Негизгиге Ден соолук Ден соолук үчүн күнүмдүк адаттар

Ден соолук үчүн күнүмдүк адаттар

704

Ден соолук үчүн күнүмдүк адаттар

Баарыбыз сыртыбыздан жакшы көрүнүп, ден соолугубуз чың болуп, узак жашоо үчүн аракет кылабыз. Бирок көпчүлүгүбүз үчүн көнүп калган жашоо образыбызды алмаштыруу татаалдык жаратат. Сиз дагы ошондойлордун катарына кирсеңиз, жагымдуу жаңылыгыбыз бар. Аз эле аракетти, убакытты жана чыгымды талап кылып, оңой эле сиздин адатыңызга айлана турган амалдар бар.

📍 Күнүңүздү лимон кошулган суу ичүүдөн баштаңыз
Күн сайын эртең менен жарым лимондун ширеси кошулган жылуу суу ичүү – организмди жандандыруунун эң мыкты ыкмасы. Лимон витаминдерге, пайдалуу заттарга бай азык. Ал энергиянын деңгээлин жогорулатат, сезгенүүгө каршы турат, иммундук системаны көтөрөт, терини тазалайт жана тамак сиңирүүгө жардам берет. Лимондун бир гана кемчилиги бар. Андагы кислота тиштин эмалына терс таасирин тийгизет. Ага жол бербөө үчүн лимон ширеси кошулган сууну түтүкчө менен ичүү сунушталат.

📍 Жылуу гана суусундук ичиңиз
Жылуу суусундук организмди керексиз калдыктардан арылтуу менен картаюу процессин жайлатат. Тамактангандан 20 мүнөт өткөндөн кийин бир кружка жылуу суу же чай ичип алсаңыз, ал тамак сиңирүүнү тездетет, калдыктарды чыгарат жана кан айланууну жакшыртат.

📍 Күнүңүздү белоктон баштаңыз
Курамына көп белок камтыган азыктар “ачкалык гормону” болгон грелиндин деңгээлин түшүрөт. Андыктан эртең мененки тамакка жеген жумуртка, тооктун төш эти, гречка сизге түшкө чейин ачкалыкты сездирбейт.

📍 Маал-маалы менен “орозо” кармап туруңуз
Аз аралыкка ачка болуу организмди токсиндерден арылтат, арыктоого жардам берет жана карылык процессин жайлатат. Бир күндө бир гана жолу тамактанып, калган учурларга таза суу ичип турсаңыз болот. Бир жуманын бир күнүн мындай ачкалыкка арнап алып, жаңылбай кайталап турсаңыз, ден соолукта болуп жаштыгыңызды узакка сактоого кепилдик бар.

📍 Тарелкаңыздын тең жарымында салат болсун
Жашылчалар менен жемиштер – клетчатканын, суунун, пайдалуу микро жана макроэлементтердин булагы. Мындан улам изилдөөлөр жыйынтык чыгарды. Тамактанууда тарелкаңыздын тең жарымына жашылчалар салынган болсо, сиз өз ден соолугуңузду жакшырта аласыз. Ушул сыяктуу эле базарга барганда баштыгыңызды углеводдорго, жарым фабрикаттарга эмес, жашылча-жемишке толтуруңуз.

📍 Муздак сууга түшүңүз
Бир күндө бир маал түшкөн муздак суу кан айланууну жакшыртат, зат алмашууну тездетет, теринин тешикчелерин кичирейтет, иммунитетти көтөрөт жана физикалык күч келтирүүдөн кийин денени калыбына келтирет.

📍 Кара шоколад жеңиз
Күнүнө 45 граммдан кара шоколад жесеңиз, жүрөгүңүзгө, мээңизге, жалпы эле ден соолугуңузга пайда келтирген болосуз. Курамынын 70 пайызын какао түзгөн кара шоколадды гана тандашыңыз керек. Анткени дал ошол какао сизге пайда келтирет.
Тишиңизди дароо тамактан кийин жуубаңыз
Адистер тишиңизди тамактанып бүтөрүңүз менен тазалабоону сунушташат. Жок эле дегенде жарым сааттан кийин жууган туура. Эгерде кычкыл бир нерсе жеген же ичкен болсоңуз, андан кийин дароо тишти жуу анын эмалын бузат.

📍 Ичиңиз менен дем алыңыз
Биз үстүртөн дем алганга көнгөнбүз. Бир күндө 5-10 мүнөттөн болушунча толук дем алып, кайра чыгарып туруу кан басымдын түшүшүнө жардам берет, картаюу процессин жайлатат, уйкуну жакшыртат. Чалкаңыздан жатып көзүңүздү жумуңуз да, жакшы нерселер тууралуу ойлонуңуз. Андан кийин ичиңиз менен деп алууга аракет кылып көрүңүз. Дем алууну жакшыраак сезиш үчүн курсагыңызга китеп же башка буюм коюп алсаңыз болот.

🖊️ — Нуриса Баялиева

СоӊкуКаныкей: Оор күндөрдү башымдан өткөрбөсөм, таттуу күндөрдүн баркын билмек эмесмин
КийинкиБолотбек Тилек: Жашоомо терс таасирин тийгизе турган ролдордон баш тартам