Болотбек Тилек: «Жашоомо терс таасирин тийгизе турган ролдордон баш тартам»
Актёр, режиссёр Болотбек Тилек элдин көзүнө “Салам, Бишкек!” тасмасындагы айымдын ролу аркылуу таанылып, андан бери көптөгөн тасмаларда роль жаратты. Актёр учурда актёрлук чеберчилик боюнча ийрим ачып, элдин жакшылыгында тамадалык кесипти да аркалап жүргөн кези. Эмесе, таланттуу актёрдун акыркы жаңылыктары, чыгармачылыгы менен тааныштырабыз.
Сиз бир эле учурда актёр, анан тамадасыз. Эки тизгинди бир алып кетүү оор эмеспи?
— Менин негизги жумушум — “Учур” театры. Ал жакта күндүзү иштейм. Ал эми тойлор кечкисин болгондуктан, экөө бири-бирине эч кандай зыянын тийгизбейт. Тамадалыкка буйрутманы ар кандай алам. Кээде күнүгө театрда жумуштарым көбөйүп кетсе, айына бир-эки эле буйрутма алып калам.
Бул жумуштарыңыздан сырткары жеке студияңызды да ачыптырсыз…
— Бул студияны ачуу – менин көптөн берки кыялым эле. Мурда бир жолу жалгыз аракет кылып көргөм. Бирок “жалгыз киши жарыбайт” дегендей, колумдан келген эмес. Анан “Учур” театрында эмгектенген кесиптешим Эрмек Казыбеков экөөбүз биргеликте ачтык. Бул “халтура” студиялардын бири эмес, өз мөөрү бар, келишим түзүп, расмий түрдө иш алып барган студия болмокчу. Мында бир гана актёрлук чеберчиликти окутпайбыз, ыр жазып, тасма, клип тартууга мүмкүнчүлүгүбүз да бар. Биз да келечекте залкар инсандардай көп ийгиликтерди багындырып, бийиктикте бололу деген тилек менен атын “Залкар” деп атаганбыз.
«Актёр болом» деп келген улан-кыздарга кандай талаптарыңыз бар?
— Бул кыял менен келген улан-кыздар абдан көп. Бирок баарын эле кабыл ала бербейбиз, кастинг аркылуу гана тандалып алынат. Бир тайпага 15ке чейин окуучуларды кабыл алабыз. Учурда 16 окуучу бар, мунун 11-12си эле калат. Калганы эрте эле жылдыз болом деп ойлошот, ошондуктан аягына чейин окубай калышат. Аптасына эки сааттан үч ирет окушат. Бир курстун мөөнөтүнүн узактыгы үч ай. Эки жумада бирден белгилүү инсандардын катышуусунда мастер-класстарды өткөрүп турабыз. Окуу аяктагандан кийин сертификат берилет. Биздин сертификат менен Түркияга барып аниматор болуп иштегенге мүмкүнчүлүк болот.
Өзүңүздү режиссёрлук жаатта да көрсөтүп келесиз. Бул боюнча билим жетишпей кыйналган учуруңуз болду беле?
— Өзүм режиссёрлук кылган 3-4 эле тасмам бар. Көп учурда тасмаларга сценарий жазып берем. Чыгармачылыкта “Мыкты актёр –
жакшы режиссёр” деп коюшат. Бирок, албетте, кээде билим жетишпей кыйналган учур болот. Режиссёрлук кесиптин билиминин жүрүшүндө таблицалык жүрүштөр бар, ошого салып роль чыгарыш керек. Кээде ушуларды билбей калам. Мен кыйын актёрмун, мыкты режиссёр боло алам дегенден алысмын. Бирок аракет кылып жатам.
Сизди комедия жанрындагы тасмалардан эле көрүп калдык. Качан олуттуу тасмага тартыласыз?
— Олуттуу тасмадан бирөө бар. Бул баарыбызга белгилүү “Ак шоола” сериалы болду. Азыркы учурда биздин команда олуттуу тасмаларды тарталы деп жатабыз. Биздин мамлекетибиз жакыр болуп турганына байланыштуу мамлекетибиздин башы ызы-чуудан көтөрүлө элек. Бул кезде башка жанрдагы тасмаларды эл көп көрө бербейт. Элдин көңүлүн көтөрүү максатында жеке биздин эле компания эмес, башка кинокомпаниялардын бардыгы эле комедия жанрындагы тасма тартууга аракеттенип жатышат. Ошондуктан заманыбызга ылайыктуусу эле комедия болуп жатат. Көп тартылганы да ошондон. Бирок башка жанрдагы тасма тартып, олуттуу ролдорду ойноо ниетим бар.
Кандай тасмалардан баш тартасыз? Байкашымча, клиптерге көп тартыла бербейсиз…
— Жаңы чыгармачылыкка аралашып жүргөндө клиптерден башым чыкчу эмес, сунушталган ролдордун баарын эле “актёр деген ушул турбайбы” деп ойной берчүмүн. Менин жашоомо терс таасирин тийгизе турчу ролдордон баш тартам. Мисалы, баарыңыздар эле билгендей “Салам, Бишкек!” тасмасында кыздын ролун ойногом. Бул тасмадан кийин да кыздын ролуна сунуштар көп болгон. Бирок мен “Салам, Бишкектен” кийин кыздын ролун эч качан ойнобойм деп өзүмө сөз бергем.
Жеке жашооңузга качан жаңылык киргизесиз? Жүрөгүңүздүн ээсин таптыңызбы?
— Жеке жашоомо жаңылык киргизүүгө өзүмдүн деле эки көзүм төрт. Убакыт-сааты чыкпай турат окшойт. Өзүм кыздарга деле талаптарды койбойм. Кыздардагы жөнөкөйлүк, адамгерчилик, сабырдуулук сапаттарын баалайм. Тажаткан кыздарды жаман көрөм, бир айтканда угуп калган кыздар жакшы.
🖊️ — Айгерим Токтобай кызы