Негизгиге Адамга адам тирек Айпери: Оорумдан айыгып, эки бир тууганыма жөлөк болсом экен

Айпери: Оорумдан айыгып, эки бир тууганыма жөлөк болсом экен

255

Абдыжалил кызы Айпери: «Оорумдан айыгып, эки бир тууганыма жөлөк болсом экен»

Урматтуу окурман, «Адамга адам тирек» рубрикабыздын бүгүнкү карманы – болгону 26 жаштагы, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Айпери аттуу кыз. Ал атасын дагы, энесин дагы жоготуп, агасы, иниси болуп томолой жетим калышкан. Агасы экинчи топтогу майып, өзү оор операцияга муктаж. Булардын тагдырына саресеп салып, кол сунуудан баш тартпайсыз деп ишенебиз.

☑️Элсом: 0707 42 33 28

«Жараткан бизге оор сыноо берди»

Менин атым Айпери, 1993-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөм. Үйдө үч бир тууганбыз, менден улуу агам Адилет 1990, ал эми иним Нурбакыт 1995-жылы туулган. Кайсы бир жылдары биз дагы толук кандуу, бактылуу жашоосун баштан кечирген үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап турчу элек. Бирок, тилекке каршы, жашоо-турмуш адамды ары калчап, бери калчап башыңа бир сыноо салмайын, кыйын кезеңдерге туш кылмайын болбойт экен. Менден улуу байкем төрөлгөндөн тартып ата-энемдин башына кайгы түшүп, анын оорусун жеңүү үчүн алпурушуп келишкен. Төрөлгөндөн алты айдан соң оорусу билинип, бат-баттан эле талмасы кармап жыгылып, калтырап-титиреп жатып калчу экен. Байкемдин ден соолугуна карап атам менен апам алыскы Нарындан Бишкекке көчүп келишкен. Бишкекте өзүбүздүн үйүбүз жок болгондуктан, батирден батир которуп жашап, аябай эле азапты тартышыптыр. Байкемдин абалына жараша борборго көчүп келгенде апам үйдө эле отурганга аргасыз болгон. Атам болсо бизди багуу максатында «Дордой» базарында чет мамлекеттерге дүңүнөн товар жөнөтүп эмгектенип келген. Жер алабыз, үй алабыз деп жакшы эле аракет кылган экен атам, бирок тапкан акчасы биздин тамак-ашыбыз, кем-карчыбыз, байкемдин дарылануусунан ашчу эмес турбайбы. Мына, биз 93-жылы көчүп келген болсок, ошондон тартып эле батирлеп келе жатабыз. Азыр ойлосом, бул биздин азап тарткан күндөрүбүздүн бир гана чети экен… Жашоо бизди атам менен апамдын көзү өткөндөн кийин чоң сыноого кезиктирип, учурда турмуштун тушамышы буттан чалгандай эле абалда турабыз…

«Балдарынан бакыт таба албай ата-энем арманда кетишти»

Агамдын айыгып кетишин Кудайдан тиленип, санаа тартып жүрүп, апам өз ден соолугуна кам көрүүнү таптакыр унутуп калган сыяктуу. Мурун эле апамдын кан басымы нормадан жогору болуп, анын үстүнө кант диабетинен дагы жабыркачу экен. Эмне кылсын, ар бир эне баласы үчүн өз жашоосун тобокелге салып, бала үчүн баарына даяр болот тура. Ошол убакта жок дегенде мен бой жеткен кыз болсом, апакеме мээримимди төгүп, колдон-буттан алып дарылатып, бизди таштап кетишине жол бербейт элем да! Тилекке каршы, анте алган жокмун. Ошентип, 2008-жылы апамдын ден соолугу кескин начарлап төшөк тартып жатып калды. Врачтар бир топ убакытка чейин оорусунун себебин аныктай албай жатып акыры таап чыгышты. Көрсө, боор циррозуна чалдыгып калган экен. Ошондон тартып ооруканадан чыккан жок апам шордуу. Акыры ооруга жеңдирип, 2013-жылы өлүмгө өзүн алдырып коё берди. Кайгынын артынан кайгы басып 2014-жылы атам дагы оор дартка чалдыкты. Ашказанында жара бар деп операция болуп, андан кийин төрт жыл гана өмүр сүрүп, ал дагы каза болуп калды. Биз – балдары, мындайда кандай айла кылмакпыз, ботодой боздоп гана кала бердик! Азыр өзүм жалгыз отурганда «бул кандай гана кордук, турмуш ушундай дагы адилетсиз болобу, кайсы күнөөбүз үчүн мындай тагдырга туш болдук экен?..» деген ойлорго жетеленем…

«Бизди баккан жалгыз адам – инибиз»

Байкем майыптыгы үчүн мамлекеттен 3700 сом пенсия алат. Ал эми азыркы жашап жаткан батирибиздин акысына ай сайын 4000 сом төлөйбүз. Ал оорусуна жараша эч жерде иштей албайт. Кудайга шүгүр, биздин бактыбызга инимдин ден соолугу жакшы. Азыр байкем экөөбүздү багып жаткан жалгыз адам ошол. Ал атамдын жолун жолдоп «Дордойдо» товар жөнөтүп иштеп калган. Менин иштебегенимдин себеби – катуу ооруга чалдыкканым. Акыркы күндөрү ичим ачышып ооруп, күндүзү жан сыздаткан ооруксунууга чыдап жүрсөм, түнкүсүн таптакыр уйку бетин көрбөй калдым. Доктурга барып көрүнсөм он эки эли ичегимде жара бар экен деп аныктама чыгарып беришти. Ооругандан бери тамакка табитим такыр тартпайт, курсагым ачып тамак жесем кайра эле окшуп кусам, айтор, бардык азаптан кутулгансып эми менин дагы башыма оор күн түштү. Армандуу киши арман менен ынак жүрөбү, түшүнүксүз, эми бул оорум аздык кылып жаткансып эки көкүрөгүмдө тең залалдуу шишик бар экен деп жатышат.

«Эки бир тууганыма тирек болуп турсам экен дейм»

Адам эмеспизби, тирүү болгондон кийин жашап кетиш үчүн алпурушат экенбиз да. Бул жактагы врачтар эч кандай жардам бере алышпагандыктан, жакында тааныштарыбыз аркылуу индиялык врачтар менен сүйлөшүп, алар операция жасап беребиз дешкен. Индияга барып текшерилгеним, барып-келген каражатым, тамак-ашым, виза ачканым, ал жакта жаткан палатага күн сайын акча төлөгөнүмдүн бардыгы болуп эсептесек эки жарым миң доллардай акча сарпталат экен. Мындай сумманы таап дарыланып келүүгө өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз жок болгонуна байланыштуу колунда бар ага, эжелерге кайрылып кетер элем, колдон келген жардамыңыздарды бериңиздерчи?! Ата-энемдин ордуна ушул оорукчан байкем менен инимдин жанында тирек болуп турсам экен дейм. Мен сакайып, жашообуз жакшы нукка өтсө экен. Турмуш куруп жашоонун бакытын көргөнгө мүмкүнчүлүк алсам экен!.. Мындайда «жашоонун жыргалын көрбөй каламбы?» деген сыяктуу чексиз ойлор эрксизден башыңа келет экен. Бирок менин жашоого болгон үмүтүм чоң! Атам менен апам каза болгон соң алардын бир туугандары менен катышып, барып-келип турабыз, бул үчүн Кудайга шүгүр гана келтирем. Бирок алардын деле өз турмушу, түйшүгү бар адамдар. Ошондуктан алар бизди моралдык жактан колдогонуна эле абдан чоң ыраазы болом. Ооруп калып айыгууга өздөрү айла таппай калган адамдар кайрымдуу жарандардын колдоосу менен бутуна туруп кетишкенин көрүп дайыма сүйүнөм. Мага дагы ошондой бакыт буюрса экен деген тилегим, үмүтүм абдан чоң.

Элсом: 0707 42 33 28

🖊️ — Асел Эсенбек кызы

СоӊкуБолотбек Тилек: Жашоомо терс таасирин тийгизе турган ролдордон баш тартам
КийинкиАлтынай Нарбаева: Келиним экөөбүз окшош экенбиз