Жесир аялдар үйлүү болушту
Кемин районунун Чым-Коргон айылында жалгыз бой жесир аялдарга ылайыкталып жүз үй салынды. Долбоорду араб инвесторлору каржыласа, калган түйшүктү Кемин районунун акими Нурлан Шаршеналиев менен Чым-Коргон округунун айыл өкмөтү Эмил Макеев көтөргөн. Биз жаңы шаарчанын орун алган жерине барып тургундардын кубанычын тең бөлүштүк.
Кемин районунун акими Нурлан Шаршеналиев: “Үй берүүдө жашоо шарты кылдат каралды”
— Арабдар демөөрчүлүк кылган фонд буга чейин бизге үй-бүлөлүк дарылоо бөлүмүн куруп, таза суу чыгарып беришкен. Бул жолу биз «ушундай аялдар көп, баш калкалаганга үй салып берсеңиздер жакшы болот эле» деген сураныч менен кайрылганбыз. Дароо макулдугун билдирип жарым жылда 100 үй салып беришти. Биз 2,5 гектар жерди даярдап, үй салууга ылайыктап бердик. Курулуш иштерине аралашкан жокпуз. Баарын өздөрү бүтүрүштү. Долбоордун өзү 97 миллион сомго бааланды. Ар бир үйдүн аянты 50 чарчы метрден. Тамактануучу чоң бөлмө, эки уктоочу бөлмө, даараткана, от жаккан жери бар. Бүт шарттары, үйдүн ичинде эмеректери, атүгүл идиш-аягы менен берилди. Үй алуучуларды өздөрү тандашты. Талап боюнча ажырашып кеткендерди эмес, жесир аялдарды гана тизмеге киргизишти. Алардын ар биринин жашаган жерин кыдырып, жашоо-шартын видеого, сүрөткө тартып жатышты. Ар бири менен маектешип, балдарына катталган мүлктөр, мурастардын бар-жогу мамлекеттик каттоо кызматынан текшерилди. Балдарынын саны эсепке алынган жок, алды сегиз баласы болсо, эң аз дегенде бир баласы барлар. Жашагандардын 70 пайызы жергиликтүү тургундар, калган 30 пайызы региондордон келгендер. Ошол эле аянтта тигүү цехи, иштеткенге дүкөн, мечит, балдар ойногонго футбол аянты бар. Ачылыш аземи учурунда балдары көптөргө 3000 сомдун тегерегинде жөлөк пул берилди. Эми кышында көмүрү берилгени турат. Буюрса, жашоочулардын ар биринин колуна кызыл китеп беребиз. Үй менчигине айланат. Бирок сатып жибербей өздөрү жашагыдай кылып документтерди тууралап жасоонун жолун ойлонуп жатабыз.
Үйлөрдү аралап, айрымдарынын жашоо-шарттары менен тааныштык. Бири-бирин жакшы тааный элек айымдарды бир кубаныч бириктирип турган чагы. Бизге берген маегинде бирде кайгыдан, бирде бакыттан көзүндө жаш айланып отурушту.
Венера, 38 жашта: “Күйөөмдүн өлүмүнө мени күнөөлөштү”
— Өзүм Сузактын кызы болом. Кесибим боюнча математика сабагынан мугалиммин. Ошол эле айылга турмушка чыккам. Жашообуз жакшы болчу. Үч балалуу болдук. Улуу кызым 6га, кичүүсү 2ге чыкканда жолдошум кырсыктап каза болду. Досторубуз менен сууга түшүп, эс алганы барганбыз. Кичинекей кызымды карап мен унаада калгам. Жолдошум сууга бир чумкуп келейин деп кеткен бойдон чөгүп кетип каза болуп калды. Сөөгүн жерге бергенден кийин кайын журтум “кошо жүрүп карабай коёсуң” деп мага күнөө коё башташты. Алардын мамилесинен кийин колунда калуу мүмкүн эмес эле. Үч баламды алып төркүнүмө келдим. Мугалим болуп иштеп калдым. Ортодон турмушка чыгып бир кыздуу болдум. Кайгы жалгыз келбейт экен. Мындан эки жыл мурда улуу кызым бутум деп калды. Дарыгерлерге барсак, алгач киста бар дешти. Дарылаганда жакшы болгон жок. Эки айга жетпей тизесинен ылдый шиший баштады. Көрсө, жумшак ткандарында шишик бар экен. Ошол жеринин 13 сантиметрлик сөөгү чирип кетиптир. Бир заматта баламдын амандыгын тилеп алапайымды таппай калдым. Мен шаарда кызым менен чуркап дарыланып жүргөн кезде экинчи жолдошум Москвага иштегени кеткен. Ошол жактан бирөөнү таап үйлөнүп алыптыр. Экинчи ал адам менен жүз көрүшкөнүм жок.
Кызыңызды жалгыз дарылатуу оңойго турбаса керек?
— Албетте. Үч баламды төркүнүмө таштап, кызым менен Бишкекке келгем. Жашаганга жерим жок, дарылатууга акчам жок аябай кыйналдым. Жердештерим, туугандар абалымды угуп өздөрү акча чогултуп берип жатышты. Фонддорго кайрылдым. Арабдардын фондуна ушундан улам туш болдум. Ай сайын жөлөк пул деп 5000 сом берип жатышты. Аягында Түркиядан протез салдырып, Индиядан төрт курс химия алып жакшы болуп кеттик. Буюрса, азыр жакшы болуп калды. Болгону, сабагынан бир аз аксап калдык.
Үй жөнүндө кантип угуп калдыңыз?
— Жогоруда фонддон ай сайын жардам алып турчумун дебедимби. Алар менин жашоо-турмушумду жакшы билишчү, өздөрү тизмеге киргизип коюшуптур. Үйгө кирип жашагыча ишенбей жаттым. Биринчи күнү кубанганымдан балдарым баш болуп ыйладык. Буга чейин тыгын болсун деп арзан батирге жашадым. Кызың ооруп жатат деп бекер жашаткандар да болду. Мен үчүн үйдөн да кызымдын ден соолугу маанилүү болчу. Ошентсе да үстүмдө үйүм болуп калганына чексиз бактылуумун. Буюрса, айылдагы мектепке жумушка орношойун деп жатам. Сурасам орун бар дешти.
Аида, 35 жашта: “Жомоктогу жашоого туш болгондой болдум”
— Мен Казармандан болом. Жыйырма жашымда Жумгалга ала качып кетишкен.
Тагдыр экен деп отуруп калдым. Бирок барган күндөн баштап эле күйөөм арак ичип, сабачу. Төрт кыздуу болгуча чыдадым. Акыры кичүүсү бирге чыга электе таягына тоюп кетип кыздарымды алып баса бердим. Кийин мен кеткен соң жолдошум каза болду деп уктум. Бирок эмне болуп өлгөнү тууралуу кызыккан да жокмун, кайрылып да барбадым. Төрт кызымды тең апама таштап шаарга келдим. Тигүү цехи тууралуу түшүнүгүм жок эле. Жан багыш үчүн баарын башынан үйрөнүүгө туура келди. Башым менен жер казып иштеп жүрүп аллергия оорусуна кабылдым. Кездемеден чыккан пыр, чаңга дем ала албай азыр иштебей да калдым. Кыздарым менен үйдө элемин.
Үйлүү болом деп үмүт кылчу белеңиз?
— Кайдан?! Төрт кызымды шаардан бага албасыма көзүм жетип Казармандан окуткам. Тапкан акчам деле алардын кийимине, майда чыгашасына араң жетчү. Жайкы эс алууда бул жакка алып келчүмүн. Апам бир ирет фондго жардам сурап кайрылыптыр. Алар жашаган шартыңарды көрөбүз деп үйгө чейин келиптир. Төкөлдөш жакта шыбы түшкөн кенедей бөлмөгө 2000 сом төлөп жашачубуз. Алар үйгө келгенде мен жумушта болчумун. Үйдү тартып, кыздарды отургузуп алып “эмне каалайсыңар?” деп сураса кичүү кызым сүрөт тартканга альбом, калем сап сураптыр. Ошондо алар күлүп: “Шартыңар жаман экен, үйгө кезекке тургула, буюрса, жакын арада тиет”,- дешиптир. Апам сүйүнчүлөп чалганда ыйладым. Көчүп келгенде дагы бир ыйладым. Үй эле эмес, килем, керебет, идиш-аягына чейин бар экен. Жомоктогу жашоого туш болгондой эле болдум.
Эркинай, 35 жашта: “Балдарым менен көмүрканада жашаган күндөр болду”
— Кесибим боюнча ашпозчумун. Жыйырмага чыга электе турмушка чыктым. Күйөөм Ала-Букадан болчу. Мени кайын журтум башында эле батырган жок. Кош бойлуу кезимде эле жашап кетериме көзүм жетпей кетип калгам. Кызымды төрөп тыңып алып Бишкекке келдим. Баламды ар кимге каратып, арзан батирде жашап жүрдүм. Өп-чап турмуштан кыйналып жүргөндө өзүмдөн 23 жаш улуу адамга туш болдум. Турмушта көптү көргөн адам экен, кызымды өгөйлөбөй багып алар деген үмүт менен ага турмушка чыктым. Бирок жашообуз жакшы болгон жок. Эки кыздуу болгондон кийин ажырашып кеттим. Үч баланы багуу үчүн колума тийген иштерди жасап жаттым. Эптеп курсактарын тойгузуу үчүн уйку бетин көрбөй иштедим. Бир ирет өзүм менен тең чамалаш киши менен тааныштым. “Батирге чыгарам, өзүм карайм” деп көп нерсе убада кылды. Айлам кеткенде эптеп кыздарымды багайын деген ой менен ага экинчи аял болуп тийдим. Бирок андан деле жыргап кеткен жокмун. Бир уул, эгиз кыздуу болгондон кийин ажырашып тындым. Себеби мени эмес, акыркы учурда биринчи аялын да тыңдап бага албай калган.
Алты бала менен кайда барып баш калкаладыңыз?
— Батирлеп эле жүрдүм. Тамак-ашка деген акыркы акчаны төлөп берип, өзүбүз ачка калган учурлар болду. Аны да таба албай калганда самсы жасаган жердин көмүрканасына жашадык. Айлам куруп балдарыма кошулуп канча ыйладым. Бирок эми күйөөгө тийбейм деп өзүмө сөз бердим. Батирлеп жүргөндө жашаган жердеги дүкөнгө айла кетип карыз сурап азык-түлүк алчу элек. Сыртыбыздан бизди билгендер аяп, карызыбызды төлөп коюп жатышты. Учурдан пайдаланып мага жардам бергендерге ыраазычылык билдирем.
Үйлүү болгондо адатта өрлүктөп келишет эмеспи?
— Мен үйгө кирерим менен Кудайга ыраазычылык айтып намаз окудум. Туугандарыма айтсам багың ачылган экен деп кубанып ыйлашты. Апам төшөктөрүн жаңыртып, балдарыма кийим-кече кылып өрлүктөп келиптир. Кубанычымда чек жок. Эми балдарым маңдайымда аман болсо болду. Кыйын күндөр артта калды.
🖊️ — Анара Дүйшөналиева