Айнур: «Оорулуу аял — эч кимге кереги жок адам»
Мен азыр бутума операция жасатып, ооруканада жатам. Кѳзүм кѳз айнек
менен араң кѳрѳт. Ар бир кыймылымда «бир нерсени тѳгүп албасам экен.
Бирдемеге чалынып кетпегей элем» деп сак кыймылдайм. Ушинтип сыйпалап соо
бутум менен таягыма сүйѳнүп араң жүрѳм. Жаңы гана палатадагы аялдар менен
бирге тамактанып келдим. Ѳз жаныңдан чыгарган бир сындырым наның болбогон
соң батынып деле тамак иче албайт экенсиң. Андыктан заңгыраган тамым,
машинеден машине алмаштырган балдарым тууралуу ооз ачып кеп кыла албай,
аялдардын маегине да аралаша албай дубал тиктейм. Жашоомдун ѳткѳн чагына
сересеп салып, баарын талдап чыгууга эми гана чолом тийип кѳзүмдү чылк жумуп
алып баарын эстеп жатам. Менде ѳзүм үчүн жасаган эч нерсе болбоптур.
***
Тѳрт уул, бир кыздуу болдук. Жолдошум бир да баламда кол кабыш кылып
койгон жан эмес. Удаа тѳрѳлгѳн балдардын ар бирин күн да, түн да, ооруса да,
эркелесе да жалгыз карап, жалгыз чыдап келдим. Ал турсун атасынын тынчын
алып, ачуусуна тийип албайлы деп жүрүп чоңойттум. Үчүнчү уулумду эрте жазда
тѳрѳдүм. Ошол маалда үйүбүздү салып бүтүп калдык. Үй ичин актап, сырдап
чыгууга киши жалдайлы деп жолдошумду таптакыр кѳндүрѳ албай койдум. Ага
кайненем шыкакчы болуп акыры кыркым чыга электе үйдүн ичин актап, полдорун
жууп, эшик, терезелеринин баарын сырдап чыктым. Эки саатта бир-эки кѳчѳ ары
жактагы жашап турган үйүбүзгѳ барып ымыркайымды эмизип келем. Жолдошум
ишке кетеринде бир, келген соң бир иштеримди карап, дагы далай жумушту
моюнга артат. Үндѳбѳй макул болом. Себеби аны да түшүнѳм, ал мамлекеттин
жумушунда. Райондогу алдыңкы мектептин бакыйган директору. «Дагы үйүбүз
ушунун күчү менен бүтүп жатат. Ал тыйын таап турбаса үч балам менен мага үй
эмес, нан да жок», — дейм. Ал эми кайненемдин ар нерсеге наалыган кебине кулак
жапырып эптеп эле балдарымды карап берип турганына ыраазымын.
***
Бардык эле аялдар сыяктуу менин да жыл ѳткѳн сайын улам бир жерим
ооруп калчу болду. Башым ооруп, муундарым какшап, бирде белим бекчейип,
бирде бутум сыздап онточу болдум. Улам бир ишти бүтүрүүнү ойлоп, ден соолукту
кароону улам кийинкиге жылдырып жүрѳ бердим. Үйгѳ кирсек эле жыргайбыз деп
ойлочу элем. Кайдан, жанталашуунун баары ушундан кийин башталды. Ошол эле
жылы үйүбүзгѳ арнап баштаган шырдакты бүтүрүүгѳ жан үрѳдүм. Кол эмгегим
коңшу-колоңдун баарынын бүйүрүн кызытты. Жакын санаган таанышыма жасап
бергенден баштап буйрутмалар түшѳ баштады. Акча табуунун жолу ачылып,
жайды жайлата кийиз жасоо менен алектенем. Кышты кыштай кийизди шырдакка
айлантуу менен алышам. Арада дагы эки бала күттүк. Кичүү уулумду тѳрѳгѳндѳ
кѳр оозуна барып кайра келдим. Дулайдай болуп шишип, ажатканага барууга
алым келбей калды. Ооруканадан ооруканага которулуп жүрүп отуруп үйгѳ бир
айда араң чыгып келдик. Бул маалда кайненем да карылыкка моюн сунуп, мага
мурдагыдай күч бербей калган. Ал экѳѳбүздүн абалыбызды кѳрүп туруп да боор
ооруп, ийилип койбойгон күйѳѳмѳ ошондо катуу таарындым. Мурдун араң тарткан
улуу балдарымды жумшап аргам түгѳндү. Тоодой үйүлгѳн кир, чачылган үй,
курсактары оңдуу тойбой ыйлаган балдарым… Ал кезде азыркыдай такма жалаяк,
суу салфетка дегендер кайдан…
***
Ѳлүп эле калбасаң ѳмүрүңдѳ кезиккендин баарына кѳнѳт турбайсыңбы.
Андан калса баары унутулуп, кыйынчылыгы жок эле бүткѳнсүп калат экен, арман!
Чырылдап ыйлаган балдарыма кошулуп ыйлаган күндѳр да аягына чыкты.
Балдарым арты артынан окууга кирип, алдыңкы окуучулар боло башташты. Баса,
мен кезинде жогорку окуу жайда немец тилин жалаң «5» менен аяктагам. Улуу
балам мектепке киргенден баштап жашоом кичине да болсо кызыктуу болгонсуп
калды. Анын жакшы окуусу үчүн болгон аракетимди кѳрдүм. Уулум мектеп
программасы менен англис тилин окуду. Катылып жаткан лекцияларымдын
баарын сууруп чыгып кайталап, англис тилин бир жагынан ѳздѳштүрүп, бир
жагынан окутуп жаттым. Бул кийинки ар бир баламда кайталанды. Балдарым
мектептин мыктысы, үлгүсү, менин сыймыгым болушту.
Балдар чоңойгон сайын талаптары да чоңоёт эмеспи. Беш баланын
келечеги жолдошум экѳѳбүздү баягыдан бетер тытынтып, баягыдан да кѳп
иштетти. Бир жагынан үч бѳлмѳ үйдү чоңойтуу да керек болду. Жайкы каникул
башталары менен балдарымды белиме таңып кийиз жасайм. Эрте жаздан кеч
күзгѳ чейин жүн менен алышып колум суудан чыкпай, билегим сабоодон талыса,
кышты кыштай шырдак шырып, жѳрмѳѳ менен сѳѳмѳйүм оюлат. Тажагандан канча
буйрутмадан баш тарттым. Бирок таптакыр токтотуп салууга жолдошум караманча
каршы. Ага эмне, малы короого кирип, акчасы чѳнтѳккѳ толуп турса болду да. Ал
арада айылдын түйшүктүү жашоосу ѳзүнчѳ кан соргучтай: от жагуу, күл тѳгүү, кир
жуу, суу ташуу, суу тѳгүү, уй саап бадага кошуу эле далай ѳмүрүмдү алып кетти го.
***
Кооздугу кѳргѳн жандын кѳзүн талдырып, ар кимдин тѳрүндѳ салынып
турган шырдак менин таптаза ден соолугум, кѳз майым, кол эмгегим экени азыр
бааланбай деле, билинбей деле калгандай. Ал турсун ушуну менен үйүр жылкыга
жетип, айылдын байы атыккан күйѳѳм менен окуу акыларын жалаң шырдак сатып
тѳгүп жүрүп диплом алган балдарым да унутуп калышты. Чынын айтайын, менин
мээнетим менен келген акчадан мага бергиси келбеген күйѳѳмдѳн башынан эле
жакшылык күтчү эмесмин. Анын акчаны карыша кармаган катуулугунан башка
дагы далай кылыктары бар. Кайсы бирин айтайын. Ал эми азап менен тѳрѳп,
торолтуп, кадам сайын билимдүү болушса экен деп тиленип окуткан балдарымдан
үмүтүм чоң эле. Тоодой үмүтүмдү томсорткон балдарым билимдүү болушпаса да,
ыймандуу болушса эмне? Эмнеге ыйманын сураган жокмун?..
***
Балдарым чет тилдерин мыкты билсин деп атасынын каршы болгонуна
карабай Эл аралык университеттерге тапшырттым. Баарынын олчойгон окуу
акысын мойнума алып, атасын «батир акысын эле тѳлѳп турсаң болду» деп
сурандым. Тѳрт баланын контрагы үчүн деп ошол жылы шырдакка буйрутмагы ого
эле кѳп алгам. Бирок жайы бою балдарымды жардамга чакырып, бирин да
келтире албадым. Бири «чет элдиктер менен чоң долбоордо иштеп жатам, айлык
алганча акча салып туруңуз» десе, бири «чет тилимди бекемдѳѳгѳ курска кирип
алдым» деди. Макул болдум, окушсун дедим. Башкалары «ѳмүрү жүндѳн арылбай
калдык го. Жумушуңар бүтпѳйт» деп кылганын колко кылышты. Балалык кылып
билбей жатышат деп аларды да түшүнгѳнгѳ аракет кылдым. Чынында, бала
күндѳрүнѳн түйшүк тартып, кѳңүлдѳрү калды деп аядым. Күз келип той убагы
башталганда кардарлар артымдан түшүп, уйку кѳрбѳй калдым. Күн-түн дебей
жанталашам, майда жумуштун арбымагы да бир азап эмеспи. Бир орундан жылбай отуруп иштеп, тамак ичкенге деле кайылмын. Ошол жылы катуу ооруп
тѳшѳккѳ жатып калдым. Анда да кышкы сессиядагы балдарымды санааркатпайын
деп каникул башталганча ооруганымды айткан жокмун. Алар келген соң сакайып
кетпесем да караандарын кѳрүп, кѳңүлүм кѳтѳрүлүп калды. Бирок күтпѳгѳн жерден
балдарым кѳңүлүмдү катуу сындырышты.
— Апа, сиз быйыл шырдак жасай албайсыз го, ээ?
— Билбейм, балам. Алым жок, кѳзүм да тумандап эле калчу болду. Андан
кѳрѳ бир дарыланып алсамбы деп жатам.
— Мм… Быйыл машина алсамбы дегем.
— Машинаны коюңузчу, шырдак жасалбаса контракт эмне болот? Ошону
ойлосоңуз.
— Ооба, шырдак жок, акча жок. Иштеш керек эми, айла жок.
— Дагы жакшы, атам батирди тѳлѳп, картошка, этин салып турат.
Балдарымдын маегин тыңдап отуруп кимиси качан мени доктурга чакырар
экен деп чындап күттүм. Жок. Алар окуу акыларына гана сарсанаа болуп мени
унутта калтырышты. Кетип жатышканда да жүздѳрүнѳн ооруп калганым үчүн мени
күнѳѳлѳп, кадимкидей нааразы экендерин байкадым. Андан бери атасынан акча
суратыш үчүн, азык-түлүк салдырыш үчүн гана мага чалышпаса, абалымды суроо
үчүн атайын байланышпайт. Ооруган жайымды айтсам шуу үшкүрүп, деги эле
уккулары жок.
***
Ким эле жатынын жарып чыккан баласын жаман десин. Эне кургур уул-кызы
жаман болуп турса дагы жакшы дегиси келет тура. Бирок башкаларга менин
азабым сабак болсун деп гана баарын айтып отурам. Ырас, бир караган адамга
менин балдарымдай бала жок да, мендей бактылуу эне жок. Баары чет тилин
суудай сүйлѳп, анын арты менен мыкты кызматтарга орношкон. Ошого жараша
тапкандары да жакшы. Кимиси канча табарын мага отчёт беришмек беле, улам
жаңы машине алып, эки жакка каалагандарындай басып-тургандарынан улам
тапканы жакшы экен да деп болжоп коём. Улуу балам отузду таяп баратат, али
үйлѳнѳ элек. Эгер балдарым үй-бүлѳлүү болуп туруп ооруканага бир басып келип
коюшпаса, баарын аялдарынан кѳрүп жатып калмактырмын. Аялы жаман чыккан
үчүн балам карабай кетти демектирмин. Жок, мен балдарымдан гана кѳрѳм
баарын. Андан кѳрѳ жакшы аял алып калышса, мени эне деп сыйлап, эмгегимди
эске алып калышабы деп үмүт кылып жүрѳм.
Жакында ооруканадан чыгам. Эми «апамды сен алып чык. Айылга сен
жеткир» деп талашып-тартышышат. Акыры бирѳѳсү кабагына кар жаап келип,
кепке келбей дулдуңдап мени алып жѳнѳйт. Айылда менин бар-жогум менен
эсептешпеген күйѳѳм бар. Жыл сайын ооруган жерим кѳбѳйүп, ансайын мен ага
жек кѳрүндү болуп баратам. Кыскасы, оорулуу аял эч кимге кереги жок бир жан
болуп калат экен. Жашым элүүдѳн ѳтүп барат. Балпайып тѳрдѳ отурчу маалда
жаным сыздап тѳшѳк тартып турган абалыма ызаланам. Балким, балдарым
абалымды сурап, жылуу сѳз айтып турушса мынчалык алсырабай чыйрак жүрѳт
белем деп ойлойм.