Негизгиге Ааламда Алтынай Нарбаева: Келиним экөөбүз окшош экенбиз

Алтынай Нарбаева: Келиним экөөбүз окшош экенбиз

854

Алтынай Нарбаева: “Келиним экөөбүз окшош экенбиз”

Алтынай эже, жалгыз уулуңузду үйлөнтүп, колуңуз узарып эле отуруп калдыңызбы?

— Ооба, рахмат. Уулум Темирлан 25ке чыкканда бизди келиндүү кылып кубантып отурат. Келиним келгенде эле “үй, туткан буюмдар эми сеники, сен кожойкесиң. Эми баарын сенден сурайм” деп тапшырып бердим. Кайнене болуп өзүмдү бактылуу сезип турам. Бул сезимди ар бир ата-энеге каалайм. Келинимдин аты – Айданайым, 20 жашта. Учурда Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинде 4-курста окуйт. Түбү Жалал-Абаддан болот. Бирок Орусиянын Сургут шаарында төрөлүп, ошол жердин жарандыгын алган экен.

Келиниңиз Орусияда өссө, уулуңуз менен кантип тил табышып калышыптыр?

— Кудаларыбыз бизге окшоп эки кыз, бир уулдун ата-энеси. Кыздарыбыз башка улутка турмушка чыгып кетишпесин деп Кыргызстандан окутушуптур. Улуу кызы медициналык окуу жайды аяктаптыр. Ошол кудачамды уулум Темирландын досу жактырып, экөөнүн жылдызы келишип үйлөнүшкөн. Ошол досунун үйлөнүү тоюнда Темирлан күйөө жолдош болуп барып Айданайымды жолуктурат. Ошентип, эки дос эже-сиңдиге үйлөнүп отурушат.

Жакшы болгон турбайбы. Болочок келиниңиз менен сиз качан тааныштыңыз эле? Дароо эле жактырдыңыз беле?

— Уулум экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүнө эки жарым жыл болгон. Азыркы жаштар башкача го, уулум сүйлөшүп баштаганда эле үйгө алып келип тааныштырган. Көргөндө эле жактырдым. Куулугу же эки жүздүүлүгү жок, мүнөзү наристеникиндей, көз карашынан эле көрүнүп турат. Эсимде, биринчи таанышууда “дааратканага барып келсем болобу?” деп суранган. Келиним ушундай тарбия көргөн кыз. Андан кийин деле үйгө келип жүрчү. Келген сайын экөөнө окшош кийимдерди белекке берип, “эгиз козудай жетелешип жүрө бергиле. Сүйүүнү ар кимге эле бере бербейт. Сүйүүнү табуу оңой, сактап калуу кыйын” деп айтчумун. Конок тосконумда да келип жардамдашып турчу. Кудам менен кудагыйым дагы интеллекти бийик, маданияттуу, бала дегенде жанын берген адамдар экен. Кудагыйыма: “Эми менин кызым болду, кемчилиги болсо меники болсун, жакшы жактары бүт сиздики”,- дедим.

Кайнененин камырынан дегендей, келиниңизден окшоштуктарды байкадыңызбы?

— Келиним мага окшоп сологой экен. Музыкалык мектепти кызыл диплом менен аяктап, өзүмө окшоп музыканы түшүнгөн адам экен. Азырынча ушундай окшоштуктар бар бизде.

Байкашымча, тойдо өзгөчөлүктөр көп болду. Айтсак, кудагыйыңыз менен окшош көйнөк кийип чыксаңыз, Өзгөн өнөрпоздору кызыл түстөгү кийим кийишти. Той дагы кандай өзгөчөлүктөр менен коштолду?

— Ооба, той өзгөчөлүктөргө бай болду. Өнөр адамы болгон соң көп той-аштарга барып жүрөм. Ошондо эки кудагыйдын эки башка стилдеги, бири узун, экинчиси кыска көйнөктөрдү кийип алышарын көрүп композиция жакшы болбой каларын байкачумун. Ошондуктан кудагыйыма окшош кийинүүнү сунуштасам, ал колдоду. Анан мен экөөбүзгө тең ак түстөгү окшош көйнөк, окшош туфли сатып алдым. Экөөбүздүн сырткы келбетибиз, чачтарыбыздын узундугуна чейин окшош экен. Окшош кийинип чыксак, конокторубуз бизди ого бетер окшоштурушту. Жолдошум менен кудама дагы бир түстөгү костюм-шым кийгиздик. Биз ошентип барсак, кызгалдактай болуп Өзгөн өнөрпоздору чыгып келе жатышат. Аларды көрүп жүрөгүм жарылып кете жаздады, минтип кийинишерин мен билген эмесмин. Кыздар кызыл көйнөк кийип, эркектерге кызыл галстук тагышыптыр. Атайын мага сюрприз кылалы дешкен экен. Анан да бир ак ургаачы, бир кара эркек кой алып, шампундап жууп, буттарына бут кийим кийгизип, бантик тагып алып келишиптир. Артынан “тоголоктору” түшкөн сайын “бул ырыскы, береке” деп сахнага кошо чыгарышты. Дагы бир өзгөчөлүк – жаштардын биринчи жеңил бийинде “Музыка экөөбүздү жолуктурсун” деген ырымды өзүм ырдап бердим. Өзүбүз деле тойдон баарына ырымдаганга аракет кылдык. Өнөр жолунда жөлөк болгон Гүлшайыр Садыбакасова, Сагын Ниязалиева баштаган он инсанга он алтын шакек белек кылдык. Улуу кыздарыбызга “биринчи “нянькалар” деп алтын комплект салдык. Кудагыйыма болсо бриллиант көздүү шакек менен эки колуна эки алтын билерик тагып, кызыбызды чоңойтуп бергенине ыраазычылык билдирдим. Кеп белекте деле эмес, башкысы, көңүлүн алуу да.

Уул-келиниңиздин өкүл атасы белгилүү алпаруучу Алмаз Шер болуптур…

— Ооба, Алмаз Шер менен Өзгөн өнөрпоздорунун шеринесинде чогуубуз. Баламдын үйлөнөрү анык болгондо өкүл ата издей баштадык. Ошондо эмнегедир Алмаз Шердин элеси көз алдыма келе берди, аны менин жүрөгүм тандады. Жолдошума айтсам макул болду. Бирок дароо эле Алмазга айта алган жокмун, үч күн ойлондум. Баш тартып коёбу деп жүрдүм. Акырында айтсам, ырас, ал сыймыктана макулдугун берди. Уул-келинимдин өкүл ата-апасы менен таанышуусу да өзгөчө даярдык менен болду. Менин уулум романтик. 11 килограммдык тортко атасынын сүрөтүн чагылдырып, жанына микрофон койдуруп буйрутма бериптир. Ошентип, ата, апасы менен таанышчу күндү белгилеп, келиним экөө кече көйнөктөрүн кийип, шам чырактарды күйгүзүп өзгөчө гүлдестелер менен тосуп алууга даярданып жатышса, атасынын кокустан жумуштары чыгып калып жатпайбы! Мен балдарым даярдап жаткан сюрприз тууралуу билчүмүн да, анан Алмазга “балдарымды капа кылба” деп жумуштарын бирөөгө табыштаттырып жөнөттүм. Барып алып таң калып, балдарына аябай ыраазы болду. Тойдо өзү тамада болду. Биз кандай чамынып даярдансак, чыгаша кылсак, алар да биздей эле даярданышты. Келиним бриллиант көздүү нике шакегин жакшы көрөт экен. Өкүл ата, апасы балдары каалагандай шакектерин тагышты.

Эми балдарыңызды өзүнчө бөлөсүзбү?

— Өзүбүз али жашпыз, кичүү кызыбыз деле кичинекей. Бирок азырынча балдарыбыз менен чогуу жашайбыз. Биз бири-бирибизге көнүшүбүз керек. Кудай буюрса, балам балалуу болгондо бир-эки баласын багып беришим керек. Улуу кызыбызга батир алып берип, келин келсе сый-урмат менен болсун деп өзүнчө чыгарганбыз. Калганыбыз болсо үч бөлмөлүү үйгө кенен батабыз.

🖊️ — Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуАйпери: Оорумдан айыгып, эки бир тууганыма жөлөк болсом экен
КийинкиЖесир аялдар үйлүү болушту