ушул эки сапатына маани бериңиз.

Сулуулукта:

Мандариндин кабыгын ботко кылып эфир майын жасашат. Эфир майы майлуу беттерге ылайык. Безеткиден арылбаган көйгөйлүү тери үчүн да пайдалуу. Ошол эле эфир майын дайыма колдонууда бетке бырыш түшүүнүн алдын алса болот. Себеби анда микробго каршы турчу пайдалуу заттар бар. Күндө колдонуп жүргөн азыкты сулуулук тармагында пайдасын көргүңүз келсе, үй шартында төмөнкү масканы жасасаңыз болот.

Майлуу тери үчүн

1 мандарин, 1% айран жана лимон керек.
Мандариндин, лимондун мөмөсүн ботко өңдөнтүп эзип алабыз. Даяр аралашмага бир чай кашык кефир кошобуз. Суюктукту атайын муздаткычтын калыптарына куюп тоңдуруп алабыз. Даяр кубикти күндө алдын ала тазаланган бетке сүртөбүз. Бул ыкманы күн сайын, 2 апта жасаганда алгачкы жыйынтыктар сезилет. Теринин майлуулугу азаят. Беттин териси тазаланат жана тунук болот.

Ошондой эле мандаринден жасалган эфир майы майлуу чачтарга пайдалуу. Какачтан арылтууга жардам берет. Ал үчүн төмөнкү масканы жасасаңыз болот.
2 даана мандариндин ширесин идишке сыгып аласыз. Ага 1 аш кашык горчица кошуу керек. Даяр аралашманы чачты жуурдун алдында текши сүртүп 20 мүнөт коёсуз. Андан соң чачты жылуу суу менен таза чайкап салуу керек.
Масканы жумасына 2 ирет жасаган туура.
Жогорудагы эки маска беттеги жана баштын терисиндеги майды иштеп чыгара турган бездердин адаттан тышкары иштөөсүн жөнгө салууга себеп болот.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here