Аяна: “Элдин берген тамагын ичип, кийимин кийип күнүбүз өтүп жатат”
Эки балалуу жалгыз бой эне Аяна кепедей болгон бир жерде эки чиедей баласы менен күн көрүп жатат. Жолдошу менен ажырашканына бир жылдын жүзү болуптур. Туугандарынан жардам болбогондуктан, элден суроого аргасыз болуп турат.
Элсом номери: 0705 63 89 76
“Жашообуз башынан эле оор болчу”
Менин түбүм Токтогул району, бирок Таш-Көмүр шаарында балалык чагым өткөн. Жашым 31де. Негизи, биз үй-бүлөдө алты бир тууган болчубуз, бир иним 14 жашка чыкканда көмүр басып калып каза болуп калып, бешөөбүз калганбыз. Мен алардын эң улуусумун. Үчөөбүз турмушка чыкканбыз. Атам экинчи топтогу майып. Өрүк гүлдөгөн кезде оорусу кармай баштайт. Ал учурда эмне кылып жатканын билбей, өзүн көзөмөлдөй албай калат. Ошол себептен азыр дайыма дары менен жашайт. Дарысын ичпей калса же кабатырланып койсо эле оорусу козголуп, көздөрү кызарып кетет. Негизи, мындай оору атамдын тукумунда бар экен. Оорусун билгеним үчүн атама көйгөйүмдү айтып барып ойлондурбаганга аракет кылам. Апамдын дагы ден соолугу начар, белинде грыжасы бар, операция да болгон. Оорусуна байланыштуу оор көтөрө албайт. Биз кичине кезибизде апам жалган жалаа менен беш жыл түрмөгө отуруп чыккан. Ошондо акча-тыйын керек болуп үйүбүздү сатууга мажбур болгонбуз.
Азыр ата-энем Таш-Көмүрдө туугандарыбыздын үйүндө турушат. Атамды болсо оорусуна байланыштуу эч ким жумушка алчу эмес. Биздин жашообуз ошондо эле оор болчу. Балалык кезибиз жарым каптан көмүр сүйрөп, пирожки жасап сатып нан табуу менен өттү. Ушундан улам эч бирибиз мектепти аяктай алган жокпуз. Мен 4-класска чейин эле окусам, сиңдилеримдин беш, алты жылдык билимдери бар. Бизден кийинки инибиз жадакалса мектептин босогосун аттаган жок. Кичүүбүз гана учурда 7-класста окуп жатат.
“Турмушка чыксам жашоом өзгөрөт деп ойлочумун”
22 жашымда жолдошум ала качып кетип отуруп калдым. Оюмда турмушка чыксам эле жашоом жакшы жакка өзгөрөт деген үмүтүм бар эле. Экөөбүз бутубузга турабыз деп Орусияга иштеп кеттик. Бат эле менин боюма бүттү. Жакшы жашоодон үмүт кылган тилегимди таш каап, ошондо жолдошумдун ичкиликке жакын адам экендигин билдим. Ал дагы ичкиликке организми көнүп калганын, таштай албасын айтты. Муну угуп алып тагдырыма нааразы болуп ыйладым. Бирок курсактагы баламды ойлоп намыстанып жашоомду улоону чечтим. Ошентип, мен кээде эле күнүмдүк жумуштарга чыкпасам, көбүнчө үйдө отуруп, жолдошум болсо курулуш жаатында иштеп жүрдү. Ай-күнүм жакындаганда төрөп келүүм үчүн жолдошум мени Кыргызстанга жиберди. Келип өзүнчө батирге чыктым, жолдошум акча салып турду. Ошентип жүрүп уулдуу болдум. Уулума үч ай болгондо жолдошумдун эбак эле башкага үйлөнүп алганын, анысы кош бойлуу экендигин билип кетип калгам. Арадан алты жыл өтүп уулум чоңоюп калганда жашоосу жакшырып калса баласына жардам береби деген максатта издедим. Көрсө, ал турмушу дагы болбой калыптыр. Экөөбүз сүйлөшүп дагы бир жолу жашообузду алып кетүүгө аракет кылып көрмөй болдук. Тилекке каршы, жолдошум оңолмок түгүл биротоло “жинди суунун” түбүнө түшүп алыптыр. Ошондо жашообуздун болбостугуна чындап көзүм жетип, кош бойлуу экендигиме карабай кайра кайрылгыс болуп ажырашкам.
“Үйгө барсам балдарыма атамдын колу тиеби деп корком”
Азыр улуу балам 1-класста окуса, кызыма, болгону, беш ай болду. Эч жерде каттоом жок, ошондуктан балдарыма жөлөк пул да ала албайм. Жолдошум жардам бермек түгүл, кызын келип көргөн жок. Азыркы жашаган батирдин полу цемент, кышкысын абдан суук болот. Эшиктери дагы толук жабылбайт. Уулум кусуп, көңүлү айланганда доктурга алып барсам ичиндеги курт чоңоюп кеткендиги үчүн ушундай болуусу мүмкүн экендигин айтып, кымбат дарыларды жазып берди. Эми аларды он күн ичип кайра текшерүүгө алып барышым керек. Эми ага да каражат керек. Кээ бирлер ашказанда жара болуусу мүмкүн экендигин айтып жатышат. Чындыгында, биз ачка калып калган күндөрүбүз көп эле болгон. Ушундан улам жара болушу да толук ыктамал. Жүрөгүндө да тешик бар. Бизге азыр жардам берер киши жок. Эки сиңдимдин тең бирден балдары оорукчан, алар өздөрү эптеп күнүн көрүп жашап жатышат. Айылга ата-энемдин жанына бара албайм. Барсам атамдын оорусу кармаган учурда балдарыма колу тиеби деп корком. Ушул күнгө чейин элдин берген тамак-ашын ичип, кийимин кийип жашап жүрөбүз. Аларга ыраазымын. Жума күндөрү мечиттерге чыгып кайыр да сурайм. Негизи, өзүм турмушка тың элемин, колумдан баары келет. Азыр деле иштейин дейм, бирок кичинекейим ыйлаак, менден башкага көнбөй жатат. Кыштан аман-эсен чыгып эптеп март айына чейин жетип алсам, андан кийин балдарымды таажеңеме таштап коюп Орусияга барып иштейин деп жатам. Ошондуктан мага убактылуу жардамдашып, азыркы кыйын кырдаалдан чыгарууга жардам берип коюңуздарчы?!
Аянанын Элсому: 0705 63 89 76
🖊️ — Айгерим Токтобай кызы