Наргиза: «Апамдын айынан бактылуу жашоом талкаланды»
— Мен апамдын тун кызымын. Иним, анан сиңдим бар. Атабызды билбейбиз. Себеби апам атам менен биз ѳтѳ кичинекей кезде эле ажырашып кетиптир. Учурда үйдѳ эмес же Чүйдѳ эмес болуп, бой жетип келаткан кызым менен батирлеп жүрѳм. Себеби турмушумдан ажырашып кеткем, апам менен болсо бир бѳлмѳгѳ батыша албайм.
Курбу-курдаштарымдын баары орун-очок алып, жашоолору бир калыпка түшүп калган кез. Алардан артта калып, бактысыз болушумдун себепкери – апам. «Энесин жамандаган кандай неме?!»- деп ойлооруңуз анык. Бирок биздин чындык ушундай. Баарын башынан айтып берейин. Менин тагдырым, балким, ажырашууну ойлонуп жүргѳн акылсыз, жаш келиндердин оюн ѳзгѳртүп, жашоосун сактап калар…
***
Жолдошум экѳѳбүз студент кезде табышып, кѳп ѳтпѳй баш коштук. Үйгѳ колум кур кирбей күн сайын белек алган бактылуу күндѳр болду. Апама жигитим берип жатканын айтып, кубанычымды жашырган жокмун. Ал ашык кеп сурабай мындай мамилеге олуттуу кароо керектигин айтты. Азыр ойлосом апам белектердин баасына карап жолдошум бардар жерден экенин аңдаса керек.
Жаңы турмушка кѳнүү оңой болгон жок. Чоң үй-бүлѳгѳ келин болуптурмун. Үй толо киши, келген-кеткендери да кѳп. Баарына тамак жасоо, дасторкон жайып, жыюу эле канча жумуш. Андан калса байлардын жашоосу башкача болот экен. Кийимден баштап, кашыктын коюлушуна чейин ѳзгѳчѳ. Менин жаштыгымды, кѳп нерсени билбегенимди туура түшүнүп, кайненем баарын үйрѳтүп, кыздарын жардамдашкыла деп кошо жумшап мени колдоп турду. Ошентсе да окуум, үй иши, кѳп узабай кош бойлуулуктун азабы кошулуп абдан чарчачу болдум. Үйдѳн узап кеткенден кийин апам менен 3-4 айдан соң жолугуштум окшойт. Сагындым деп окуу жайыма келиптир. Мен да сагынып жүргѳн элем. Абдан кубандым. Экѳѳбүз ашканага кирип тамактанганча далайга сүйлѳшүп отурдук. Апам жашоом кандай ѳтүп жатканына кабатырланса керек, ал-жайымды сурап бүтпѳйт. Мен да болгонун болгондой айтып бердим. Уйкум канбай жүргѳн жаным улам-улам эстенип, аны ого бетер түйшѳлттүм окшойт. Баса, ошол маалда чѳнтѳк телефон деген борборго жаңы келип жаткан эле. Апам да жаңы алыптыр. Коштошорубузда «сен да эптеп телефондуу болсоң жакшы болот эле. Жолугушпасак да бат-баттан сүйлѳшүп, ал-жай сурашып турганга» деди. Менин телефондуу болсом деген эңсѳѳм заматта орундалып, жолдошум алып берди.
***
Азыр ойлосом балакеттин баары ушул телефондуу болгондон кийин башталыптыр. Апам мага бир күндү кур койбой чалат. Бирде алсам, бирде колум бошобой албай калам. Андайда «атайын чалсам албайсың. Эмне болду деп сарсанаа болуп тынч отурбай калдым. Ой, ѳзүң бир чалып абалыңды билдирип турсаң боло» деп таарынат. Андан аркы маегибиз кайталанма. Канчада турганымды, канчада жатканымды, кимдер келгенин, эмне тамак бергенибизди, айтор, эч нерсени калтырбай сурайт. Чынын айтсам, апамдын тескѳѳсүнѳн бат эле тажап кеттим. Бир чети кайын журтумдан уялам. Сурабаңыз десем дагы балээге калып, таарынтып алам.
Наристебиз жарыкка келген соң коноктор баягыдан да кѳбѳйдү. Ѳмүрү бала кармап кѳрбѳгѳн жаным ѳз балама ѳзүм кѳнүп, бир нукка түшмѳгүм кыйын болду. Түйшүгүмдүн кѳп болуп жатканы аябай арыктап кеткенимден маалым болуп калды. Мени кѳргѳн ар бир адамдын арыктыгым тууралуу айта бергенинен тажап да бүттүм. Бул маалда апам мени үйгѳ чакыра баштады. «Ай, балаңды ал да, үйгѳ кел. Кичине эс ал. Алдагынтип жүрѳ берсең бир күнү кулап каласың. Жаныңды кара, ѳзүңдү ая»,- дейт. Кайненеме бир чын, бир калп шылтоолорду айтып жѳнѳп калам. Ырас, тѳркүндѳ жүрүү кадимкидей эс алдырат. Уйкумду кандырып, сууга түшүп, кичине бут сунуп жатып бир-эки күндѳ кайра үйгѳ келип калам. Бирок бул үчүн кайненем «тѳркүнү жакындын тѳшѳгү жыйылбайт» деп какшык жылдыра баштады. Анын какшыгын укканча деп ѳзүмдү тыйып, баягыдай бара берүүнү азайттым.
***
Бир күнү апам үйгѳ беймаал келип калды. Маселени кабыргасынан коюп, «менин кызым дипломун чаң бастырбай иштеши керек» деди. Апам мага бир-эки курдай бул теманы козгогондо ѳзүм азырынча иштегим келбей турганын айткан элем. Анан минтип айтпай-дебей келип шарт койгону үчүн кайын-журтумдун алдында абдан ыңгайсыз болдум. Күйѳѳм ошол эле жерден мени чакырып чыгып, «иштегиң келсе энеңе эмес, мага айтсаң болот беле?» деп зекиди. Кайненем менен кайнатам да бул кырдаал үчүн дал болушту. Айтор, ал күнкү башымды жерге салганым унутулбай калды. Апам: «Кызым казан-аягыңарды жакшы эле жууду. Бирок мен аны казан жууш үчүн эмес, иштеш үчүн окуткам. Олчойгон окуу акысын тѳлѳгѳм. Эми минтип жоолукту баса салынып отуруп калганы жакшы эмес»,- деп далай кеп айтты. Апам кетери менен үйдѳгүлѳрдүн мага мамилеси бузулуп, кабактары түйүлдү да калды. Бул үчүн апам экѳѳбүз урушуп кеттик.
Эне-бала урушуп канчага бет карашпай коймок эле. Кайра эле бири-бирибизди кечирип, сагынышып калдык. Бирок мен апама балам чоңойгончо иштебей турганымды катуу эскерттим. Тилекке каршы, бул маалда кайненем мени мурдагыдай кѳрбѳй калган. Какшыгы кѳбѳйүп, керек болсо кагып-силкүүдѳн да кайра тартпайт. Күйѳѳм болсо «апама барып келейин» деген кепти уккусу жок. Мурда машинеси менен ѳзү жеткирип келсе, эми жеткирмек турсун жибербей да коёт. Жиберсе да такси менен гана кетем.
Жашоомдогу бул абалдар да апама маалым болду. Ал мени аяганын, түйшүктүү жашоомдон санаасы тынбай калганын саймедирейт. Бир күнү да апамдын чакыруусуна бара албай, жолдошума таарынып калдым. Апама киши келип бара албай калганымды айтсам, «малай болуп жүрүп ѳтмѳй болдуң. Кебетеңе бир карабай калдың. Жасаба, ал үйдѳгү оокат сага эле керек бекен?! Коногун ѳздѳрү тосуп, ѳздѳрү узатсын. Жаныңды кара» деди. Ошол күнү кайненем конокторун жалгыз узатты. Мен кызымды да бѳлмѳдѳн чыгарбай бекинип жатып алдым. Кийин мындай кѳрүнүш кѳп кайталанды.
***
Бир күнү апам конок тосом дегенинен эч кимге айтпай кетип калдым. Кеч болуп кеткенинен жолдошумду алып кет десем макул болбой, уруша кеттик. Ал мага телефондон «биротоло келбе» деди. Ачуум менен мен да «барбайм» дедим. Апам «келип алып кетмейинче кетпе» деп чыкты. Бири-бирибизге тирешип отуруп жарым ай ѳттү, бир ай ѳттү. Мен жашоомдон санааркай баштадым. Апам болсо «алардын оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрүп ѳтѳт белең. Барбасаң барбай эле кой. Ичиме баткан сыртыма да батасың. Андан кѳрѳ дипломуңду кор кылбай иште» деп мени “колдоп” жатты. Эх, акылым аз, жаш болуптурмун. Диплом – күйѳѳ, жумуш – бүлѳ болуп бербесин ошондо аңдасам эмне! Апамдын айтканына макул болуп, заматта жакшынакай жашоом кыйраптыр да!
***
Ошентип, апама кызымды каратып коюп иштеп кеттим. Жумуш менен алышкан күндѳр башталды. Жолдошум ишиме келип жарашууну нечен кайталап суранды. Ар бир сѳзүндѳ апама нааразы. Анын апамды күнѳѳлѳгѳнү мага чоң шылтоо болду. Ошого таарынып жарашууга караманча каршы болуп туруп алдым. Бир чети кызыгуу менен киришкен ишимден четтеп калгым келген жок. Апамдын кеңеши менен кызымды атасы баш кылып кайын журтумдан бир да жанга кѳрсѳтпѳй койдум. Ошентип, эки-үч жылдай убакыт кѳз ачып, жумганча ѳттү. Акыры күйѳѳм менден биротоло түңүлдү окшойт, үйлѳнүп алды. Анын жаңы жашоо баштаганын уккан күнү ааламым аңтарылып жатып калдым. Ошондо гана эсиме келип, жакшынакай жашоомду бузуп алганымды билдим. Эси жок эрке, обу жок кѳк бет аял болгонумду сездим. Жолдошума калп каадаланып, намыс дебей тѳркүнүмдѳ жатканым уят иш болгонун түшүнүп, чачымды жулдум. Бирок баары кеч болуп калды.
Зымырап жылдар ѳтүп жатат. Жалгыздыктагы жашоомду жектеп же андан качып кетчү жолду таппай жашап жүрѳм. Бир кезде сүйүп киришкен жумушумдун да кызыгы тарады. Кызым болсо бой жетип келатат. Анын атасыз ѳсүп жатканын кѳрүп зээним кейийт. Атасы тууралуу кеп козгогону мен үчүн абдан оор. Андайда башымды жерге салып, жоопторум чаржайыт кетет. Ата-баланы ажыраткан менин тоодой күнѳѳм эмеспи. Жок дегенде убагында атасы менен катташтырып койсом болмок деп бармагымды кесе тиштейм. Атасы анда-санда бир абалын сурап турса да жеңил болот беле. Ал эми апама келсек, азыр анын мени менен, кызым менен иши да жок. Турмушумду бузганын айтсам, “ажырашкан аял жалгыз сен эмессиң. Эриң жанталашып катын алып кеткенине мен күнѳѳлүүмүнбү? Мен деле ѳлүп кетпей үчѳѳңдү жалгыз чоңойтком. Бир кызды бага албай жатасыңбы?” деп башканы сүйлѳйт.
Мен го, болору болдум деп ичтен тынып калдым. Эми апамдын азыркы кылыгына тикеден тик туруп каршы чыгып жаткан кезим. Себеби апам кѳнгѳн адатын карматып жаңы турмушка чыккан сиңдимдин жашоосу менен алышып жатат. Баягысы баягы бойдон. Телефон чалып жанын койбойт, үйгѳ чакырып алып жашоосунун ийне-жибине чейин сурайт. Мунун арты жакшылыкка алып барбасын экѳѳнѳ тең какшап отурган кезим. Сиңдиме “үйүңдүн ичиндеги бир да нерсе сыртка чыкпашы керек” деп кулагына куям. Бирок эжеден кѳрѳ эненин кеби баары бир ѳтүмдүү экен да. Анын үстүнѳ жанын койбой эле сурап жатса айтпай койбойт экен. Сиңдим кир жууганын айтса, апам “байкуш кызым суу чыкпаган жерде казанга суу жылытып кир жууп куурады” деп бир күн кечке сүйлѳнѳт. Себеби сиңдим жаңы конушта жашайт. Бир күнү огороддон чѳп жулуп келгенин айтты эле, “эркектин ишин кылба. Аялдын орду үйдѳ. Ѳзүңдү сүйгѳндү бил. Шаарга кел, салонго алып барам” деп чыкты. Сиңдиме чалып келтирбей койдум. Эми мындай окуялар бизде толтура. Анын жашоосу да менин турмушумдай себепсиз бузулуп, кыйын күнгѳ туш келип калбаса экен деп тилеп жүрѳм.