Баланын чет тилдерди билүүсү зарылбы?
Баланын эки же андан ашык тил билүүсү – анын келечектеги ийгилигине чоң өбөлгө болот деп эсептешет көпчүлүк ата-энелер. Бул туура. Тил билүү – бүгүнкү күндүн талабы. Ал адамдардын чоң чөйрөсү менен сүйлөшүүгө, чет өлкөгө чыгып саякаттоого жана билим алууга, кызыктуу жумушта иштөөгө жана көптөгөн башка нерселерге түзүлгөн мүмкүнчүлүк.
Чет тилдерин билүүнүн пайдалары:
Өз тилин жакшы түшүнөт
Эки тилди салыштырып окуу менен бала өз тилиндеги буга чейин билбеген сөздөрдү үйрөнүп, сөз байлыгы кеңейет. Ал эле эмес, маани бербей жүргөн грамматикалык эрежелерди эсине сактап калат.
Ишенимдүүлүк берет
Чет тилин үйрөнүүдөгү алгачкы ийгиликтери баланы андан ары кызыктырат, дагы үйрөнгүсү келет. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси ачылган сайын балада өзүнө болгон ишенимдүүлүк, жаңы ачылыштарга умтулуу аракеттери пайда боло баштайт.
Мээ үчүн пайдалуу машыгуу
Адамдын мээси булчуңдарга окшош. Аны такай машыктырып туруу керек. А тил үйрөнүүгө жасаган аракет – акыл-эс үчүн эң жакшы көнүгүү.
Карьера жасоого мүмкүнчүлүк
Бүгүнкү күндө кошумча тил билүү маянасы көп, абройлуу жумуштарга кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөрү эч кимге жашыруун эмес.
Дүйнө таанымды кеңейтет
Чет өлкөгө саякатка чыгуу – бардыгы үчүн пайдалуу тажрыйба. Анда адам жаңы жер менен эле таанышып келбей, ой жүгүртүүсүн, көз карашын жаңылап келет. Ал эми барган жердин эли менен алардын тилинде пикир алышуу андан да жаңы сезимдерди тартуулайт.
Балага чет тилин канча жашынан баштап үйрөтүү керек?
Бала жашоосундагы алгачкы 12 айында эле үндү кабыл алып, уккандарын туурап баштайт. Андан тышкары кайсы буюм кандай аталарын оюнда түшүнүп калат.
1,5-2 жаш курагында топтогон сөздөрүн колдоно баштайт. Бул сөздөр кайсы тилде, канча тилде экенинин бала үчүн мааниси жок.
Бала 5 жашка келгенде башка тилдерди үйрөнүү жөндөмдүүлүгү күчөйт. Анткени дал ушул куракта алар сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү тез эсине сактап кала алат.
5-9 жаш аралыгында баланын мээси кайсы гана тилди болбосун бат кабыл алат. Мына ушул курактагы бала чоңдорго караганда башка тилдерди бат үйрөнөт.
Ал эми 10-12 жаштагы баланын мээсинин кабыкчалары ката баштайт да, үйрөнгөн нерсесин тез эле унутуп кала турган болот. Мындан улам балага чет тилин үйрөтүүнү канчалык эрте баштаса, ошончолук тез үйрөнөт деген жыйынтык чыгарууга болот.
Тилдерди чаташтырып салат деп тынчсыздануунун кажети жок. Бала 3 жашынан баштап эле тилдердин айырмасын биле баштайт да, зарылдыкка жараша ошол тилди колдоно берет.