Негизгиге Ааламда АКШнын тарыхындагы эң кары президент Джо Байден

АКШнын тарыхындагы эң кары президент Джо Байден

261

Ушул тапта АКШ эли өлкөнүн тарыхындагы эң кары ажосун шайлады. 7-ноябрда ал атаандашы Дональд Трампты жеңип, АКШнын 46-президенти болду. Карьерасындагы жана жашоосундагы оор жолду басып өткөн Джо Байдендин өмүр таржымалы төмөндө.

Оор сыноолорду жеңген адам
Джо Байден 1942-жылы 20-ноябрда туулган. Атасы эски унааларды оңдоп сатып төрт баласын бакчу. Джо бала кезинде кекечтенчү, бирок ал адатын кийин күзгүнүн алдында поэзия окуп атып калтырганын айтып келет. Биринчи кесиби саясатка ыктаса, экинчи кесиби боюнча юрист. Экинчи кесиби боюнча ал Делавэр штатында мамлекеттик жактоочу болуп жумушка орношкон. Кийин өзүнүн жеке юридикалык фирмасын ачкан. Ажонун жеке жашоосу абдан аянычтуу жана сыноого бай. Биринчи жубайы Нелия Хантер менен 1964-жылдын жаз айында таанышып, эки жылдан кийин баш кошкон. Жубайлар эки уул, бир кыздуу болушкан. 1972-жылы декабрь айында Джо Байден Делавэр штатына сенатор болууга талапкерлигин көрсөтөт. Дал ошол учурда Байдендердин үй-бүлөсүн чоң кырсык баскан. Жубайы үч баласы менен Рождество майрамына камынып, белек алууга баратып жол кырсыгына кабылган. Кызы менен жубайы ошол жерден каза таап, эки уулу оор абалда ооруканага жеткирилет. Балдарымды карайм деп сенатордук талапкерликтен баш тартарда тарапташтары жана жан жөкөрлөрү аны колдоп, карьерасын андан ары улантуусун суранышкан. Жалгыз эжеси болсо балдарын багышуу үчүн үстүнө көчүп келген. Джо кийин экинчи ирет Джилл Джейкобс аттуу мугалим айымга баш кошуп, экөө Эшли аттуу кыздуу болушкан.


Турмуштун экинчи соккусун Байден 2015-жылы тарткан. Улуу баласы Бо баш мээнин рагына кабылып 45 жашында көз жумат. Бул жолу Байден 2016-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярданып аткан кези болчу. Оор соккуга чыдабаган Джо президенттик ат салышуудан убактылуу баш тарткан.


Үй сатып алуу адаты
Ал өзүн орто класстагы Джо, эң карапайым сенатор деп атап келет. Бирок анын үй сатып алуу адаты жаш кезинен бери бар. 20 жашында биринчи жубайы менен  ипотекалык насыя жолу менен бир нече батир алган. Кийин аларды кайра сатып туруп чоң хан сарайга ээ болгон. 1992-жылы ал үйүн сатыкка коюп, 1,6 гектар жер алып чоң үй салдырат. Эл көзүнөн обочолонгусу келген ажо азыркыга чейин ошол үйүндө турат. Бул үйүндө беш уктоочу бөлмө, машыгуучу зал, сауна жана жер төлөдө 20 автоунаа бата турган жайы бар.
77 жылдык тарыхында ал үч ирет президенттикке талапкерлигин койгон. Биринчи жолу 1987-жылы ат салышкан, бирок анда ага “башка талапкерлердин кайрылуу сөзүн плагиаттык жол менен алды” деген айып коюлуп четтетилген. Экинчи жолу 2007-жылы коюп, Айова штатынан 1%га жетпеген добуш алганда өзү артка чегинген.  

Ызы-чуунун арасында жүргөн уулу
Учурда ажонун жалгыз уулу 50 жаштагы Хантер Байден ушул күнгө чейинки репутациясын булгап келген. Атасы Барак Обаманын учурунда вице-президент болуп турган жылдары уулун жакшы кызматтарга коюп, көтөрмөлөгөн. Бирок уулу кызматын так аткарбай баңгизатка аралашып, жүрүм-туруму менен атасын сөзгө калтырган. Биринчи жубайы Кэтлин менен 20 жылга жакын жашап, үч кыздуу болгон. “Хантер ичимдикке, баңгизатка жана аялдарга көп акча коротот” деген жүйө менен жубайы аны сотко берип, экөө 2017-жылы мыйзамдуу түрдө ажырашкан. Экинчи жубайы Меллиса менен жашаганына үч жылдын жүзү болду.
Ушул тапта ансыз да түркүн окуяларга бай Хантердин жашоосун атаандаштары терең казып аткан учуру. Дональд Трамптын жактоочусу Хантердин компьютериндеги маалыматтарды таап алып улам чыгарып атат. Жактоочунун айтымында, Хантер жашы жете элек кыздар менен жыныстык жакындыкта болгон. Аны тастыктай турган видео жана аудио далилдер бар экени айтылат. Джо Байдендин улуу баласы Бо Байдендин карьерасы инисиникине караганда таза болгону маалым. Ал аскер багытында кызмат кылып, кийин көп жыл прокурор болуп иштеген. Анын артында бир уул, бир кызы калган. Ал эми ажонун жалгыз кызы Эшли учурда 39 жашта. Өзүн социалдык кызматкер, модель, актриса катары таанытып жүрөт. Мындан сегиз жыл мурда еврей улутундагы пластикалык хирургга турмушка чыккан.

Катардагы мугалимдиктен биринчи айымга чейин
Жубайы Джилли Байден катардагы үй-бүлөдө туулган. Атасынын тамыры италиялык банк кызматкери болсо, апасы 5 кызды тарбиялаган үй кожойкеси эле. Кыздардын улуусу Джилли мектепте окуп жүргөндө эле англис тилин жакшы көрчү, 15 жашынан баштап ата-энесине жардам берүү үчүн тамактануучу жайда иштеген. 19 жашында курсташына турмушка чыгып, экөө биргеликте тамактануучу жай ачышкан. Төрт жылдык турмушунан кийин экөөнүн жылдызы келишпей ажырашат. Сот процесстери бир жылга созулуп, бирок аягында Джилли үй-бүлөлүк бизнестен өзүнө тиешелүү энчисин ала алган эмес.
Ажырашып аткан учурда ал Джо Байден менен таанышкан. Биринчи көргөндө эле жактырганын жашырбайт. Өзүн сылык, маданияттуу алып жүргөн мырза анын өмүрлүк жолдошу болорун апасына сүйүнчүлөгөн. Ошентсе да өзүнөн тогуз жаш  улуу адамга турмушка чыгууга ашыккан эмес. Анткени эки баласына татыктуу эне боло аламбы деген маселе түйшөлткөн. Качан гана Джо бешинчи ирет колун сураганда макулдугун берген. Экөөнүн үлпөт тою жакын адамдардын коштоосунда гана өткөн. Ал дайыма жолдошун колдоп, президенттикке талапкерлигин коюусун суранып келет. Өзү болсо катардагы колледжде мугалим. “Ак үйгө жеткен күндө деле мугалим бойдон калам. Тескерисинче, бул кесиптин канчалык маанилүү экенин дагы көрсөткүм келет” дегени бар. 69 жана 77 жаштагы жубайлар ушул күнгө чейин сергек жашоо образын карманышат. Зыяндуу адаттардан алыс, спорттун жеңил түрү менен машыгат. Эс алуу күндөрдү неберелердин курчоосунда өткөргөндөн ырахат алышат.

Аймээрим Курбаналиева




СоӊкуАлмаз Шаадаев: 2021-жылы үйлѳнѳм деп турам
КийинкиСезим: Ата-энемди жинди суудан кантип куткарам?