Шоу-бизнестеги бойдок мырзалардын катарын толуктаган Алмаз Шаадаев кѳптѳгѳн сулуулардын жүрөк оорусу. Турмуш куруу тууралуу ойлонуп жүргөн мырза менен жеке жашоосу, сүйүү тууралуу баарлаштык.
— Алмаз мырза, акыркы кездери жалаң эле муңдуу чыгармаларды жаратып калдыңыз окшойт.
— Мындай ырлардын мазмуну жан дүйнөмдөгү абалга эч тиешеси жок. Табиятымдан өтө позитивдүү адаммын. Болгону, элге муңдуу ырлар жагат экен, ушул нерсени байкап, ушундай ырларды көбүрөөк ырдап калдым.
— Сиздин аткарууңуздагы «Эми мага баары бир» деген ыр 28 миллиондон ашуун көрүү чогулткан жалгыз чыгарма болду. Мындан канча каражат таптыңыз?
— Акыркы эки жыл ичинде бул ыр үчүн квартал сайын 1000 доллардан алып келем. Азыр өзүмдүн каналымды ачып, андан да киреше таба баштадым.
— Тойлордо ырдай берип сахнада ырдоону сагынасызбы?
— Пандемия учурунда үйдө болуп, бир сыйра ооруп айыктым. Учурда элдин жакшылыгында кызматта жүрөм. Мурдагыдай күнүнө 8-9 той болбосо дагы эки-үчтөн тойго барып жатабыз. Чындыгында, сахнада ырдоону, эл-жер кыдырып концерт бергенди абдан сагындым.
— Сиздин бир кыз менен түшкөн сүрөтүңүзгѳ “сүйүктүүсүн тапты” деген жазуу колушуп интернет желелеринде желдей тарады, бул кептин чындыгы барбы?
— Ал кыз менин сүйүктүүм эмес. Ошондо бир жолу жолугуп сүрөткө түштү эле. Менин артымдан хайп жаратып алды десем болот. Эгерде сүйүктүүмдү тапсам, биринчи өзүмдүн баракчама чыгарат элем.
— Негизи эле хайп деген нерсеге көп илинесиз, өзүңүзгө жагабы?
— Бул нерсе мага жакпайт. Хайпты атайын кылып, таратып жиберейин деп да ойлонбойм. Элиме жакшы ырларым менен, клиптерди тарттырып тартуулап турсам болду. Жүргөн-турганым элдин талкуусуна түшүп турганына бир чети сүйүнөм. Мага эч ким кызыкпай койсо эмне кылат элем? Элдин көңүл чордонунда болгонум иштеп жатканымдан кабар берсе керек.
— Досторуңуздун биринин концертинде бир кызды жандап келип, бирок камерадан качырып тарттырбай койдуңуз эле. Ал кыз ким?
— Азыр мен жашмын, бойдокмун. “Концертке алып албайсызбы, Алмаз байке” деген карындаштардан бирөөнү ээрчитип алсам керек.
— Улам бир кыз менен чыга бергениңиз сизди сырттан жактырып жүргөн кыздардын көңүлүн калтырбайбы? Кандай деп ойлойсуз?
— Күйөрмандарым мени эмес, менин чыгармачылыгымды жакшы көрөт болушу керек. Мени жакшы көргөндөн пайда жок. Ырчы катары эле баалашса, ошол мага жетиштүү. Мага “Алмаздын ырлары жагат” деген эле сөз керек.
— Кызсайкал Кабылова менен ырдаган дуэтте да «жарашып калат экенсиңер, үйлөнүп алгыла» дегендер көп болду эле. Бул тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?
— Кызсайкал менин карындашым. Анын бир байкеси менин досум. Мага агасындай мамиле кылат. Чыгармачылыкта жүргөн он жылда бир да ирет ырчылар менен дуэт аткарып көргөн эмес экенмин. Жети өлчөп бир кесип туруп, биринчи жолу карындашым менен дуэт ырдадым. Ырыбыз бир күндө эле жарым миллион көрүү топтоду.
— Сүйүүсүн арнаган күйөрман кыздар болсо керек?
— Ооба, сүйүүсүн арнагандар болот. Майрамдарда белектерди беришет. Азыр интернет өнүгүп калбадыбы, социалдык тармактардан кат жиберишет, жооп бербей калсаң 200 СМС жазып ийишет.
— Өзүңүз жашоодо чоң сүйүүгө кабылдыңыз беле?
— Чынын айтканда, жашоодо баш айланткан чоң сүйүүгө кабылып көрө элекмин. Эгер сүйүп калсам үйлөнүп жаным тынат. Чыныгы сүйүү болсо эч нерсесине карабай үйлөнөм. Бүгүнкү күнү ошондой сүйүү күтүп жүрөм. Кыздар менен сүйлөшүп көрүп жылдызыбыз келишпесе, ортодо түшүнүү болбосо, “кой, башкасын карайын” дейм. Өзүм сүйүүгө туруктуумун. Кудайым буйруп жакшы кызга жолуксам деп тилек кылам.
— Эркек кишинин жашы отуздан өткөндө кыз жакпай, тандай баштайт дешет. Эртерээк үйлөнүп албаганыңызга өкүнбөйсүзбү?
— Туура, бул маалда аябай карап калат экенсиң. Бир жери жакпай калса эле сүйлөшүүгө каалооң бат өчөт экен. Антсе да эрте үйлөнүп албаганыма өкүнбөйм. Себеби мен азыр ѳзүмѳ абдан жаккан сонун доордо жашап жатам. Отузда болсом дагы жаш көрүнөм. Чыгармачылыгымды бир калыпка салып алдым.
— Мамиледе эмнени талап кыласыз? Сиз үчүн идеалдуу мамиле кандай болот?
— Менин талабым деле жок. Башкысы, адамгерчиликтүү, жөнөкөй, жылдыздуу, акылдуу жан болсо дейм.
— «Үйлөнсөм жубайымды элге көрсөтпөйм» деп айтканыңыз бар, себеби?
— Ооба, үйлөнсөм жубайымды элге көрсөтүүнү каалабайм. Акыркы убактарда ата-эне, бир туугандарымды да интернет булактарына чыгарбай калдым. Апам көчөдѳ, базарда жүрсѳ “Алмаз Шаадаевдин апасы” деп көрсөткөндөр болот экен. Ошого алардын тынч жашоосун каалап калдым. Буюрса, үй-бүлө курсам деле жубайымдын сүрөтүн чыгарып жарнама кылбаганга аракет кылам. Жеке жашоомду тынч эле кармагым келет.
— Кыялыңыздагы кызды тапсаңыз үйлѳнүүгѳ даярсызбы?
— Досум Аваз Акимовдун инисинин үйлөнүү тоюнда досумдун галстугун ыргытканда тосуп алгам. Жакшы ниет менен ырым кылып илип койдум. Эми ѳзүмө беш айда үйлөнүшүм керек деп убакыт бердим. Буюрса, сүйүктүүмдү жолуктурсам 2021-жылдан калбай үйлөнөм. Үйдөгүлөр деле “качан?” деп айта башташты. Эгерде жагымдуу жаңылык болуп калса элиме сүйүнчүлөйм..
Айгерим Токтобай кызы